Матай 5:1-48 KYB2004 - Bible AI

1Ыйса элди көргөндө, тоого чыкты. Ал отургандан кийин, шакирттери жанына келишти.

2Ошондо Ыйса аларга мындай насаат айта баштады:

3«Руху жакырлар бактылуу, анткени Асман Падышачылыгы алардыкы.

4Ыйлагандар бактылуу, анткени алар сооронушат.

5Момундар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат.

6Адилеттикке ачыккандар жана суусагандар бактылуу, анткени алар тоюшат.

7Ырайымдуулар бактылуу, анткени аларга да ырайым кылынат.

8Жүрөгү таза адамдар бактылуу, анткени алар Кудайды көрүшөт.

9Тынчтык орнотуучулар бактылуу, анткени алар “Кудайдын уулдары” деп аталышат.

10Чындык үчүн куугунтукталгандар бактылуу, анткени Асман Падышачылыгы алардыкы.

11Мен үчүн кордук көрсөңөр, Мен үчүн куугунтукталсаңар, Мен үчүн жалган жалаага калсаңар, бактылуусуңар.

12Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң! Силерден мурунку пайгамбарларды да ушинтип куугунтукташкан.

13Силер жердин тузусуңар. Эгерде туз өз даамын жоготсо, аны кайра кантип калыбына келтиресиң? Ал адамдардын тепсендисине ыргытылуудан башка эч нерсеге жарабайт.

14Силер дүйнөнүн жарыгысыңар. Тоо үстүндөгү шаар жашырына албайт.

15Чыракты жандырып, анын үстүнө идишти көмкөрүп койбойт. Үйдөгүлөрдүн баарына жарык берсин деп, аны чыракпаяга коёт.

16Силердин жарыгыңар да адамдардын алдында так ошондой жаркырап турсун. Алар силердин жакшы иштериңерди көрүп, Асмандагы Атаңарды даңкташсын.

17Мени мыйзамды же пайгамбарлардын сөзүн жокко чыгаруу үчүн келди деп ойлобогула. Жокко чыгаруу үчүн эмес, аткаруу үчүн келдим.

18Мен силерге чындыкты айтып коёюн, асман менен жер жок болмоюнча, бардыгы аткарылмайынча, мыйзамдын бир да тамгасы, бир да белгиси жок болбойт.

19Ошондуктан ким бул осуяттардын эң кичинесин аткарбаса жана башкаларга да ошентип үйрөтсө, ал Асман Падышачылыгында “эң кичинекей” деп аталат. Ал эми ким аткарса жана үйрөтсө, ал Асман Падышачылыгында “улуу” деп аталат.

20Силерге айтып коёюн, эгерде силер мыйзам окутуучулар менен фарисейлерден да адилеттүү болбосоңор, анда Асман Падышачылыгына кирбейсиңер.

21Байыркы мезгилде жашагандарга: “Киши өлтүрбө. Ким киши өлтүрсө, ал жазага тартылат”, – деп айтылганын уккансыңар.

22Мен болсо силерге мындай деп айтамын: бир тууганына жөнү жок ачууланган ар бир адам жоопко тартылат. Бир тууганын “келесоо” деген адам синедрион алдында жоопко тартылат, “акылсыз” деген адам болсо оттуу көлгө түшөт.

23Ошондуктан сен курмандык чалынуучу жайга курмандыгыңды алып келгениңде, бир тууганыңдын сага каршы бир нерсеси бар экени ошол жерден эсиңе түшсө,

24анда курмандыгыңды курмандык чалынуучу жайдын алдына таштагын да, барып, адегенде бир тууганың менен элдеш. Ошондон кийин гана курмандыгыңды алып кел.

25Жолдо бара жатканыңда эле, каршылашың менен элдешип алганга шаш. Болбосо каршылашың сени сотко берет, сот болсо сакчыга тапшырат, ошентип, сени түрмөгө отургузуп коюшат.

26Сага чындыкты айтып коёюн, акыркы кодрантыңды бермейинче, ал жерден чыкпайсың.

27Байыркы мезгилде жашагандарга: “Ойноштук кылба”, – деп айтылганын уккансыңар.

28Мен болсо силерге мындай деп айтамын: аял кишиге кумарлануу менен караган адам өз жүрөгүндө ойноштук кылган болот.

29Эгерде оң көзүң сени күнөөгө түртсө, аны оюп алып, ыргытып жибер. Он эки мүчөң бүт бойдон оттуу көлгө түшкөндөн көрө, мүчөлөрүңдүн биринен гана ажыраганың жакшы.

30Эгерде оң колуң сени күнөөгө түртсө, аны кесе чаап, ыргытып жибер. Он эки мүчөң бүт бойдон оттуу көлгө түшкөндөн көрө, мүчөлөрүңдүн биринен гана ажыраганың жакшы.

31Дагы мындай деп айтылган: “Ким аялын кетире турган болсо, ага талак кат жазып берсин”.

32Мен болсо силерге мындай деп айтамын: ойноштук кылуу себеби менен эмес, башка бир себеп менен аялын кетирген адам аялынын ойноштук кылуусуна себепкер болот; күйөөсү кетирип жиберген аялды алган адам да ойноштук кылган болот.

33Байыркы мезгилде жашагандарга: “Антты бузба. Теңирдин алдында берген антыңды аткар”, – деп айтылганын да уккансыңар.

34Мен болсо силерге мындай деп айтамын: эч качан ант бербе; асманды оозанып ант бербе, анткени ал – Кудайдын тактысы.

35Жерди оозанып да ант бербе, анткени ал – Анын бут коёр жери. Иерусалимди оозанып да ант бербе, анткени ал – улуу Падышанын шаары.

36Башыңды оозанып да ант бербе, анткени бир да тал чачыңды ак же кара кыла албайсың.

37“Ооба” деп айтуу керек болсо, “ооба” дегиле; “жок” деп айтуу керек болсо, “жок” дегиле. Ал эми булардан башкасы амалкөйдөн.

38Силер: “Көзгө көз, тишке тиш”, – деп айтылганын уккансыңар.

39Мен болсо силерге мындай деп айтамын: жамандык кылган адам менен каршылашпа; оң жаагыңа чапкан адамга сол жаагыңды тосуп бер.

40Сени менен соттошуп, көйнөгүңдү алгысы келген адамга сырт кийимиңди да бер.

41Сени өзү менен бирге бир чакырым жол жүрүүгө мажбурлаган адам менен эки чакырым жол жүр.

42Сураганга бер, карыз сураган адамга тескери караба.

43“Жакыныңды сүй, душманыңды жек көр”, – деп айтылганын уккансыңар.

44Ал эми Мен силерге мындай демекчимин: душманыңарды сүйгүлө, силерди каргагандарга батаңарды бергиле. Силерди жек көргөндөргө жакшылык кылгыла. Силерди таарынткандар үчүн жана куугунтуктагандар үчүн сыйынгыла.

45Ошондо силер асмандагы Атаңардын уулдары болосуңар. Анткени Ал Өз күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилеттүүгө да, адилетсизге да жаадырат.

46Силерди жакшы көргөндөрдү гана жакшы көрсөңөр, силерге кайдагы сыйлык? Салык жыйноочулар деле ошентишет эмеспи.

47Эгерде бир туугандарыңар менен гана саламдашсаңар, анда эмне өзгөчөлүгүңөр бар? Бутпарастар деле ошентишет эмеспи.

48Ошондуктан асмандагы Атаңар кандай жеткилең болсо, силер да ошондой жеткилең болгула.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>