1Абыт айын эсиңден чыгарба, ушул айда Кудай-Теңириңе арнап Пасах майрамын өткөр, себеби Кудай-Теңириң сени Мисирден Абыт айында, түн ичинде алып чыккан.
2Теңириң Өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн тандап алган жерде Кудай-Теңириңе арнап, Пасах курмандыгына бодо же майда малдан сой.
3Аны ачыган нерсе менен жебе, аны “оор күндүн наны” деп аталган ачыткысыз нан менен жети күн же, анткени сен Мисир жеринен шашылыш чыккансың, Мисир жеринен чыккан күндү өмүрүң өткөнчө эсиңден чыгарба.
4Жети күн бою сенин жериңде эч кимдин үйүндө ачыган нерсе болбосун, биринчи күнү кечинде алып келген курмандыгыңдын этинен эртең мененкиге калбасын.
5Теңириң берген жерде жашап жатканыңда, Пасах курмандыгын өзүң каалаган жерде сойбо.
6Пасах курмандыгын күн батканда, Мисирден кайсы убакта чыксаң, так ошол убакта, Кудай-Теңириң Өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн тандап алган жерде гана сой.
7Аны бышырып, Кудай-Теңириң тандап алган жерде же, эртеси үйүңө кайтып кел.
8Алты күн бою ачыткысыз нан же, ал эми жетинчи күндү Кудай-Теңириңе арнап майрамда. Эч кандай жумуш кылба.
9Түшүм жыйнай баштаган күндөн тартып жети жума эсепте.
10Анан Кудай-Теңириңе арнап Жети күндүк майрам өткөр. Кудай-Теңириңдин бергенине жараша, Ага өз каалооң менен бер.
11Кудай-Теңириң Өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн тандап алган жерде балаң, кызың, кулуң, күңүң менен, силер менен жашаган лебилер менен, араңарда жашаган келгиндер, жетимдер, жесирлер менен бирге көңүл ачкыла.
12Мисирде кул болгонуңду эсиңден чыгарба жана бул мыйзамдарды аткар.
13Эгиниңди жыйнап, жүзүмүңдүн ширесин алганда, жети күн Алачыктар майрамын өткөр.
14Бул майрамда балаң, кызың, кулуң, күңүң, сени менен жашаган лебилер, келгиндер, жетимдер, жесирлер менен бирге көңүл ач.
15Кудай-Теңириң Өзү тандап алган жерде Кудайыңа арнап жети күн майрам өткөр, ошондо сенин ала турган түшүмүңө, бардык иштериңе Кудай-Теңириң батасын берет, сен болсо көңүл ачасың.
16Жылына үч жолу эркек аттуунун баары Кудай-Теңириң Өзү тандап алган жерге келиши керек. Ачыткысыз нан майрамында, Жумалар майрамында жана Алачыктар майрамында Теңирдин алдына эч ким куру кол келбесин.
17Ар кимиңер Кудай-Теңириңердин берген батасына жараша алып келгиле.
18Элге адилет өкүм чыгарып турушу үчүн, Кудай-Теңир берген жерлерге ар бир уруудан башкаруучулар менен көзөмөлдөөчүлөрдү дайында.
19Мыйзамды бурмалаба, адамдын жүзүнө караба, пара алба, анткени пара акылдуулардын көзүн тунартат, адилеттүүлөрдүн ишин бурмалайт.
20Адилет болууга, адилет болууга умтул, ошондо Кудай-Теңириң берип жаткан жерди ээлеп жашайсың.
21Кудай-Теңириңе арнап курган курмандык чалынуучу жайдын жанына мазар теректерди отургузба.
22Кудай-Теңириң жек көргөн мамыларды орнотпо.