1Жүйүт падышалары Жотамдын, Ахаздын жана Хискиянын тушунда морейшилик Михейге Теңирден сөз болду. Ал Самария жана Иерусалим тууралуу көрүнүш көрдү.
2Бардык элдер, уккула, бүт жер жүзү жана анда жашагандардын баары, жакшылап уккула! Кудай-Теңир, Теңир, Өзүнүн ыйык ийбадатканасынан силерге каршы күбө болсун!
3Анткени мына, Теңир Өз ордунан чыгып келе жатат, түшүп келип, жердин бийик жерлеринде басат.
4Анын астында тоолор отто эриген момдой эрийт, өрөөндөр кырдан түшкөн суулардай болуп бөлүнөт.
5Мунун баары Жакыптын мыйзамсыздыгы үчүн, Ысрайылдын күнөөсү үчүн болот. Жакыптын мыйзамсыздыгы ким? Самария эмеспи? Жүйүттүн бийик жерлердеги бутканаларын ким курду?
6«Ошон үчүн Самарияны талаадагы үйүлгөн урандыга, жүзүмдүк өстүрө турган жерге айлантам. Анын таштарын өрөөнгө кулатам, анын негиздерин жылаңачтайм.
7Анын бүт таш буркандары талкаланат, бузуктук тартуулары өрттөлөт, анын бардык жасалма кудайларын кыйратам, анткени ал аларды бузуктук тартуулары менен орноткон, алар бузуктук тартууларына айланат».
8Мен бул тууралуу ыйлайм, боздоп ыйлайм, таланып-тонолгон, жылаңачталган адамдай болуп басам, чөөлөргө окшоп улуйм, төө куштарга окшоп ыйлайм.
9Анткени анын жарасы айыккыс, ал айыккыс жарасы Жүйүткө чейин жетти, атүгүл, ал менин элимдин дарбазасы болгон Иерусалимге чейин жетти.
10Бул тууралуу Гатта жарыя кылбагыла, ал жерде катуу ыйлабагыла, бирок Опра кыштагында өзүңөргө күл чачкыла.
11Шапирдин маскара болуп жылаңачталган тургуну, көчүп кет. Саанандын тургуну да качып кутулбайт. Бейт-Аетселдеги ый силерге ал жерге токтогонго жол бербейт.
12Марота тургуну өзүнүн жакшы нерсеси үчүн күйүт тартып жатат, анткени Теңирден Иерусалим дарбазасына алаамат түштү.
13Лакиш тургуну, арабага күлүк аттарды чек. Сион кызынын күнөөсүнүн башталышы сенсиң, анткени Ысрайылдын кылмыштары сенде пайда болду.
14Ошондуктан сен Морешет-Гатка тартууларды жөнөтөсүң. Бирок Аказип кыштактары Ысрайыл падышаларынын үмүтүн актабайт.
15Мореш тургуну, мен сага дагы бир мураскор алып келем. Ысрайылдын даңкы Адуламга чейин кетет.
16Чачыңды ал, сакал-мурутуңду кыр, өзүңдүн сүйүктүү уулдарың үчүн аза күт. Жүнү түшкөн бүркүттүкүндөй кылып, алар үчүн башыңды дагы кыра түш, анткени алар сенин жаныңдан көчүрүлүп кетишет.