Мыйзамды кайталоо 11:1-32 KYB2004 - Bible AI

1Кудай-Теңириңди сүй, Анын аткар деп берген көрсөтмөлөрүн, мыйзамдарын, осуяттарын өмүрүң өткөнчө аткар.

2Бүгүн билип койгула, силердин балдарыңар Кудай-Теңириңердин жазаларын, улуулугун, сунулган колу менен күчтүү билегин,

3Мисирде Мисир падышасы фараонго, анын бүт жерине көрсөткөн кереметтери менен иштерин,

4Мисир аскерлери силердин артыңардан кууп келгенде, аларды аттары, майдан арабалары менен кошо Кызыл деңизге чөктүрүп, толугу менен жок кылганын,

5силер бул жерге жеткиче, чөлдө силер үчүн эмне кылганын,

6Рубейин уулу Элийаптын уулдары Датан менен Абырамды эмне кылганын, аларды жана алардын үй-бүлөлөрүн чатырлары, болгон мал-мүлктөрү менен кошо Ысрайыл элинин көз алдында жер араанын ачып жутуп алганын билишкен эмес, көрүшкөн эмес.

7Силер болсо Теңирдин бардык улуу иштерин өз көзүңөр менен көргөнсүңөр.

8Күч алып, ээлегени бара жаткан жериңерди ээлеп алышыңар үчүн,

9Теңир ата-бабаларыңарга жана алардын укум-тукумуна берем деп убада кылган, сүт менен бал аккан жерде узак жашашыңар үчүн, мен бүгүн силерге берип жаткан Анын бардык осуяттарын аткаргыла.

10Анткени сен ээлегени бара жаткан жер сен чыккан Мисир жериндей эмес. Мисирде сен үрөн сээп, аны бутуңду тындырбай, зайтун багын сугаргандай сугарчусуң.

11Ал эми силер ээлегени бара жаткан жер – тоолуу, өрөөндүү, жамгыр менен сугарылган жер.

12Ал жер – Кудай-Теңириң кам көргөн жер. Кудай-Теңириңдин көзү жылдын башынан аягына чейин ошол жерде.

13Эгерде силер Мен бүгүн берип жаткан осуяттарды уксаңар, Кудай-Теңириңерди сүйсөңөр, Ага чын жүрөгүңөр менен, жан-дилиңер менен кызмат кылсаңар,

14анда жериңерге кеч күздөгү, эрте жаздагы жамгырды өз учурунда жаадырып турам. Ошондо сен түшүм жыйнап, жүзүм ширесин, зайтун майын алып турасың.

15Талааңа малың үчүн чөп өстүрөм. Тамак-ашың мол болот.

16Сак болгула, жүрөгүңөр азгырылып, четтеп кетпегиле, башка кудайларга кызмат кылып, аларга табынып кетпегиле.

17Ошондо Теңир силерге каарданып, асманды бекитип салат да, жамгыр жаабай калат. Жер түшүм бербей калат, Теңир берип жаткан асыл жерде тез эле кырылып каласыңар.

18Ошондуктан Менин бул сөздөрүмдү көңүлүңөргө түйүп, эсиңерден чыгарбагыла. Унутпаш үчүн, аларды колуңарга жана чекеңерге байлап алгыла.

19Аларды балдарыңа үйрөт, аларды үйдө отурганыңда да, жолдо баратканыңда да, жатканыңда да, турганыңда да айт.

20Аларды эшигиңдин кашектерине жана үйүңдүн дарбазасына жазып кой.

21Ошондо асман жер үстүндө канча күн турса, Кудай-Теңириңер ата-бабаларыңарга берем деп убада кылган жерде силердин өмүрүңөр жана балдарыңардын өмүрү ошончо көп күн болот.

22Эгерде мен силерге аткар деп берген ушул осуяттардын баарын аткарсаңар, Кудай-Теңириңерди сүйсөңөр, Анын жолдору менен жүрсөңөр жана Ага жабышсаңар,

23анда Теңир ушул элдердин баарын силердин алдыңардан кууп чыгат. Ошондо силер өзүңөрдөн алда канча көп жана күчтүү элди басып аласыңар.

24Таманыңар баскан жердин баары силердики болот. Чөлдөн Лебанонго чейин, Эфрат дарыясынан Жер ортолук деңизине чейин силердин жериңер болот.

25Силерге эч ким каршы тура албайт. Кудай-Теңириңер таманыңар баскан жердин баарына Өзү айткандай коркунуч каптатат.

26Мына, мен силерге бүгүн батаны жана каргышты сунуш кылып жатам:

27эгерде Кудай-Теңириңердин мен бүгүн берип жаткан осуяттарын аткарсаңар, бата аласыңар;

28эгерде Кудай-Теңириңердин мен бүгүн берип жаткан осуяттарын аткарбасаңар, жолдон чыгып, өзүңөр билбеген башка кудайларды ээрчисеңер, каргышка каласыңар.

29Ээлеп алыш үчүн бара жаткан жериңе Кудай-Теңириң алып барганда, Гаризим тоосунда бата сөздөрүн айт, ал эми Эйбал тоосунда каргыш сөздөрүн айт.

30Ал тоолор Иордандын аркы өйүзүндө, күн батыш тарапта, Море токоюна жакын Гилгалдын каршысындагы түздүктө жашаган канаандыктардын жеринде.

31Анткени Кудай-Теңириңер берип жаткан жерге барып, аны ээлеп алыш үчүн, Иордандан өтөсүңөр, анан ал жерди ээлеп, анда жашап каласыңар.

32Ошондуктан Анын мен бүгүн силерге берип жаткан көрсөтмөлөрү менен мыйзамдарын аткарганга аракет кылгыла.