Михей 2:1-13 KYB2004 - Bible AI

1Мыйзамсыздык ойлогондорго жана төшөгүндө жатып алып кыянат иштерди ойлоп тапкандарга кайгы! Алар ошол иштерди таң агарганда ишке ашырышат, себеби алардын колунда күч бар.

2Талааларды каалашат, аларды күч менен тартып алышат; үйлөрдү каалашат, аларды зордук менен тартып алышат. Адамды үйү менен кошо, эркекти мурасы менен кошо тоноп алышат.

3Ошондуктан Теңир мындай дейт: «Мына, Мен бул тукумга алаамат каптатууну ойлоп жатам. Силер ал алааматтын айынан мойнуңарды кыймылдата албай каласыңар жана түз баса албай каласыңар, анткени ал мезгил – алааматтуу мезгил.

4Ошол күнү силер тууралуу лакап айтышат, катуу ыйлап: “Биз таптакыр кыйрадык! Менин элимдин энчиси башкаларга берилди. Эми ал мага кайра кантип кайрылып келет? Биздин талаалар бөтөн урууларга бөлүнүп берилди”, – дешет.

5Ошондуктан сенде Теңирдин алдындагы жыйында жерди бөлүш үчүн өкчөмө таш ыргыткан эч ким болбойт.

6Пайгамбарлар, пайгамбарчылык кылбагыла. Маскара болуп калбашыңар үчүн, аларга пайгамбарчылык кылбагыла.

7Оо Жакыптын тукуму деп аталгандар! Эмне, Теңирдин Руху чыдамкай эмеспи? Анын иштери ушундай бекен? Адил жашаган адамга Менин сөзүм жакшылык алып келбейт бекен?

8Мурун Менин элим болуп жүргөн эл душман сыяктуу каршы чыкты. Силер согуштан кайтып, тынч өтүп бара жаткандардын сырт кийимин да, ич кийимин да тартып алып жатасыңар.

9Менин элимдин аялдарын өздөрүнүн жакшынакай үйлөрүнөн кууп чыгарып жатасыңар. Алардын балдарынан Менин жасалгаларымды биротоло тартып алып жатасыңар.

10Тургула, кеткиле, анткени бул жер силердин тынчтана турган жериңер эмес. Ал өзүнүн ыпыластыгы үчүн талкаланат, болгондо да ырайымсыздык менен талкаланат.

11Эгерде жеңил ойлуу бир адам жалган нерсе ойлоп таап: “Мен сага шарап жана күчтүү ичимдик тууралуу насаат айтам”, – десе, анда ал бул элге жаккан насаатчы болмок.

12Жакып, сенин бүт тукумуңду сөзсүз чогултам, Ысрайылдын калдыгын сөзсүз бириктирем, аларды Ботсрадагы койлордой, бир короодогу койлордой, бир жерге чогултам. Алар элинин көптүгүнөн бака-шака болушат.

13Алардын алдында дубал талкалоочу барат. Алар тосмолорду кыйратышат, дарбазалар аркылуу кирип, дарбазалар аркылуу чыгышат, алардын алдында өздөрүнүн падышасы, ал эми алардын башында Теңир барат».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>