Михей 7:1-20 KYB2004 - Bible AI

1Мага кайгы! Анткени мен жайкы жемиштерди жыйнап алгандан кийинки, жүзүмдү терип алгандан кийинки мезгилдей болуп калдым. Жегенге бир да мөмө жок, менин жаным каалаган, бышкан бир да жемиш жок.

2Жерде ырайымдуу адамдар калбай калды, адамдардын арасында адил адамдар жок. Кан төгүш үчүн, бардыгы тузак коюшат, ар бири өз бир тууганына тор жаят.

3Алардын колдору жамандык кылып, жакшылык күтүшөт: жетекчи белек талап кылат, сот пара алып соттойт, төрөлөр болсо өздөрүнүн жаман каалоолорун ачык айтышат, ишти бурмалашат.

4Алардын эң жакшысы тикенектей, эң адилеттүүсү тикенектүү тосмодон жаман. Сенин пайгамбарларың айткан күн, Сен жазалай турган күн келе жатат. Эми аларга дүрбөлөң түшөт.

5Досуңарга ишенбегиле, жолдошуңарга таянбагыла. Койнуңда жаткан аялыңдан оозуңдун эшигин сакта.

6Анткени уулу атасын уят кылат, кызы энесине каршы чыгат, келини кайын энесине каршы болот. Адамдын душманы – өзүнүн үйүндөгүлөрү.

7Мен болсо Теңирден үмүттөнөм, мени куткарган Кудайга таянам: Кудайым мени угат.

8Душманым, мени табалаба! Мен кулап калсам да, кайра турам. Мен караңгылыкта отурсам да, Теңир мен үчүн жарык.

9Менин ишимди чечкенге чейин, мени соттогонго чейин, Теңирдин каарын көтөрөм, анткени Анын алдында күнөө кылдым. Ал мени жарыкка алып чыгат, ошондо мен Анын адилеттүүлүгүн көрөм.

10Мага «Сенин Кудай-Теңириң кайда?» деген душманым муну көрүп, уятка калат. Ал көчөдөгү баткакка окшоп тебеленгенде, аны көрүп, көзүмдүн моокуму канат.

11Сен өзүңдүн дубалдарыңды курган күнү, ошол күнү чек араң чоңоёт.

12Ошол күнү сага Ашурдан жана Мисир шаарларынан келишет, Мисирден тартып Эфрат дарыясына чейин, деңизден деңизге чейин, тоодон тоого чейин жашаган элдер келишет.

13Ал жер болсо өзүнүн тургундарынын күнөөлөрү үчүн, алардын иштеринин жемиштери үчүн чөлгө айланат.

14Кармелдин ортосундагы токойдо обочо жашаган Өз элиңди, Өз мурасың болгон койлоруңду, Өзүңдүн таягың менен кайтар. Алар Башан менен Гилатта байыркы күндөрдөгүдөй оттоп жүрүшсүн!

15«Сен Мисирден чыгып келе жаткан күндөрдө кандай кереметтерди көрсөтсөм, азыр да ага ошондой кереметтерди көрсөтөм».

16Муну көргөн элдер өздөрүнүн бардык күч-кубатына карабастан, уят болушат: колдору менен ооздорун жабышат, кулактары дүлөй болуп калат.

17Жыландай болуп топурак жалашат, жер курттарындай болуп чептеринен сойлоп чыгышат. Биздин Кудай-Теңирден коркушат, Сенден үрөйлөрү учат.

18Өз мурасынын калдыгынын мыйзамсыздыгын кечирип, айыбын мойнуна салбаган Сендей Кудай барбы? Ал түбөлүккө каарданбайт, анткени ырайым кылганды жакшы көрөт.

19Ал бизге кайрадан ырайым кылат, биздин мыйзамсыздыктарыбызды өчүрөт. Сен биздин бүт күнөөлөрүбүздү деңиздин түпкүрүнө таштайсың.

20Сен байыркы күндөрдөн бери биздин ата-бабаларыбызга ант берип убада кылып келгениңдей, Жакыпка ишенимдүүлүгүңдү, Ыбрайымга ырайымдуулугуңду көрсөтөсүң.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>