1Бир тууганыңдын жоголуп кеткен өгүзүн же коюн таап алсаң, аны таштап салбай, бир тууганыңа кайтарып бер.
2Эгерде малдын ээси алыс жашаса, же анын ким экенин билбесең, анда ал малды өз үйүңө алып кел. Малдын ээси өзү издеп келгиче, үйүңдө кармап тур, анан кайтарып бер.
3Жакыныңдын жоготуп алган эшегин таап алсаң да, кийимин таап алсаң да, буюмун таап алсаң да, ошондой кыл. Бул айтылгандан четтебе.
4Жакыныңдын эшеги же өгүзү жолдо жыгылып калганын көрсөң, таштап кетпе, ага аларды тургузууга жардам бер.
5Аял эркектин, эркек аялдын кийимин кийбеши керек, анткени ушундай кылган ар бир адам Кудай-Теңириңдин алдында жийиркеничтүү.
6Эгерде жолдон даракка же жерге салынган канаттуунун уясын көрсөң, ал уяда энеси балапандарын же жумурткаларын басып жатса, анда энесин балапандары менен кошо алба.
7Өзүңө жакшы болушу үчүн, өмүрүң узун болушу үчүн, энесин коё берип, балапандарын ал.
8Кимдир бирөө үйүңдүн үстүнөн кулап түшпөшү үчүн, айыптуу болуп калбашың үчүн, үй кура турган болсоң, үйүңдүн үстүнө тегерете тосмо жасап кой.
9Жүзүмзарыңа эки түрдүү үрөн сеппе, болбосо сепкен үрөнүңдүн түшүмү да, алган жүзүмүң да ыйык болуп калат.
10Өгүз менен эшекти кошуп жер айдаба.
11Жүн менен зыгыр буласы аралаш токулган кездемеден кийим кийбе.
12Yстүңө жамына турган жамынчыңдын төрт бурчуна чачы жасап ал.
13Ким аял алып, ага жакындагандан кийин, аны жек көрүп калса,
14анан: “Мен үйлөнүп, ага жакындаганда, кыздыгы жок болуп чыкты”, – деп, жалган жерден айыптап, жаман сөз таратса,
15анда кыздын атасы менен энеси шаар аксакалдарына, дарбаза алдына кызды алып келсин да, кызынын кыздык белгисин далилдесин.
16Кыздын атасы шаар аксакалдарына: “Мен кызымды бул кишиге аялдыкка бергем, ал азыр кызымды жек көрүп калды.
17Аны жаманатты кылып: «Мен сенин кызыңдын кыздыгын көргөн жокмун», – деп жатат. Бирок менин кызымдын кыздык белгиси мына”, – деп, кызынын кыздык белгиси калган кийимин шаар аксакалдарынын алдына жайсын.
18Ошондо шаардын аксакалдары күйөөсүн алып келип жазага тартсын.
19Ал Ысрайыл кызын жаманатты кылып, ушак таратканы үчүн, анын мойнуна жүз шекел күмүш салышсын, күмүштү кыздын атасына беришсин. Кызы анын аялы болуп кала берсин. Ал өмүр бою аны менен ажыраша албайт.
20Эгерде анын айтканы чындык болуп, кыздын кыздыгы жок болуп чыкса,
21анда кызды атасынын үйүнө алып барышсын, аны шаардын эли таш бараңга алып өлтүрсүн, анткени ал атасынын төрүндө ойноштук кылып, Ысрайыл элинин арасында жийиркеничтүү иш кылды. Өз элиңдин ичинен жамандыкты ушинтип жок кыл.
22Эгерде күйөөсү бар аял менен жаткан бирөө кармалса, анда экөө тең: аял менен жаткан эркек да, эркек менен жаткан аял да өлтүрүлсүн. Ысрайыл элинин ичинен жамандыкты ушинтип жок кыл.
23Бойго жеткен кыз жигити менен убадалашып койгондон кийин, шаардан бирөө жолугуп калып, аны менен жатса,
24анда экөөнү тең ошол шаардын дарбазасынын алдына алып келип, таш бараңга алып өлтүрүшсүн. Кызды кыйкырып жардамга чакырбаганы үчүн, эркекти жакынынын аялын булгагандыгы үчүн өлтүрүшсүн. Өз элиңдин ичиндеги жамандыкты ушинтип жок кыл.
25Эгерде кимдир бирөө убадалашып койгон кызга талаадан жолугуп калып, аны кармап алып зордуктап койсо, анда аны зордуктап койгон эркек гана өлүм жазасына тартылсын.
26Кызга болсо тийбегиле, анын өлүмгө тете күнөөсү жок. Эгерде аны өлүм жазасына тартсаңар, анда бул өз жакынына кол көтөрүп өлтүргөнгө барабар болуп калат.
27Анткени ал убадалашып койгон кызга ээн талаадан жолугуп калган, кыз жардам сурап кыйкырса да, куткара турган эч ким болгон эмес.
28Эгерде кимдир бирөө убадалашпаган кызга жолугуп калып, аны зордуктап жатканда, үстүнөн бирөөлөр чыгып калса,
29анда аны менен жаткан эркек кыздын атасына элүү шекел күмүш берсин. Ал аны аялдыкка алсын, анткени аны зордуктап койду. Ал аны менен өмүр бою ажыраша албайт.
30Эч ким атасынын аялын албасын, атасынын төшөгүн ачпасын.