1Ошондон кийин Ыйса шайтан тарабынан сыналуу үчүн, Рух аркылуу чөлгө алынып барылды.
2Ал кырк күн, кырк түн орозо кармап, акырында ачка болду.
3Ошондо азгыруучу Ага жакын келип: «Эгерде Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда мына бул таштарга нанга айланууну буйру!» – деди.
4Ыйса ага:
5Ошондо шайтан Аны ыйык шаарга алып барып, ийбадаткананын төбөсүнө тургузуп, мындай деди:
6«Эгерде Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда боюңду таштап жибер. Анткени Ыйык Жазууда: “Ал Өзүнүн периштелерине буйрук берет. Сен бутуңду ташка уруп албашың үчүн, алар Сени колдоруна көтөрүп кетишет”, – деп жазылып турат».
7Ыйса ага:
8Шайтан кайрадан Аны алып, абдан бийик тоого чыгарды да, дүйнөдөгү бардык падышачылыктарды жана алардын атак-даңкын көрсөттү.
9Анан Ага: «Алдыма жыгылып, мага таазим кылсаң, ушунун баарын Сага берем», – деди.
10Ошондо Ыйса ага:
11Ошондо шайтан Ыйсанын жанынан кетти. Периштелер келип, Ыйсага кызмат кыла башташты.
12Ыйса Жакандын камакка алынганын угуп, Галилеяга кетти.
13Ал Назарет шаарында калбастан, Забулун жана Напталы дубандарына, Галилея көлүнүн жээгиндеги Капернаум шаарына жайланышты.
14Бул Ышайа пайгамбар аркылуу «Деңизди карай кеткен жолдогу Забулун жана Напталы жери, Иордандын наркы өйүзүндө жашаган бутпарастардын Галилеясы,
16караңгычылыкта жашаган эл улуу жарыкты көрдү, өлүм көлөкөсү баскан өлкөдө жашагандарга жарык жаркырады» деп айтылган сөздүн аткарылышы үчүн болду.
17Ошол убакыттан тартып, Ыйса мындай деп жар сала баштады:
18Ал Галилея көлүнүн жанынан өтүп бара жатып, Петир деген да ысым коюлган Шымонду жана анын бир тууганы Андрейди көрдү. Бул эки бир тууган көлгө тор ыргытып жатышкан, анткени алар балыкчылар эле.
19Ыйса аларга:
20Алар ошол замат торлорун таштап, Аны ээрчип жөнөштү.
21Ыйса андан ары кетип бара жатып, башка эки бир тууганды, Зебедейдин уулдары Жакып менен Жаканды көрдү. Алар атасы Зебедей менен бирге кайыкта торлорун оңдоп жатышкан. Ыйса аларды да чакырды.
22Алар ошол замат кайыкты да, атасын да таштап, Аны ээрчип жөнөштү.
23Ыйса бүт Галилеяны аралап, синагогаларда элди окутуп, Асман Падышачылыгы жөнүндө Жакшы Кабар таратып, адамдардын ар кандай ооруларын жана кеселдерин айыктырып жүрдү.
24Ошондо Ал жөнүндө бүт Сирия эли угуп, Ага бардык оорулууларды: ар түрдүү кеселге жана дартка чалдыгып кыйналгандарды, жин оорулууларды, элирме оорулууларды, шал оорулууларды алып келип жатышты. Ыйса болсо аларды айыктырып жатты.
25Галилеядан, Декапол дубандарынан, Иерусалим шаарынан, Жүйүт аймагынан жана Иордан дарыясынын наркы өйүзүнөн келген топ эл Ыйсанын артынан ээрчип жүрдү.