1Душманга каршы согушка чыкканыңда, алардын аттары менен майдан арабалары, эли сеникинен алда канча көп экенин көргөнүңдө, алардан коркпо, анткени сени Мисир жеринен алып чыккан Кудай-Теңириң сени менен.
2Согушка кирериңерде, ыйык кызмат кылуучу келип, элге кайрылып, мындай десин:
3“Кулак сал, Ысрайыл! Силер бүгүн душмандарыңар менен согушасыңар. Жүрөгүңөр опколжубасын, тынчсызданбагыла, коркпогула.
4Анткени Кудай-Теңириңер силердин душмандарыңар менен салгылашыш үчүн, силерди сакташ үчүн, силер менен бара жатат”.
5Көзөмөлдөөчүлөрүңөр болсо элге мындай деп айтышсын: “Ким үй салып, ага кире элек болсо, ал үйүнө кайтсын, себеби ал согушта өлүп калса, башка бирөө кирип алат.
6Ким жүзүмзар отургузуп, анын түшүмүн жыйнай элек болсо, ал үйүнө кайтсын, себеби ал согушта өлүп калса, башка бирөө анын түшүмүн жыйнап алат.
7Ким убадалашып коюп үйлөнө элек болсо, согушта өлүп калбашы үчүн, колуктусун башка бирөө алып албашы үчүн, үйүнө кайтсын”.
8Көзөмөлдөөчүлөр элге дагы мындай деп айтышсын: “Ким коркок, суу жүрөк болсо, ал бир туугандарын майтарылтпаш үчүн, үйүнө кайтсын”.
9Көзөмөлдөөчүлөр булардын баарын элге айтып бүткөндөн кийин, элге аскер башчыларды дайындашы керек.
10Шаарды басып алганы жакындаганыңда, ага тынчтык сунуш кыл.
11Эгерде ал сени менен тынчтык келишимин түзүүгө макул болуп, сага дарбазасын ачып берсе, анда шаарда жашаган бардык эл сага салык төлөп, кызмат кылсын.
12Эгерде ал тынчтык келишимин түзүүгө макул болбой, сени менен согуша турган болсо, анда шаарды курча.
13Кудай-Теңириң аны сенин колуңа салып бергенде, ал жердеги эркек аттуунун баарын кылычтап кырып сал.
14Кудай-Теңириң колуңа салып берген душманыңдын шаарындагы аялдарды, балдарды, малды, болгон дүнүйөсүн алып пайдалан.
15Ал элдерге караштуу эмес, сенден өтө алыс жайгашкан шаарларды да так ушундай кыл.
16Ал эми Кудай-Теңириң сенин энчиңе берип жаткан мына бул элдердин шаарларында жашаган адамдардын бирин да тирүү калтырба.
17Кудай-Теңириң буйругандай, хеттиктерди, аморлуктарды, канаандыктарды, перездиктерди, хибиликтерди, жебустуктарды кырып сал.
18Алар силерди өз кудайларына табынуу учурунда кылган жийиркеничтүү иштерине үйрөтпөшү үчүн, Кудай-Теңириңердин алдында күнөө кылбашыңар үчүн, аларды кырып салгыла.
19Эгерде бир шаарды басып алыш үчүн, курчоодо көпкө кармап турсаң, анда жемиши желе турган дарактарына тийбе, аларды кыйба, анткени талаадагы дарактар сенден качып жашынгыдай, адам эмес.
20Өзүң билген, жемиши жегенге жарабаган дарактарды гана кыйып, кулатсаң болот. Алардан сени менен салгылашып жаткан шаарларга каршы чептерди курсаң болот.