Мыйзамды кайталоо 12:1-32 KYB2004 - Bible AI

1Ата-бабаларыңдын Кудай-Теңири энчиңе берген жерде жашап жатканыңда, өмүрүң өткөнчө аткарууга аракет кыла турган көрсөтмөлөр менен мыйзамдар мына булар:

2силер ээлей турган жердеги элдердин бийик тоолордогу, дөңсөөлөрдөгү жана жашыл дарактардын түбүндөгү кудайларына сыйынган жерлерин жок кылгыла.

3Алардын курмандык чалынуучу жайларын кыйраткыла, мамыларын талкалагыла, мазар теректерин өрттөгүлө, жасалма кудайларын талкалагыла, ал жерлерден алардын атын өчүргүлө.

4Силер өзүңөрдүн Кудай-Теңириңерге алардай табынбашыңар керек.

5Бирок Кудай-Теңириңер бардык урууларыңдын ичинен тандап алган, Анын ысымы бар болуп турган жерге кайрылгыла, ошол жерге келгиле.

6Ошол жерге бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңарды, курмандыктарыңарды, ондуктарыңарды, өйдө көтөрө турган курмандыктарыңарды, убада боюнча алып келүүчү курмандыктарыңарды, өз каалооңор боюнча алып келүүчү курмандыктарыңарды, бодо жана майда малыңардын биринчи төлүн алып келгиле.

7Аларды ошол жерде, Кудай-Теңириңердин алдында жегиле, колуңар менен кылган, Кудай-Теңириңер батасын берген иштериңердин жемишине өз үй-бүлөңөр менен бирге кубангыла.

8Азыр бул жерде ар бирибиз өзүбүзгө эмне туура көрүнсө, ошону кылып жатабыз, бирок силер ал жерде андай кылбашыңар керек.

9Анткени Кудай-Теңириңер берип жаткан бейпил жерге кире элексиңер.

10Бирок Иордандан өтүп, Кудай-Теңириңер энчиңерге берип жаткан жерге отурукташканыңарда, Теңир тегерегиңерде жашаган бардык душмандарыңардан куткарып, силерге тынчтык бергенде, бейкут жашайсыңар.

11Ошондо Кудай-Теңириңер Өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн кайсы жерди тандап алса, ошол жерге мен силерге осуяттагандардын бардыгын: бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңарды, курмандыктарыңарды, ондуктарыңарды, өйдө көтөрө турган курмандыгыңарды, Теңирге убада кылган, убада боюнча алып келүүчү курмандыктарыңардын тандалмаларын алып келгиле.

12Ошол жерде, Кудай-Теңириңердин алдында балдарыңар, кыздарыңар, кулдарыңар, күңдөрүңөр жана силердин араңарда жашаган лебилер менен бирге көңүл ачкыла, анткени лебилерге силер менен кошо үлүш бөлүнгөн эмес.

13Байкагын, көрүнгөн жерге эле бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңды алып келе бербе.

14Урууларыңдын ичинен Теңир Өзү кайсы жерди тандап алса, ошол жерге гана алып кел. Ошол жерге бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңды алып келип, мен сага осуяттагандын бардыгын жаса.

15Бирок кайсы жерде жашасаң да, Кудай-Теңириң берген малды каалашыңча Кудай-Теңириңдин батасы менен союп жесең болот. Ал мал жейрен болобу, бугу болобу, аны таза да, таза эмес да адам жесе болот.

16Канын гана жебегиле, аны суу төккөндөй эле жерге төгүп салгыла.

17Эгиниңдин, шарабыңдын, зайтун майыңдын ондон бир бөлүгүн, бодо жана майда малыңдын биринчи төлүн, убада кылган, убада боюнча алып келүүчү курмандыктарыңды, өз каалооң боюнча алып келүүчү курмандыктарыңды, өйдө көтөрө турган курмандыктарыңды үйүңдө жебе.

18Аларды Кудай-Теңириң тандап алган жерде – Теңирдин алдында балдарың, кыздарың, кулдарың, күңдөрүң жана шаарыңда жашаган лебилер менен жеп, Кудай-Теңириңдин алдында өз колуңдун эмгеги үчүн көңүл ач.

19Байка, өзүң жашаган жерде лебилерди өмүрүң өткөнчө таштаба.

20Кудай-Теңириң Өзү айткандай, жериңди кеңейткенде, эт жегиң келип: “Эт жегим келип жатат”, – десең, анда каалашыңча же.

21Кудай-Теңириң Өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн тандап алган жер сенден алыс болсо, анда мен буйругандай, Теңир берген бодо жана майда малыңдан союп, каалашыңча үйүңдө жей бер.

22Бирок аларды жейрен менен бугуну союп жегендей же. Аны таза да, таза эмес да адам жесе болот.

23Бирок канын жебе, себеби кан – бул жан. Жанын эти менен кошо жебе.

24Канын жебе, аны суу төккөндөй эле жерге төгүп сал.

25Теңирге жаккан иш кылгың келсе, аны жебе, ошондо өзүңө да, өзүңдөн кийинки балдарыңа да жакшы болот.

26Теңир тандап алган жерге өзүңдүн ыйык нерселериңди жана убада боюнча алып келүүчү курмандыктарыңды гана алып келсең болот.

27Ошол жерде бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңды чал. Анын каны менен этин Кудай-Теңириңе, курмандык чалынуучу жайга алып кел. Бирок башка курмандыктарыңдын канын Кудай-Теңириңе курмандык чалынуучу жайдын жанына төгүп сал, этин болсо же.

28Кудай-Теңириңе жаккан жакшы иштерди кылам десең, өзүңө жана өзүңдөн кийинки балдарыңа түбөлүккө жакшы болсун десең, анда мен айтып жаткан ушул сөздөрдүн баарын угуп, аткар.

29Сен ээлегени бара жаткан жердеги элдерди Кудай-Теңириң сенин алдыңдан жок кылганда, ал жерлерди ээлеп алып, отурукташып каласың.

30Ошондо сак бол, аларды жок кылгандан кийин, алардын жолун жолдоп, торго түшүп калба, алардын кудайларын издеп, “Бул элдер өз кудайларына кандай табынышса, мен да ошондой табынам” дебе.

31Кудай-Теңириңе андай кылба, анткени алар өз кудайларына Теңир жийиркенген, жек көргөн нерселерди кылышат. Алар кудайларына арнап балдары менен кыздарын отко өрттөшөт.

32Мен осуяттагандардын бардыгын аткарганга аракет кылгыла. Аларга эч нерсе кошпогула да, алардан эч нерсе албагыла.