Матай 3:1-17 KYB2004 - Bible AI

1Бир нече жылдан кийин чөмүлдүрүүчү Жакан келип, Жүйүт жериндеги ээн талаада мындай деп жар сала баштады:

2«Тобо кылгыла! Анткени Асман Падышачылыгы жакындап калды».

3Жакан жөнүндө Ышайа пайгамбар: «Теңирге жол даярдагыла, Ал үчүн жолду түздөгүлө деп, ээн талаада жар салган үн угулат», – деп айткан.

4Жакан болсо төөнүн жүнүнөн кийим кийип, белине кайыш кур курчанып жүрчү. Жегени чегиртке менен жапайы бал эле.

5Ошондо Иерусалимдеги, Жүйүт аймагындагы жана Иордан дарыясынын айланасындагы элдин баары ага келип,

6күнөөлөрүн моюндарына алып, ачык айтып жатышты. Жакан аларды Иордан дарыясында сууга чөмүлдүрүп жатты.

7Чөмүлдүрүлүү үчүн келе жаткан бир топ фарисейлер менен садукейлерди көргөндө, Жакан мындай деди: «Жылан тукумдары! Кудайдын келечектеги каарынан качып кутулууну силерге ким айтты?

8Тобо кылганыңарды иштериңер аркылуу көрсөткүлө!

9“Биздин атабыз – Ыбрайым”, – деп ойлобой эле койгула. Силерге айтып коёюн, Кудай Ыбрайымга мына бул таштардан да балдарды жаратып бере алат.

10Балта дарактардын тамырынын жанына коюлган. Демек, жакшы жемиш бербеген ар бир дарак кыйылып, отко ыргытылат.

11Мен силерди тобо кылуу чөмүлдүрүүсү менен сууга чөмүлдүрүп жатам, бирок менин артымдан Келе Жаткан менден күчтүү. Мен Анын бут кийимин көтөрүп жүрүүгө да татыксызмын. Ал силерди Ыйык Рухка жана отко чөмүлдүрөт.

12Анын күрөгү Өз колунда, Ал Өз кырманын тазалап, буудайын кампага жыйнайт, ал эми саманды өчпөс отко салат».

13Ошондо Ыйса Жакан тарабынан сууга чөмүлдүрүлүү үчүн, Галилеядан Иорданга келди.

14Жакан Аны токтотуп: «Мени Сен чөмүлдүрүшүң керек эле. А Сен болсо мага келе жатасыңбы?» – деди.

15Бирок Ыйса ага: «Азыр ушундай кылууга жол бер, анткени ар бир адилеттүү ишти ушундайча аткарышыбыз керек», – деп жооп берди. Ошондо Жакан Ага жол берди.

16Чөмүлдүрүлөрү менен Ыйса суудан чыкты. Ошол учурда (Жакан) асмандын ачылганын жана Кудайдын Рухунун көгүчкөн сыяктуу Ага түшүп келе жатканын, Анын үстүнө түшкөнүн көрдү.

17Ошондо асмандан «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын» деген үн угулду.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>