Михей 6:1-16 KYB2004 - Bible AI

1Теңирдин эмне деп айтып жатканын уккула: «Тур, тоолордун алдында соттош, сенин үнүңдү адырлар уксун!»

2Тоолор, ошондой эле силер да, жердин бекем негиздери, Теңирдин сотун уккула, анткени Теңир Өз элин соттоп жатат, Ал Ысрайыл менен соттошуп жатат.

3«Элим! Мен сага эмне кылдым, сага кандай оорчулук келтирдим? Жооп берчи Мага.

4Мен сени Мисир жеринен алып чыктым, сени кулчулуктун үйүнөн куткарып алдым, сени жетектеп жүрүшү үчүн, Мусаны жана Арун менен Мириямды жибердим.

5Элим! Теңирдин адилеттүү иштерин таанып билишиң үчүн, Маап падышасы Балак кандай арамдык ойлогонун, Бейор уулу Билам ага эмне деп жооп бергенин жана Шитимден Гилгалга чейин эмне болгонун эстечи».

6«Теңирдин алдына мен эмне менен келем, асмандагы Кудайга кантип таазим кылам? Анын алдына бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен, бир жашар букачарлар менен келемби?

7Бирок миңдеген койлор менен, он миңдеген дарыядай аккан зайтун майлары менен Теңирге жагууга болобу? Өзүмдүн кылмышым үчүн Ага тун уулумду, өз жанымдын күнөөсү үчүн ичимден чыккан баламды беремби?»

8Оо адам! Эмне жакшы экени, Теңир сенден эмнени талап кылып жатканы сага айтылган бул – адилет иштерди кылуу, кайрымдуулук иштерин жакшы көрүү жана өз Кудайыңдын алдында акылмандык менен моюн сунуп жашоо.

9Теңирдин үнү шаарга чакырып жатат, акылмандуулук Сенин ысымыңдын алдында коркуп турат. «Бийлик таякты жана аны Ким койсо, Ошону уккула!

10Арам байлык жана кемитилген, жийиркеничтүү ченем мыйзамсыздын үйүндө азыр деле жок эмес бекен?

11Мен туура эмес тараза менен, баштыктагы туура эмес кадак таштар менен таза боло аламбы?

12Анын байлары зордук-зомбулдук кылышат, анын тургундары жалганды сүйлөшөт, алардын тили алдамчы.

13Ошондуктан Мен сени айыккыс кылып урдум, сени күнөөлөрүң үчүн кыйраттым.

14Сен жейсиң, бирок тойбойсуң, сенин ичиң бош болот. Кайтарасың, бирок сактап кала албайсың, ал эми сактап калганыңды кылыч мизине салып берем.

15Эгесиң, бирок оруп-жыйбайсың; зайтун сыгасың, бирок май менен майланбайсың; жүзүм ширесин сыгасың, бирок шарап ичпейсиң.

16Силерде Омринин каада-салттары, Ахаптын тукумунун бардык иштери сакталып калган, силер ошолордун кеңештери менен иш кыласыңар. Ошондуктан Мен сени кыйратам, сенин тургундарыңды күлкү кылам, ошентип, силер Менин элимдин маскарачылыгын көтөрөсүңөр».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>