Михей 5:1-15 KYB2004 - Bible AI

1Кошуундардын кызы, эми куралдан. Бизди айланта курчап алышты, Ысрайылдын башкаруучусун таяк менен бетке урушат.

2Бирок Сен, Бейт-Лехем Эфрата, Жүйүттүн миңдеген урууларынын ичинен кичине болсоң да, сенден Мен үчүн Ысрайылга Эгедер боло турган Адам чыгат, Ал эң башында эле, байыркы күндөрдө эле төрөлгөн.

3Ошондуктан Теңир аларды төрөй турган аял төрөгөн мезгилге чейин таштап салат. Ошондо Ысрайыл уулдарына өздөрүнүн калган бир туугандары кайрылып келишет.

4Ал туруп, аларды Теңирдин күчү менен, Кудай-Теңирдин ысымынын улуулугу менен кайтарат, ошондо алар коопсуз жашашат, анткени Анын улуулугу жер кыйырына чейин белгилүү болот.

5Ал биздин тынчтыгыбыз болот. Ашур биздин жерибизге келгенде, биздин үйлөргө киргенде, биз ага каршы жети койчуну, сегиз төрөнү коёбуз.

6Алар кылыч менен Ашур жерин, Нимрот жерин дарбазаларынын алдында кыйратат, Ашур биздин жерибизге келгенде, биздин чек араларыбызды аттаганда, Ал бизди андан куткарат.

7Жакыптын калдыгы көп элдердин арасында Теңирден түшкөн шүүдүрүмдөй, чөптүн үстүнө жааган жамгырдай болот, ал адамга көз каранды болбойт жана адам уулдарына таянбайт.

8Жакыптын калдыгы элдердин арасында, көп уруулардын арасында токой жырткычтарынын арасындагы арстандай, койлордун арасындагы жаш арстандай болот, эгерде ал арстан атырылып чыгып, басып жыгып тыткылай турган болсо, анын колунан эч ким куткара албайт.

9Сенин колуң душмандарыңдын үстүнөн салтанат менен көтөрүлөт, сенин бардык душмандарың жок кылынат.

10Ошол күнү, – дейт Теңир, – сенин аттарыңды жок кылам, майдан арабаларыңды талкалайм.

11Сенин жериңдеги шаарларды кыйратам, сенин бардык сепил-чептериңди уратам.

12Сенин колуңдан сыйкырчылыкты жулуп ыргытам, сенин жаратылыш кубулуштары боюнча алдын ала айтуучуларың жок болот.

13Сенин буркандарыңды талкалайм, жасалма кудайларыңды жок кылам, ошондон кийин сен өз колуң менен жасаган нерселерге табынганыңды коёсуң.

14Сенин ыйык токойлоруңду түп-тамыры менен жок кылам, шаарларыңды талкалайм.

15Ошентип, Мага тил албаган элдерден каарым менен, ачуум менен өч алам».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>