1Эгерде Кудай-Теңириң энчиңе берип жаткан жерде талаадан ким өлтүргөнү белгисиз адам табылса,
2анда аксакалдар менен башкаруучулар барып, өлтүрүлгөн кишинин тегерегиндеги шаарларга чейинки аралыкты өлчөп чыгышсын.
3Өлтүрүлгөн кишиге жакын жайгашкан шаардын аксакалдары мойнуна моюнтурук салына элек, жумушка чегиле элек кунажынды алып келишсин.
4Ал шаардын аксакалдары ал кунажынды айдалбаган, үрөн себилбеген ээн талаага жетелеп барып, ошол жерде союшсун.
5Ал жерге Лебинин ыйык кызмат кылуучу уулдары келишсин.
6Өлтүрүлгөн кишиге жакын жайгашкан шаардын бардык аксакалдары талаада союлган, мойну сындырылган кунажындын үстүнө колдорун жуушсун.
7Анан мындай деп жарыялашсын: “Бул канды биздин колубуз төккөн жок жана биздин көзүбүз көргөн жок.
8Теңир, Өзүң куткарып алган Ысрайыл элиңди тазала. Айыпсыз бирөөнүн канын Өз элиң Ысрайылдын мойнуна жүктөбө”. Ошондо алар төгүлгөн кандын кунунан кутулушат.
9Теңирдин алдында ак ниет жана адилет болгуң келсе, айыпсыздын канын өзүңдөн ушундай кылып жуушуң керек.
10Душмандарыңа каршы согушка чыкканыңда, Кудай-Теңириң аларды сенин колуңа салып берип, аларды туткунга алганыңда,
11туткундардын арасынан сулуу аялды көрүп жактырып калып, аны алгың келсе,
12анда аны үйүңө алып кел. Ал чачын кырдырып, тырмактарын алсын.
13Туткунга түшкөндөгү кийимдерин чечип, сенин үйүңдө жашап калсын. Анан бир ай бою атасы менен энесин жоктоп ыйласын. Ошондон кийин гана сен ага жакындап, күйөөсү боло аласың, ал сенин аялың болуп калат.
14Эгерде ошондон кийин ал сага жакпай калса, каалаган жагына коё бер, бирок күмүшкө сатпа, күң кылып салба, себеби сен ага зордук менен жакындагансың.
15Кимдин эки аялы болсо, алардын бири сүйгөн аялы, экинчиси сүйбөгөн аялы болсо, сүйгөн аялы да, сүйбөгөн аялы да ага эркек балдарды төрөп беришсе, тун уулу сүйбөгөн аялынан болсо,
16анда ал өз уулдарына энчи бөлүштүргөндө, сүйбөгөн аялынын тун уулунун алдында сүйгөн аялынын уулуна тунгучтукту бере албайт.
17Бирок сүйбөгөн аялы төрөгөн уулду тун уулум деп эсептеп, колунда болгон мал-мүлкүнөн ага сүйгөн аялынын тун уулуна бергенинен эки эсе көп берсин, анткени ал – анын күч-кубатынын башаты, туну.
18Кимдин уулу ээнбаш, тентек чыкса, атасынын да, энесинин да тилин албаса, алар аны жазаласа да тил албаса,
19анда атасы менен энеси аны кармап, шаар аксакалдарына, дарбаза алдына алып келип,
20өздөрүнүн шаарынын аксакалдарына мындай дешсин: “Биздин бул балабыз тентек, ээнбаш чыкты, сөзүбүздү укпайт, жатып ичер, аракеч”.
21Ошондо шаардын эли аны таш бараңга алып өлтүрсүн. Өз ичиңен жамандыкты ушинтип жок кыл, муну ысрайылдыктар угуп, коркуп калышат.
22Эгерде кимдир бирөө өлүмгө татыктуу күнөө кылса, аны өлтүргөндөн кийин, жыгачка асып ташта.
23Бирок анын өлүгүн жыгачка түнөтпөй, ошол эле күнү көмүп сал, анткени жыгачка асылган ар бир адам Кудайдын алдында каргышка калган. Кудай-Теңириң энчиңе берип жаткан жерди булгаба.