1Айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар.
2Кандай айыптасаңар, силер да ошондой айыпталынасыңар. Кандай өлчөм менен өлчөсөңөр, силерге да ошондой өлчөм менен өлчөнөт.
3Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөйсүң да, бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды көрөсүң?
4Өз көзүңдө дөңгөч турса, бир тууганыңа: “Кел, көзүңдөгү кыпынды алып салайын”, – деп, кантип айтасың?
5Эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, ошондо бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды кантип алып таштоо керектигин билесиң.
6Ыйык нерсени иттерге бербегиле, берметтериңерди чочколордун алдына таштабагыла. Болбосо алар аны тебелеп-тепсеп, анан кайрылып келип, силерди тытып таштайт.
7Сурагыла, ошондо силерге берилет. Издегиле, ошондо табасыңар. Тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат.
8Анткени сураган адам алат, издеген адам табат жана тыкылдаткан адамга эшик ачылат.
9Араңарда нан сураган уулуна таш берген адам барбы?
10Же балык сураган уулуна жылан берген адам барбы?
11Силер жаман болуп туруп, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билсеңер, анда Асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга жакшы нерсени берери анык.
12Ошентип, адамдардын силерге кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла. Анткени мыйзам да, пайгамбарлар да ушуну үйрөтөт.
13Тар дарбаза аркылуу киргиле. Анткени кең дарбаза менен кенен жол өлүмгө алып барат, ал жолдо бара жаткандар көп.
14Ал эми тар дарбаза менен тар жол өмүргө алып барат, ал жолду тапкандар аз.
15Жалган пайгамбарлардан сак болгула! Алар силерге кой терисин жамынып келишет, бирок, чындыгында, алар – жырткыч карышкырлар.
16Аларды жемиштеринен билип аласыңар. Тикенектен жүзүм, уйгактан анжыр жыйнабайт да!
17Ар бир жакшы дарак жакшы жемиш берет, жаман дарак болсо жаман жемиш берет.
18Жакшы дарак жаман жемиш бербейт, ал эми жаман дарак жакшы жемиш бербейт.
19Жакшы жемиш бербеген ар бир дарак кыйылып, отко ыргытылат.
20Демек, аларды жемиштеринен билип аласыңар.
21Мени “Теңир! Теңир!” дегендин баары эле Асман Падышачылыгына кирбейт, асмандагы Атамдын каалоосун аткаргандар гана кирет.
22Ошол күнү көп адамдар Мага: “Теңир! Теңир! Биз Сенин атыңдан пайгамбарчылык кылчу эмес белек? Сенин ысымың менен жиндерди куучу эмес белек? Сенин ысымың менен кереметтерди көрсөтчү эмес белек?” – дешет.
23Ошондо Мен аларга: “Мен силерди эч качан таанычу эмесмин. Менин жанымдан кеткиле, мыйзамсыз иш кылуучулар”, – деп айтамын.
24Ким Менин ушул сөздөрүмдү укса жана аткарса, ал үйүн таштын үстүнө курган акылдуу адамга окшош.
25Шамал согуп, жамгыр төгүп, өзөндөр ташып, ал үйдү каптады. Бирок үй кулаган жок, анткени ал үй таштын үстүнө курулган эле.
26Ал эми ким Менин ушул сөздөрүмдү укса, бирок аткарбаса, ал үйүн кумдун үстүнө курган акылсыз адамга окшош.
27Шамал согуп, жамгыр төгүп, өзөндөр ташып, ал үйдү каптады. Ошондо үй кулап, чоң кыйроого учурады».
28Ыйса бул сөздөрдү айтып бүткөндө, эл Анын окутуусуна таң калды.
29Анткени Ал мыйзам окутуучулардай эмес, бийлиги бар адамдай окутту.