1Эгерде силердин араңардан пайгамбар же түш жоругуч чыгып, силерге жышаан же керемет көрсөтө турган болсо,
2ал айткан жышаан же керемет аткарылса, анан ал: “Жүр, сен билбеген башка кудайларга барабыз, ошолорго табынабыз”, – дей турган болсо,
3анда ал пайгамбардын же ал түш жоругуч адамдын сөздөрүн укпа, анткени Кудай-Теңириңер Өзүн чын жүрөгүңөр, жан-дилиңер менен сүйөр-сүйбөсүңөрдү билиш үчүн, силерди ушул аркылуу сынап жатат.
4Кудай-Теңириңердин жолу менен жүргүлө, Андан корккула. Анын осуяттарын аткаргыла, Анын үнүн уккула, Ага кызмат кылгыла, Ага жабышкыла.
5Силерди Мисир жеринен алып чыгып, кулчулуктан куткарган Кудай-Теңириңерден четтөөгө үндөгөнү үчүн, Кудай-Теңириң осуяттаган жолдон чыгарууга аракет кылганы үчүн, ал пайгамбарды же түш жоругучту өлүм жазасына тартуу керек. Өз ичиңдеги жамандыкты ушинтип жок кыл.
6Эгерде сени бир тууганың, энеңдин уулу, же уулуң, же кызың, же жаныңда жаткан аялың, же жаныңдай көргөн жан досуң: “Жүр, сен да, ата-бабаларың да билбеген башка кудайларга табынабыз”, – деп,
7сенин тегерегиңдеги, жакын же алыс жашаган, жердин бир четинен экинчи четине чейин жашаган элдердин кудайларына жашыруун азгырса,
8анда ага макул болбо, анын сөзүн укпа. Аны кечирбе, аяба, жашырып койбо.
9Аны өлтүрүп сал. Аны өлтүрүүгө баарынан мурун сен кол көтөрүшүң керек, андан кийин бүт эл кол көтөрсүн.
10Аны таш бараңга алып өлтүр, анткени ал сени Мисир жеринен, кулчулуктан алып чыккан Кудай-Теңириңден алыстатууга аракет кылды.
11Муну бүткүл Ысрайыл эли угуп, коркуп калат да, ошондон кийин сенин ичиңде андай жамандыкты кылбай калат.
12Эгерде Кудай-Теңириң сага жашаганга берип жаткан шаарлардын биринен,
13сенин элиңдин ичинен бузулган адамдар чыгып, шаардын тургундарын азгырып: “Жүргүлө, силер билбеген башка кудайларга табынабыз”, – дегенин уксаң,
14анда издеп, иликтеп, жакшылап сура. Эгерде бул жийиркеничтүү иш араңарда чыны менен болсо,
15анда ал шаардын тургундарын кылычтап кырып сал, малын, эмнеси болсо, ошонун бардыгын жок кыл.
16Бардык олжону аянттын ортосуна чогулт, шаарды бардык олжо менен кошо Кудай-Теңириңе арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык катары өрттөп сал. Ал шаар түбөлүккө урандыга айлансын, эч качан кайрадан курулбасын.
17Каргышка калган нерселерден эч нерсе алба, ошондо Теңир Өзүнүн каарын токтотуп, ата-бабаларыңа убада кылгандай, сага ырайым кылып, укумдатып-тукумдатып көбөйтөт.
18Эгерде Кудай-Теңириңди уксаң, мен бүгүн сага берип жаткан осуяттардын бардыгын аткарсаң, Теңирге жаккан иштерди кылсаң, Ал ушул айткандарын аткарат.