Мыйзамды кайталоо 24:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Ким аял алып, анан аялынын бир жаман жагын көрүп калып, аны жактырбай калса, анда ага талак кат жазып, колуна берип, үйүнөн чыгарып жиберсин.

2Аялы анын үйүнөн кетип, башка күйөөгө тийип алса,

3бирок кийинки күйөөсү да аны жаман көрүп, талак кат жазып, колуна берип, үйүнөн чыгарып салса же өлүп калса,

4анда аны коё берген биринчи күйөөсү булганып калган аялын кайра албасын, анткени бул Теңирдин алдында жийиркеничтүү. Кудай-Теңириң энчиңе берип жаткан жерди булгаба.

5Ким жакында эле үйлөнсө, анда ал согушка барбасын, анын мойнуна эч нерсе жүктөлбөсүн. Ал өз үйүндө бир жыл бош болуп, алган аялынын көңүлүн ачсын.

6Эч ким жаргылчактын үстүнкү же астынкы ташын күрөөгө албасын, анткени ал жанды күрөөгө алган болуп калат.

7Ким өз бир тууганы болгон Ысрайыл уулдарынын ичинен бирөөнү уурдап алып, аны кул кылып алса, же сатып жиберсе, анда андай ууруну өлтүрүш керек. Өз элиңдин ичиндеги жамандыкты ушинтип жок кыл.

8Байкагын, ыйык кызмат кылуучу лебилер үйрөткөн пес оорусу жөнүндөгү мыйзамдын баарын так аткар. Мен аларга буйруганды так аткаргыла.

9Силер Мисирден чыгып келе жатканда, Кудай-Теңириңер Мириямды эмне кылганын эсиңерден чыгарбагыла.

10Эгерде сен жакыныңа карызга бир нерсе берсең, анын үйүнө күрөө алыш үчүн кирбе.

11Сыртта тура турсаң, сен карыз берген киши күрөөсүн сыртка алып чыгып берет.

12Эгерде ал жарды болсо, анын күрөөсүн таң атканга чейин калтырба.

13Ал өз кийими менен жатып, сага батасын бериши үчүн, күрөөсүн күн батканча кайтарып бер. Кудай-Теңириң муну сага адилеттик катары эсептейт.

14Сенин жериңде жашаган келгиндердин же бир туугандарыңдын арасындагы жалчыны, жардыны, жакырды кысымга алба.

15Анын акысын ошол эле күнү, күн батканча бер, анткени ал жарды, ал акыга зар болуп турат. Ал сен үчүн Теңирге зарлап жибербесин, сен күнөөкөр болуп калба.

16Балдары үчүн атасы, атасы үчүн балдары өлүм жазасына тартылбасын. Өлүм жазасына ар ким өз күнөөсү үчүн тартылсын.

17Келгин менен жетимдин ишин бурмалап соттобо, жесирдин кийимин күрөөгө алба.

18Сен да Мисирде кул болгонуңду, ал жерден сени Теңир алып чыкканын эсиңден чыгарба. Ошон үчүн мен сага ушуларды кылууну буйруп жатам.

19Талаадан эгин оруп, боологон бооңду унутуп калсаң, аны алууга кайрылып барба. Кудай-Теңириң бардык иштериңе батасын бериши үчүн, аны келгинге, жетимге, жесирге калтыр.

20Зайтун дарактарыңдын жемишин жыйнаганда, калгандарын кайра терип алба. Ал келгинге, жетимге, жесирге калсын.

21Жүзүм тергенде, калып калгандарын кайра терип алба. Ал келгинге, жетимге, жесирге калсын.

22Өзүңдүн Мисир жеринде кул болгонуңду эсиңден чыгарба, ошондуктан мен сага ушуларды буйруп жатам.