Мыйзамды кайталоо 10:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Ошол учурда Теңир мага мындай деди: “Мурунку таш лоокторго окшош эки таш лоок жасагын да, тоого чыгып, Мага кел. Жыгачтан сандык жаса.

2Ал таш лоокторго сен сындырган мурунку таш лоокторго жазылган сөздөрдү жазып берем. Сен аларды сандыкка салып кой”.

3Ошондо мен акация жыгачынан сандык жасадым да, мурункудай эки таш лоок жасап алып, тоого чыктым. Ал эки таш лоок менин колумда эле.

4Теңир ал таш лоокторго силер чогулуп келген күнү тоодо от ичинен айткан, мурунку таш лоокторго жазылган он осуятты жазып, аларды мага берди.

5Анан мен артка кайрылып, тоодон түшүп келдим да, Теңир мага буйругандай, таш лооктор сандыкта болушу үчүн, аларды өзүм жасаган сандыкка салдым.

6Анан Ысрайыл уулдары Бейрот-Беней-Жаакандан чыгып, Мосейрага жөнөштү. Арун ошол жерде көз жумуп, ошол жерге коюлду. Анын ордуна уулу Элазар ыйык кызмат кылуучу болду.

7Ал жерден Гуткотко жөнөштү, Гуткоттон Жотпатка, дарыялуу жерге келишти.

8Теңир ошол учурда Леби уруусун Өзүнүн келишим сандыгын көтөрүп жүрүшү үчүн, Өзүнүн алдына келип турушу үчүн, Өзүнө кызмат кылып, Өзүнүн атынан бата берип турушу үчүн бөлүп койду, бул ушул күнгө чейин ошондой.

9Ошондуктан лебилерге бир туугандары менен кошо үлүш тийген жок. Кудай-Теңириң ага Өзү убада кылгандай, анын энчиси – Өзү.

10Мен тоодо мурункудай эле кырк күн, кырк түн болдум, Теңир мени бул жолу да укту. Ошентип, Теңир сени жок кылбай турган болду.

11Ошондо Теңир мага мындай деди: “Тур, бул элдин алдына түшүп, жолго чык. Алар барып, Мен ата-бабаларына берем деп убада кылган жерди ээлеп алышсын”.

12Ошентип, Ысрайыл, Кудай-Теңириң сенден эмнени талап кылып жатат? Теңир сенден, болгону, Кудай-Теңириңден коркушуңду, Анын жолдору менен жүрүшүңдү, Аны сүйүшүңдү, Ага чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен кызмат кылышыңды,

13өзүңө жакшы болуш үчүн, мен бүгүн берип жаткан Анын мыйзамдары менен осуяттарын сакташыңды талап кылып жатат.

14Анткени асман жана асмандардын асманы, жер жана андагынын бардыгы Кудай-Теңириңдин колунда.

15Азыр өзүңөр көрүп тургандай, Теңир башка элдердин ичинен силердин ата-бабаларыңарды гана сүйүп, алардын тукуму болгон силерди тандап алган.

16Ошондуктан жүрөгүңөрдү сүннөткө отургузгула, мындан ары тоң моюн болбогула.

17Анткени силердин Кудай-Теңириңер – кудайлардын Кудайы, эгедерлердин Эгедери, улуу, кудуреттүү, коркунучтуу Кудай. Ал адамдын жүзүнө карабайт, белек албайт.

18Ал жетим менен жесирге калыс карайт, келгинди жакшы көрүп, ага нан берип, кийим кийгизет.

19Силер да келгинди сүйгүлө, анткени өзүңөр да Мисир жеринде келгин болгонсуңар.

20Кудай-Теңириңден корк, жалгыз Ага кызмат кыл. Ага жабышып, Анын аты менен ант бер.

21Ал сенин даңазаң, Ал – өз көзүң менен көргөн ошол улуу жана коркунучтуу иштерди сен үчүн кылган Кудай.

22Сенин ата-бабаларың Мисирге жетимиш жан болуп барган, азыр болсо Кудай-Теңириң сени асмандагы жылдыздардай сансыз кылып көбөйттү.