Мыйзамды кайталоо 14:1-29 KYB2004 - Bible AI

1Силер Кудай-Теңириңердин балдарысыңар. Өлгөндөр үчүн аза күткөнүңөрдү билдирип, денеңерге так салбагыла, чачыңарды кыркпагыла.

2Анткени сен Кудай-Теңириңдин ыйык элисиң. Сени Теңир жер үстүндөгү бардык элдердин ичинен Өз эли болушуң үчүн тандап алган.

3Эч кандай арам нерсе жебегиле.

4Силер жей турган мал мына булар: уй, кой, эчки,

5бугу, жейрен, топоз, элик, зубр, багыш, тоо теке.

6Ача туяктуу, салаасы терең, кепшеген жаныбарларды жесеңер болот.

7Бирок кепшеген, ача туяктуу, салаасы терең жаныбарлардын ичинен төөнү, коёнду, суурду жебегиле, анткени алар кепшегени менен, ача туяктуу эмес, силер үчүн алар арам болуп эсептелет.

8Чочкону да жебегиле, анткени ал ача туяктуу болгону менен кепшебейт. Ал силер үчүн арам. Алардын этин жебегиле, өлүгүнө колуңарды тийгизбегиле.

9Сууда жашаган жаныбарлардын ичинен сүзө турган канаты жана кабырчыгы бар жаныбарлардын бардыгын жесеңер болот.

10Ал эми канаты менен кабырчыгы жок жаныбарларды жебегиле. Алар силер үчүн арам.

11Адал канаттуулардын баарын жегиле.

12Бирок алардын ичинен буларды жебешиңер керек: бүркүт, жору, суу бүркүтү,

13кулаалы, шумкар, ылаачын жана анын түрлөрү,

14карга жана анын түрлөрү,

15төө куш, үкү, чардак, туйгун жана анын түрлөрү,

16чекир көз үкү, ибис, ак куу,

17биргазан, ак кажыр, балыкчы куш,

18көк кытан, илегилек жана анын түрлөрү, сасык үпүп, жарганат.

19Канаты бар курт-кумурскалардын баары силер үчүн арам. Аларды жебегиле.

20Адал канаттуулардын баарын жегиле.

21Эч бир жаныбардын өлүгүн жебегиле. Аны силердин араңарда жашаган бөтөн жерликке бер, ошол жесин, же ошого сат, анткени сен Кудай-Теңириңдин ыйык элисиң. Улакты энесинин сүтүнө бышырба.

22Жыл сайын алган түшүмүңдүн ондон бир бөлүгүн бөлүп кой.

23Кудай-Теңириң Өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн тандап алган жерде эгиниңдин, жүзүмүңдүн ширесинин, зайтун майыңдын ондон бир бөлүгүн, бодо жана майда малыңдын биринчи төлүн же, Кудай-Теңириңден өмүрүң өткөнчө коркуп жүрүүнү ошентип үйрөнөсүң.

24Кудай-Теңириң Өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн, сага батасын бериш үчүн тандап алган жер сенден алыс болуп, ушуларды алып бара албасаң, сен үчүн жол алыс болсо,

25анда аларды күмүшкө алмаштырып, Кудай-Теңириң тандап алган жерге алып кел.

26Ал жерден күмүштөрүңө эмне кааласаң, ошону: өгүз болобу, кой болобу, шарап болобу, күчтүү ичимдик болобу, сатып ал. Аларды Кудай-Теңириңдин алдында үй-бүлөң менен бирге ичип-жеп көңүл ач.

27Сени менен жашаган лебилерди таштаба, анткени алар сени менен бирге үлүш алышкан жок.

28Yч жыл өткөндөн кийин, ошол жылы алган түшүмүңдүн ондон бир бөлүгүн кампаларыңа сал.

29Аны лебилер келип алсын, анткени аларга сени менен кошо үлүш бөлүнгөн жок. Сенин жаныңда жашаган келгиндер, жетимдер, жесирлер тойгончо жешсин, ошондо Кудай-Теңириң ар бир ишиңе батасын берет.