Мыйзамды кайталоо 15:1-23 KYB2004 - Bible AI

1Жетинчи жылы кечирим кыл.

2Кечирим төмөнкүлөрдү камтыйт: жакынына же бир тууганына карыз берген ар бир адам карызын кечирсин, төлөтүп албасын, анткени ал кечирим Теңир үчүн жарыяланган.

3Бөтөн жерликтен төлөтүп ал, ал эми бир тууганыңа берген карызыңды кечир.

4Сен жашаган жерде жакырлар болбойт, анткени мурастап алышың үчүн энчиңе берип жаткан жерге Кудай-Теңириң батасын берет.

5Эгерде бүгүн мен сага берип жаткан осуяттардын бардыгын аткарып, Кудай-Теңириңдин үнүн уга турган болсоң,

6Кудай-Теңириң Өзү айткандай, батасын берет, ошондо сен көп элдерге карыз бересиң, өзүң карыз албайсың. Көп элдерге үстөмдүк кыласың, алар сага үстөмдүк кылышпайт.

7Эгерде Кудай-Теңириң сага берип жаткан жерде сага жакын жашаган бир туугандарыңдын ичинен кимдир бирөө жакыр болсо, анда жакыр бир тууганыңа таш боор болбо, колуңду жумба.

8Колуңду ачып, анын муктаждыгына жараша карыз бер.

9Сак бол, сага “Жетинчи жыл жакындап келе жатат, ал – кечирим жылы” деген жаман ой келип, жакыр бир тууганыңа кайрымсыз болуп, кечирим кылбай койбо, болбосо ал сага нааразы болуп, Теңирге боздоп жиберет, ошондо сен күнөөкөр болуп каласың.

10Ага карыз бер, карыз берип жатканда, ичиң оорубасын. Ошондо Кудай-Теңир сенин бардык иштериңе, кыла турган иштериңе батасын берет.

11Анткени жардылар сенин жериңде дайыма болот, ошондуктан мен сага буйрук кылам: өз жериңдеги бир тууганыңа, жакырга колуң дайыма ачык болсун.

12Эгерде сенин бир тууганың эврей же эврей аял өзүн сага сата турган болсо, анда ал сага алты жыл кул болсун, ал эми жетинчи жылы аны боштондукка чыгар.

13Сен аны боштондукка чыгарганыңда, куру кол чыгарба.

14Ага Кудай-Теңириң батасын берген малыңдан, эгиниңден, жүзүмүңдүн ширесинен бер.

15Сен да Мисир жеринде кул болгонуңду, Кудай-Теңириң сени куткарып алганын эсиңден чыгарба. Ошондуктан мен ушуну бүгүн сага осуяттап жатам.

16Ал кул сенин үйүңдө жакшы жашагандыктан, сага: “Сеникинен кетпейм, себеби мен сени жана сенин үйүңдү жакшы көрөм”, – десе,

17анда шибеге алып, ал кулду эшиктин кашегине алып барып, кулагын көзөп кой. Ошондо ал түбөлүккө сенин кулуң болуп калат. Күңүңдү да ошондой кыл.

18Аны боштондукка чыгаруу сен үчүн оор болбосун, анткени ал сага алты жылдын ичинде жалданма жумушчудан эки эсе көп иштеп берди. Ошондо сенин кыла турган ишиңдин бардыгына Кудай-Теңириң батасын берет.

19Бодо жана майда малыңдын биринчи эркек төлүнүн бардыгын Кудай-Теңириңе арна. Өгүздүн биринчи төлүн жумушка чекпе, майда малыңдын биринчи төлүн кыркпа.

20Аларды Теңир тандап алган жерде жыл сайын үй-бүлөң менен союп же.

21Эгерде алардын кемчилиги болсо, аксак же сокур болсо, же башка кемчилиги болсо, анда андай малды Кудай-Теңириңе курмандыкка чалба.

22Аны өз үйүңдө же. Жейрендин же бугунун этин жегендей эле, аны таза эмес да, таза да адам жей берсе болот.

23Анын канын гана жебе, аны суу төккөндөй эле жерге төгүп сал.