Михей 3:1-12 KYB2004 - Bible AI

1Ошондо мен мындай дедим: «Жакыптын башчылары, Ысрайылдын төрөлөрү, уккула! Чындыкты силер билишиңер керек эмеспи?

2Силер болсо жакшы нерсени жек көрүп, жаман нерсени жакшы көрүп жатасыңар. Алардын терисин сыйрып жатасыңар, этин сөөктөрүнөн ажыратып жатасыңар,

3Менин элимдин этин жеп, терисин сыйрып жатасыңар, ал эми сөөктөрүн карапага сала тургансып сындырып, этин казанга сала тургансып бөлүп жатасыңар».

4Ошондо алар Теңирди чакырышат, бирок Теңир аларды укпайт, ошол убакта алардан Өз жүзүн жашырат, анткени алар кыянат иштерди кылып жатышат.

5Менин элимди адаштырган, тиштери менен кемирген, «Тынчтык!» деп кыйкырган, ал эми өздөрүнүн оозуна эч нерсе салбагандарга согуш жарыя кылган пайгамбарларга каршы Теңир мындай дейт:

6«Ошон үчүн көрүнүштүн ордуна силерге түн болот, пайгамбарчылыктардын ордуна караңгылык болот. Пайгамбарлардын үстүнөн күн батат, алардын үстүнөн күн караңгылайт.

7Көрөгөчтөр уятка калышат, төлгөчүлөр шылдың болушат. Алардын бардыгы ооздорун жабышат, анткени Кудайдан жооп болбойт».

8Мен болсо Жакыпка өзүнүн кылмышын, Ысрайылга өзүнүн күнөөсүн айтыш үчүн, Теңирдин Рухунун күчүнө, адилеттүүлүккө жана кайраттуулукка толдум.

9Акыйкаттыктан жийиркенген, түз нерсенин баарын кыйшык кылган, Сионду кан менен, Иерусалимди адилетсиздик менен курган Жакыптын башчылары, Ысрайылдын төрөлөрү, муну уккула!

11Анын башчылары пара алып сот жүргүзүп жатышат, ыйык кызмат кылуучулары акы алып окутуп жатышат, пайгамбарлары акча алып пайгамбарчылык кылып жатышат, бирок ошол эле учурда алар: «Теңир биздин арабызда эмеспи? Биздин башыбызга алаамат түшпөйт!» – деп, Теңирге таянып жатышат.

12Ошондуктан силердин айыңардан Сион айдоо талаасындай болуп айдалат, Иерусалим үйүлгөн урандыга айланат, ал эми бул үй турган тоо токойлуу адырга айланат.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>