Мыйзамды кайталоо 25:1-19 KYB2004 - Bible AI

1Эгерде эки адамдын ортосунда чатак болсо, алардын ишин башкаруучулар териштиришсин. Алар иши акты актап, иши караны айыпташсын.

2Эгерде айыпкер балак алууга татыктуу болсо, анда башкаруучу өзүнүн көзүнчө андан айыбына жараша балак алдырсын.

3Андан кырктан ашык балак алынбасын. Эгерде ашык балак алынса, сенин алдыңда бир тууганың кемсинтилген болот.

4Эгин бастырып жаткан өгүзүңдүн оозун таңба.

5Эгерде эки бир тууган бирге жашап, анын бири бала көрбөй өлүп калса, анда өлгөндүн аялы бөтөн кишиге турмушка чыкпасын. Кайын агасы болобу, кайын иниси болобу, аны алып, аны менен жашасын.

6Өлгөн бир тууганынын аты Ысрайыл элинин арасынан өчпөшү үчүн, анын тун баласы өлгөн бир тууганынын баласы болуп эсептелсин.

7Эгерде ал жесир келинин же жеңесин алгысы келбесе, жесир жеңеси же келини дарбаза алдына, аксакалдарга барып: “Кайним (кайнагам) менден баш тартып, өз бир тууганынын атын Ысрайыл арасынан өчүргөнү жатат, мени алгысы келбей жатат”, – десин.

8Ошондо шаардын аксакалдары аны чакыртып алып, көндүрүшү керек. Эгерде ал: “Аны алгым келбейт”, – деп туруп алса,

9анда жеңеси (келини) аксакалдардын көзүнчө ага басып барып, өтүгүн чечип алып, бетине жаба түкүрүп: “Өз бир тууганынын тукумун улантпаган кишини ушундай кылат”, – десин.

10Ысрайылда ага “Жылаңаяктын үйү” деген ат коюшат.

11Эркектер өз ара мушташып жатканда, биринин аялы уруп жаткандын колунан өз күйөөсүн чыгарып алыш үчүн, тигинин жан жерин кармап алса,

12анда аялдын колун кесип сал. Ага бооруң ачыбасын.

13Баштыгыңа эки башка салмактагы, чоң жана кичинекей тараза таштарын салба.

14Сенин үйүңдө сыйымдуулугу эки башка, чоң жана кичине болгон эйфа болбосун.

15Кудай-Теңир берип жаткан жерде узак өмүр сүрүшүң үчүн, тараза ташың да, эйфаң да так жана туура болсун.

16Анткени ушундай жалган иш кылган адам Кудай-Теңириңдин алдында жийиркеничтүү.

17Силер Мисирден чыгып келе жатканда, амалыктыктардын силерге эмне кылганын эсиңерден чыгарбагыла.

18Ал сени жолдо кандай тосконун, чарчап-чаалыгып келе жатканыңда, Кудайдан коркпой, сенин артыңда алсырап калгандарды өлтүргөнүн эсиңден чыгарба.

19Ошондуктан Кудай-Теңириң берип жаткан жерди ээлеп алганыңда, Кудай-Теңириң сени тегерегиңдеги бардык душмандарыңдан куткарып, сага тынчтык бергенде, амалыктыктарды жер үстүнөн жок кыл, унутпа.