1Ошондо Ыйса кайыкка түшүп, кайра Өз шаарына сүзүп келди.
2Бул жерден Ага төшөктө жаткан шал оорулуу бир адамды алып келишти. Ыйса алардын ишенимин көрүп, шал оорулууга:
3Ошондо мыйзам окутуучулардын кээ бирөөлөрү: «Бул Кудайга акарат келтирип жатат», – деп ойлошту.
4Ыйса алардын оюн билип:
5
6
7Ал ордунан туруп, төшөгүн алды да, үйүн көздөй жөнөдү.
8Муну көргөн эл аябай таң калып, адамдарга ушундай бийлик берген Кудайды даңктады.
9Ыйса ал жерден өтүп бара жатып, бажыкананын жанында отурган Матай деген адамды көрүп, ага:
10Ыйса Матайдын үйүндө дасторкон үстүндө отурганда, көптөгөн салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөр келип, Ыйса жана Анын шакирттери менен бир дасторконго отурушту.
11Муну көргөн фарисейлер Ыйсанын шакирттерине: «Эмне үчүн силердин Устатыңар салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен бирге тамактанып жатат?» – дешти.
12Муну уккан Ыйса аларга:
13
14Ошондо Жакандын шакирттери келип, Ыйсадан: «Фарисейлер да, биз да орозону көп кармайбыз, эмне үчүн Сенин шакирттериң орозо кармашпайт?» – деп сурашты.
15Ыйса аларга мындай деп жооп берди:
16
17
18Ыйса аларга ушуну айтып жатканда, бир башчы келип, Ага таазим кылды да: «Менин кызым өлүм алдында жатат. Бирок Сен келип, анын үстүнө колуңду койсоң, ал тирүү калат», – деди.
19Ошондо Ыйса шакирттери менен бирге анын артынан жөнөдү.
20Ошол маалда он эки жылдан бери кан агуудан кыйналып жүргөн бир аял арт жагынан келип, Ыйсанын кийиминин этегине колун тийгизди.
21Ал аял: «Анын кийимине колумду тийгизсем эле айыгып калам», – деп ойлогон эле.
22Ыйса артына бурулуп, аны көргөндө:
23Башкаруучунун үйүнө келгенде, Ыйса чоор тарткандарды жана дүрбөлөңгө түшкөн элди көрүп, аларга: «Бул жерден чыккыла!
24
25Элди чыгарып жибергенден кийин, Ыйса кыз жаткан бөлмөгө кирип, аны колунан кармап тургузду. Кыз турду.
26Ошондо бул кабар ошол аймактагы элдин баарына тарады.
27Ыйса ал жерден өтүп бара жатканда, эки сокур Аны: «Ыйса, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кыл!» – деп кыйкыра ээрчип алышты.
28Ыйса үйгө киргенде, сокурлар Анын жанына келишти. Ыйса алардан:
29Ошондо Ыйса алардын көздөрүнө колун тийгизип:
30Алардын көздөрү көрүп калды. Ыйса аларга:
31Алар болсо ал жерден чыгышты да, ошол аймактагылардын баарына Ыйса жөнүндө жайып жиберишти.
32Алар чыгып бара жатышканда, Ыйсага жин оорулуу бир дудук адамды алып келишти.
33Ыйса жинди кууп чыгаргандан кийин, дудук сүйлөй баштады. Ошондо эл: «Ысрайыл жеринде мындай нерсе эч качан болгон эмес», – деп, таң калып жатты.
34Фарисейлер болсо: «Жиндерди Ал жин башчысынын күчү менен кууп чыгарып жатат», – дешти.
35Ыйса бардык айыл-кыштактарды жана шаарларды аралап, синагогаларда элди окутуп, Падышачылык жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратып, ар түрдүү оорулардан, ар кандай кеселдерден айыктырып жүрдү.
36Элди көрүп, Ыйсанын боору ооруду. Анткени алар койчусу жок койлор сыяктуу жүдөп, мүңкүрөп калышкан эле.
37Ошондо Ыйса шакирттерине мындай деди:
38