Мыйзамды кайталоо 23:1-25 KYB2004 - Bible AI

1Кимдин энеги зыянга учураган болсо же бала төрөтө турган мүчөсү бычылып калса, ал Теңирдин жамаатына кирбесин.

2Никесиз төрөлгөн бала да Теңирдин жамаатына кирбесин, анын онунчу мууну да Теңирдин жамаатына кирбесин.

3Амондуктар менен мааптыктар да Теңирдин жамаатына кирбесин, алардын онунчу мууну да Теңирдин жамаатына кирбесин.

4Анткени силер Мисирден чыкканда, алар силерди нан, суу менен тосуп алышкан эмес, сени каргаш үчүн, Месопотамиянын Пыторунан Бейор уулу Биламды алар сага каршы жалдашкан.

5Бирок Кудай-Теңириң Биламды уккусу келген жок. Кудай-Теңириң анын каргышын батага айлантты, анткени Кудай-Теңириң сени сүйөт.

6Өмүрүң өткөнчө аларга тынчтык да, ийгилик да каалаба.

7Эдомдуктарды жек көрбө, анткени алар сенин бир туугандарың. Мисирликтерди да жек көрбө, анткени сен алардын жеринде келгин болгонсуң.

8Алардын үчүнчү муунунан төрөлгөн балдар Теңирдин жамаатына кире алат.

9Душманыңа каршы согушка бет алганыңда, бардык жаман нерселерден сактан.

10Эгерде түнкү окуядан улам кимдир бирөө таза эмес болуп калса, анда ал стандын сыртына чыксын, станга кирбесин.

11Кеч киргенде денесин сууга жуусун. Станга күн батканда кирсин.

12Чыга турган жериң стандын сыртында болсун.

13Куралыңдан тышкары күрөгүң да болсун. Стандын сыртына чыкканыңда, чуңкур казып отур да, чыккан нерсени көмүп сал.

14Анткени Кудай-Теңириң сени куткарыш үчүн жана душмандарыңды колуңа салып бериш үчүн, станыңды аралап жүрөт, ошондуктан Ал сенин таза эмес бир нерсеңди көрүп, сенден кетип калбашы үчүн, станың ыйык болсун.

15Кожоюнунан качып келген кулду кожоюнуна кармап бербе.

16Ал сен жашаган жердин кайсы жерин жактырып тандап алса, ошол жерде, силердин араңарда жашай берсин, аны кысымга алба.

17Ысрайыл кыздарынын арасында бузулган кыз, Ысрайыл уулдарынын арасында бузулган уул болбосун.

18Бузулган аялдын же бузулган эркектин кайсы убада боюнча болбосун алып келген нерсесин Кудай-Теңириңдин үйүнө киргизбе, анткени Кудай-Теңириңдин алдында экөөнүкү тең жийиркеничтүү.

19Бир тууганыңа карызга күмүш же дан берсең, үстөк кошуп алба.

20Сен ээлегени бара жаткан жерде Кудай-Теңириң бардык иштериңе батасын бериши үчүн, бөтөн жерликтен үстөк алсаң ал, бирок бир тууганыңдан алба.

21Эгерде Кудай-Теңириңе убада берсең, аны кечиктирбей аткар, анткени Кудай-Теңириң аны сенден төлөтүп алат, сенин мойнуңда күнөө калат.

22Эгерде убада бербесең, анда күнөөлүү болбойсуң.

23Оозуңдан чыкканды бек кармап, так аткар, анткени Кудай-Теңириңе өз каалооң менен тартуу берем деп, өз оозуң менен убада бергенсиң.

24Бирөөнүн жүзүмзарына кирсең, анын мөмөсүнөн каалашынча же, бирок идишиңе салып алба.

25Бирөөнүн эгин талаасына барсаң, машактарынан колуң менен үзүп ал, бирок орок менен оруп алба.