Матай 8:1-34 KYB2004 - Bible AI

1Ыйса тоодон түшкөндө, көп эл Аны ээрчиди.

2Ошондо бир пес оорулуу Ага жакын келип, таазим кылды да: «Теңир! Эгерде кааласаң, мени таза кыла аласың», – деди.

3Ыйса ага колун тийгизип: «Каалайм, таза бол!» – деди. Ал ошол замат пес оорусунан айыгып, таза болуп калды.

4Анан Ыйса ага: «Эч кимге айтпагын! Баргын да, ыйык кызмат кылуучуга көрүнүп, Муса буйруган курмандыкты чал, бул аларга күбөлөндүрүү болсун», – деди.

5Ыйса Капернаум шаарына келгенде, бир жүз башы Ага жакын келип:

6«Теңир! Үйдө менин кулум катуу ооруп, кыйналып жатат», – деп, Андан жардам сурады.

7Ошондо Ыйса ага: «Мен барып, аны айыктырамын», – деди.

8Бирок жүз башы мындай деди: «Теңир! Үйүмө кирүүңө мен татыксызмын. Сен бир ооз сөз айтсаң эле, менин кулум айыгат.

9Анткени мен да бийлик астындагы адаммын, бирок менин кол астымда да аскерлер бар. Алардын бирине: “кет”, – десем, кетет; дагы бирине: “кел”, – десем, келет; кулума: “муну кыл”, – десем, кылат».

10Муну угуп таң калган Ыйса Өзүнүн артында келе жаткандарга мындай деди: «Мен силерге чындыкты айтып коёюн, Ысрайыл жеринен да мындай ишенимди таппадым.

11Силерге айтып коёюн, чыгыш менен батыштан көптөр келип, Асман Падышачылыгында Ыбрайым, Ыскак жана Жакып менен бирге болушат.

12Ал эми Падышачылыктын уулдары сырттагы караңгылыкка ыргытылат. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот».

13Анан Ыйса жүз башыга: «Бара бер, сен ишенгендей болсун», – деди. Кул ошол замат айыкты.

14Ыйса Петирдин үйүнө келип, анын кайын энеси ысытма оорусу менен ооруп жатканын көрдү.

15Ыйса Өзүнүн колун анын колуна тийгизери менен, ал ысытма оорусунан айыгып калды. Анан ал аял туруп, Ага кызмат кыла баштады.

16Кеч киргенде, Ыйсага жин оорусуна чалдыккан көп кишини алып келишти. Сөзү менен жиндерди кууп чыгарып, Ал бардык оорулууларды айыктырды.

17Бул Ышайа пайгамбар аркылуу айтылган төмөнкү сөздүн аткарылышы үчүн болду: «Ал биздин кеселдерибизди Өзүнө алды, ооруларыбызды алып кетти».

18Ыйса Өзүнүн тегерегиндеги элди көргөндө, шакирттерине көлдүн наркы өйүзүнө сүзүп өтүүнү буйруду.

19Ошондо Ага бир мыйзам окутуучу келип: «Устат! Кайда барсаң да, мен Сенин артыңдан барам», – деди.

20Ыйса ага: «Түлкүлөрдүн ийини бар, асмандагы канаттуулардын уясы бар. Ал эми Адам Уулунун баш калкалар жери жок», – деди.

21Шакирттердин бири Ага: «Теңир! Адегенде атамдын сөөгүн коюп келейин, мага уруксат бер», – деди.

22Бирок Ыйса ага: «Менин артымдан ээрчи. Өлүктөр өлгөн адамдарын өздөрү коюп алышсын», – деди.

23Ыйса кайыкка түшкөндө, шакирттери кошо түшүштү.

24Күтүлбөгөн жерден көлдө чоң толкун башталды. Кайыкты толкун ура баштады. Ыйса болсо уктап жаткан эле.

25Шакирттери Ага келип: «Теңир, бизди сактай көр, чөгүп баратабыз», – деп, Аны ойготушту.

26Ошондо Ыйса аларга: «Эмне мынча корктуңар, ишеними аздар?!» – деди да, ордунан туруп, шамал менен көлгө тыюу салды. Ошондо улуу тынчтык орноду.

27Адамдар: «Шамалды да, көлдү да баш ийдирген бул ким?» – деп таң калышты.

28Ыйса көлдүн наркы өйүзүндөгү Гадара аймагына келгенде, Аны мүрзөлүк үңкүрлөрдүн ичинен жин оорулуу эки адам тосуп чыкты. Алар аябай жаалдуу болгондуктан, бул жолдон эч ким өтө алчу эмес.

29Анан алар: «Кудайдын Уулу, бизде эмне ишиң бар? Сен бизди белгиленген убакыт келе электе эле кыйнаганы келдиңби?» – деп кыйкыра башташты.

30Алардан анча алыс эмес жерде чочколор жайылып жүргөн эле.

31Жиндер Ыйсадан: «Эгерде Сен бизди кууп чыгара турган болсоң, анда бизди чочколорго жиберчи», – деп өтүнүштү.

32Ыйса аларга: «Баргыла!» – деди. Алар бул адамдардын ичинен чыгып, чочколорго киришти. Ошондо чочколор тик жардан көлгө кулап, сууга чөгүп өлүштү.

33Чочко кайтаруучулар болсо качып жөнөштү. Алар шаарга кирип, болгон окуяны айтып беришти, жин оорулуу адамдар жөнүндө да айтышты.

34Ошондо шаардын бүт эли Ыйсаны утурлап чыкты. Аны көргөндө, алар Андан өздөрүнүн аймагынан чыгып кетүүсүн өтүнүштү.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>