1Биз кайра артка кайрылып, Теңирдин мага айтканы боюнча Кызыл деңизди карай кеткен жол менен чөлгө жөнөдүк. Ошентип, биз Сеир тоосунун тегерегинде көпкө жүрдүк.
2Анан Теңир мага мындай деди:
3“Бул тоонун тегерегинде жетишерлик эле жүрдүңөр, түндүктү карай кеткиле.
4Элге мындай буйрук бер: «Силер Сеирде жашаган бир тууганыңар Эйсаптын уулдары жашаган жерлерден өтөсүңөр. Алар силерден коркушат, бирок алар менен согушпагыла, сак болгула.
5Мен силерге алардын жеринен алакандай да жер бербейм, анткени Сеир тоосун Эйсаптын карамагына бергем.
6Тамакты алардан күмүшкө сатып алып жегиле, сууну алардан күмүшкө сатып алып ичкиле.
7Анткени Кудай-Теңириң сенин бардык ишиңе батасын берип, ушул эбегейсиз чоң чөлдө жер кезип жүргөнүңдө калкалап келген. Кудай-Теңириң сени менен кырк жыл бирге болду. Сен эч нерседен кем болгон жоксуң»”.
8Ошентип, биз Эйлат менен Этсион-Геберден чыгып, Сеир тоосунда жашаган бир тууганыбыз Эйсаптын уулдарынын жанынан түздүк менен Маап чөлүнө бет алдык.
9Теңир мага мындай деди: “Мааптыктар менен касташпа да согушпа. Мен сенин карамагыңа анын жеринен бербейм, анткени Ар шаарын Лот уулдарынын энчисине бергем.
10Мурун ал жерде Анактын уулдарындай алп, узун бойлуу, көп сандаган эймимдер жашаган.
11Алар репалыктардын арасында Анактын уулдары болуп эсептелишчү. Мааптыктар болсо аларды эймимдер дешет.
12Сеирде болсо мурун хориликтер жашачу, бирок Эйсаптын уулдары ал жерди тартып алышкан. Ысрайыл эли Теңир мураска берген жерди кантип ээлеп алса, Эйсаптын уулдары да аларды жок кылып, алардын жерин ошентип ээлеп алышкан”.
13Теңир мага: “Жыйналып, Зерет өрөөнүнөн өткүлө”, – деди. Ошондо биз Зерет өрөөнүнөн өттүк.
14Биз Кадеш-Барнейиден чыгып, Зерет өрөөнүнөн өткөнгө чейин отуз сегиз жыл өттү. Биздин арабыздагы согушка жараган эркек аттуунун баары кырылды, анткени Теңир аларга ушундай убада берген.
15Биздин арабыздан аларды жок кылыш үчүн, алар кырылып жок болгончо, Теңир Өз колун алардын үстүнөн алган жок.
16Согушка жараган эркек аттуунун баары өлгөндөн кийин,
17Теңир мага мындай деди:
18“Сен азыр Маап чек арасы Ардын жанынан өтүп,
19амондуктарга жакындап калдың. Алар менен касташпа да согушпа. Мен сенин энчиңе амондуктардын жеринен бербейм, анткени ал жерди Лоттун уулдарынын энчисине бергем”.
20Ал жер репалыктардын да жери болуп эсептелчү. Мурун ал жерде репалыктар жашачу. Амондуктар болсо аларды зумзумдуктар дешет.
21Алар Анактын уулдарындай алп, узун бойлуу, көп сандаган эл болгон. Теңир аларды амондуктардын көз алдында кырып салган. Амондуктар алардын жерин ээлеп алып, ошол жерге отурукташып калышкан.
22Теңир Сеирде жашаган Эйсаптын уулдарынын көз алдында хориликтерди кырып салгандай эле, амондуктар да аларды кууп, алардын жерине отурукташып, бүгүнкү күнгө чейин жашап калышты.
23Каптордон чыккан капторлуктар да Азанын тегерегиндеги айыл-кыштактарда жашаган абахтыктарды кырып, алардын ордуна отурукташып алышты.
24Теңир мага: “Жыйналып, жолго чыккыла да, Арнон суусунан өткүлө. Эми Мен Кешпон падышасы аморлук Сихонду жери менен кошо колуңа берем. Ал жерди ээлей башта, аларга каршы согуш ач.
25Мен бүгүндөн баштап жер үстүндөгү элдерди сенден коркуп, үрөйү уча тургандай кылам. Сен жөнүндө уккандар сенден коркуп, үрөйү уча турган болушат”, – деген.
26Анан мен Кедемот чөлүнөн Кешпон падышасы Сихонго тынчтык жөнүндө сүйлөшкөнү элчилерди жөнөттүм. Алар ага мындай деп айтышты:
27“Сенин жериңен өтүүгө уруксат эт. Мен жол менен өтөм, оңго да, солго да кайрылбайм.
28Тамак-ашты мага күмүшкө сат, сатып алып жейин; сууну да күмүшкө сат, сатып алып ичейин да, бутум баскан жер менен гана өтүп кете берейин.
29Сеирде жашаган Эйсаптын уулдары менен Арда жашаган мааптыктар мага кандай кылышса, Кудай-Теңирибиз берип жаткан жерге Иордан аркылуу өтүп кеткенче, сен да ошондой кыл”.
30Бирок Кешпон падышасы Сихон бизди өз жеринен өткөрүүгө макул болгон жок, анткени Кудай-Теңир аны сенин колуңа салып бериш үчүн, өзүң көрүп тургандай, аны катаалдантып, өжөрлөнтүп салган.
31Анан Теңир мага мындай деди: “Эми Мен сага Сихонду жери менен кошо колуңа салып бере баштайм, анын жерин ээлей башта”.
32Ошондо Сихон бүт эли менен бизге каршы Жааста согуш ачты.
33Кудай-Теңирибиз аны биздин колубузга салып берди, биз анын өзүн да, балдарын да, бүт элин кырып салдык.
34Биз ошол учурда анын бардык шаарларын басып алып талкалап салдык, эркектерин да, аялдарын да, балдарын да тирүү калтырган жокпуз.
35Бирок биз басып алган шаарлардагы алардын мал-мүлкүн олжолоп алдык.
36Арнон суусунун жээгиндеги Аройер шаарынан тартып өрөөндө жайгашкан шаардан тартып Гилатка чейин биз басып албаган бир да шаар калган жок. Бардыгын Кудай-Теңирибиз биздин колубузга салып берди.
37Кудай-Теңирибиз бизге тыюу салган амондуктардын жерине, Жабок суусунун тегерегиндеги жерлерге, тоо койнундагы шаарларга гана жакындаган жоксуң.