Матай 6:1-34 KYB2004 - Bible AI

1Адилеттүү иштериңерди адамдарга көрүнүш үчүн кылуудан сак болгула. Болбосо асмандагы Атаңардан сыйлык албайсыңар.

2Ошондуктан кайыр берип жатканыңда, элге жарыялаш үчүн, сурнай тартпа. Эки жүздүү адамдар элден атак алыш үчүн, синагогаларда, көчөлөрдө ушундай кылышат. Силерге чындыкты айтып коёюн, алар өз сыйлыгын алышты.

3Ал эми сен кайыр берип жатканыңда, оң колуң сол колуңдун эмне кылып жатканын билбесин.

4Кайырды жашыруун бер. Жашыруун кылынганын көргөн Атаң сага тиешелүүнү ачык эле берет.

5Эки жүздүүлөргө окшоп сыйынбагын. Алар адамдарга көрүнүш үчүн, синагогаларда жана көчөлөрдүн бурч-бурчтарында туруп алып сыйынганды жакшы көрүшөт. Силерге чындыкты айтып коёюн, алар өз сыйлыгын алышты.

6Ал эми сен сыйынарда, бөлмөңө кирип, эшигиңди жап да, көрүнбөгөн Атаңа сыйын. Жашыруун сыйынганыңды көргөн Атаң сага тиешелүүнү ачык эле берет.

7Бутпарастарга окшоп ашык сөздөрдү айтып сыйынбагыла. Себеби алар: “Көп сүйлөсөк, сыйынуубуз угулат”, – деп ойлошот.

8Ошондуктан алардай болбогула, анткени эмнеге муктаж экениңерди Атаңар сурай элегиңерде эле билет.

9Силер болсо мындай сыйынгыла: “Асмандагы Атабыз! Сенин ысымың ыйык тутулсун.

10Сенин Падышачылыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң аткарылсын.

11Бизге күнүмдүк наныбызды бер.

12Бизге жамандык кылгандарды кечиргенибиздей, Сен да биздин күнөөлөрүбүздү кечире көр.

13Азгырылышыбызга жол бербе, бизди жамандыктан сакта. Анткени Падышачылык да, күч да, даңк да түбөлүккө Сага таандык. Оомийин”.

14Эгерде силер башкалардын күнөөлөрүн кечирсеңер, анда асмандагы Атаңар да силерди кечирет.

15Эгерде башкалардын күнөөлөрүн кечирбесеңер, анда Атаңар да силердин күнөөлөрүңөрдү кечирбейт.

16Ошондой эле орозо кармаганыңарда, эки жүздүүлөргө окшоп кабагыңарды салбагыла. Алар өздөрүнүн орозо кармап жатканын адамдарга көрсөтүш үчүн, кабагын бүркөп алышат. Силерге чындыкты айтып коёюн, алар өз сыйлыгын алышты.

17Ошентип, сен өзүңдүн орозо кармап жатканыңды адамдарга эмес, көрүнбөгөн Атаңа көрсөтүш үчүн,

18башыңды майлап, бетиңди жуу. Жашыруун орозо кармаганыңды көргөн Атаң сага тиешелүүнү ачык эле берет.

19Жер үстүндө байлык жыйнабагыла. Жерде аларды күбө жейт, дат басат, уурулар үйдүн түбүн казып кирип, уурдап кетишет.

20Андан көрө байлыкты асманга жыйнагыла. Асманда аларды күбө жебейт, дат баспайт, уурулар үйдүн түбүн казып киришпейт да, уурдап кетишпейт.

21Байлыгыңар кайсы жерде болсо, жүрөгүңөр да ошол жерде болот.

22Дененин чырагы – көз. Эгерде көзүң таза болсо, анда бүт денең жарык болот.

23Эгерде көзүң жаман болсо, анда бүт денең караңгы болот. Эгерде сендеги жарык караңгы болсо, анда ал кандай коркунучтуу караңгылык!

24Эч ким эки кожоюнга кул боло албайт. Бирин жаман көрүп, бирин жакшы көрөт; бирине жан-дили менен берилип, экинчисин барк албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кызмат кыла албайсыңар.

25Ошондуктан силерге айтарым: “Эмне ичип, эмне жейбиз?” – деп, жаныңар үчүн; “Эмне киебиз?” – деп, денеңер үчүн түйшүк тартпагыла. Тамакка караганда жан, кийимге караганда дене кымбат эмеспи!

26Асмандагы канаттууларды карагылачы! Алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт, кампага жыйнабайт, бирок Асмандагы Атаңар аларды азыктандырат. Алардан силер канча эсе артыксыңар!

27Кимиңер түйшүк тартуу менен боюңарды бир чыканак өстүрө аласыңар?

28Кийим үчүн эмнеге түйшүк тартасыңар? Талаадагы лилия гүлдөрүнүн кантип өсүп жатканын карагылачы! Алар эмгектенбейт, жип ийрибейт.

29Бирок силерге айтып коёюн, атүгүл, атак-даңктуу Сулайман да булардын бириндей кийинген эмес.

30Бүгүн талаада өсүп турган, эртең болсо отко ыргытыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди алардан артык кийиндирбейби, ишеними аздар!

31Ошондуктан: “Эмне жейбиз, эмне ичебиз?” же “Эмне киебиз?” – деп түйшүк тартпагыла.

32Анткени бутпарастар булардын баары үчүн түйшүк тартышат. Ал эми силердин ушунун баарына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет.

33Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет.

34Ошондуктан эртеңки күн үчүн түйшүк тартпагыла. Эртеңки күн өзү үчүн өзү түйшүк тартат. Ар бир күндүн өз түйшүгү өзүнө жетиштүү.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>