1Эгерде сен мен бүгүн берип жаткан Анын осуяттарынын бардыгын так аткарып, Кудай-Теңириңдин үнүн угуп, тил ала турган болсоң, Кудай-Теңириң сени бардык элдерден жогору коёт.
2Эгерде Кудай-Теңириңди уксаң, анда Ал сага мына бул баталарды берет, сен ушул баталарды аласың.
3Теңир сага шаарда да, талаада да батасын берет.
4Теңир сенин укумдап-тукумдап көбөйүшүңө, түшүмүңө, малыңдын, бодо малыңдын, койлоруңдун төлүнө батасын берет.
5Теңир сенин кырмандарың менен кампаларыңа батасын берет.
6Теңир сага киргениңде да, чыкканыңда да батасын берет.
7Теңир сага каршы чыккан душманды кырып жок кылат. Алар сага каршы бир жол менен келип, сенден жети жол менен качып кетет.
8Теңир сенин кампаларыңа, бардык иштериңе батасын берет. Кудай-Теңириң Өзү берип жаткан жерде сага батасын берет.
9Эгерде сен Кудай-Теңириңдин осуяттарын аткарсаң, Анын жолу менен жүрсөң, Өзү сага убада бергендей, сени Өзүнүн ыйык эли кылып алат.
10Сен Теңирдин ысымы менен аталып жатканыңды жер жүзүндөгү бардык элдер көрүп, сенден коркуп калышат.
11Теңириң Өзү ата-бабаларыңа убада кылып, сага берген жерде сени укумдатып-тукумдатып көбөйтөт, малыңдын төлүн, жериңдин түшүмүн – бардыгын мол кылат.
12Теңир сенин жериңе өз убагында жамгыр берип туруш үчүн, сенин иштериңе батасын берип туруш үчүн, Өзүнүн берекелүү казынасы болгон асманын ачат. Ошондо сен көп элге карыз бересиң, өзүң карыз албайсың.
13Эгерде сактагыла жана аткаргыла деп, мен бүгүн берип жаткан Кудай-Теңириңдин осуяттарын аткарсаң, Теңир сени куйрук эмес, баш кылат, төмөн жакта эмес, жогору жакта болосуң,
14бөлөк кудайлардын артынан ээрчип, ага табынбашың үчүн, мен бүгүн силерге берип жаткан осуяттардан оңго да, солго да бурулба.
15Эгерде мен бүгүн сага берип жаткан Кудай-Теңириңдин осуяттарын, мыйзамдарын аткарууга аракет кылбасаң, Анын үнүн укпасаң, анда Теңирдин мына бул каргыштары тиет.
16Шаарда да, талаада да Теңирдин каргышы тиет.
17Кырмандарың менен кампаларыңа Теңирдин каргышы тиет.
18Укум-тукумуңа да, жериңдин түшүмүнө да, бодо малыңдын, койлоруңдун төлүнө да Теңирдин каргышы тиет.
19Киргениңде да, чыкканыңда да Теңирдин каргышы тиет.
20Мени таштап кеткениң үчүн, жаман иштериң үчүн Теңирдин каргышы тийип, башыңа мүшкүл түшөт. Кырылып жок болмоюнча, кандай иш кылсаң да, андан баар таппайсың, кыска убакыттын ичинде кырылып жок болосуң.
21Ээлегени бара жаткан жерде сени кырып жок кылмайынча, Теңир сага жугуштуу оору жиберет.
22Теңир сага кургак учук, безгек, кулгуна жиберет, жериңди кургакчылык, ысык шамал менен күйгүзөт, кырылып жок болмоюнча, алардан арылбайсың.
23Yстүңдөгү асман жез болот, астыңдагы жер темир болот.
24Теңир жамгырдын ордуна чаң жаадырат, сен кырылып жок болмоюнча, асмандан сага топурак жаай берет.
25Теңир сени душмандарыңдын колуна салып берет. Бир жол менен ага каршы барасың да, жети жол менен качасың. Жер жүзүндөгү бүт падышачылыктарга тарайсың.
26Сенин өлүгүң асмандагы жырткыч куштарга, жердеги жырткыч айбандарга жем болот, аларды кубалай турган жан болбойт.
27Теңир сага Мисирдин айыккыс пес оорусун, чечек оорусун, ириңдүү жарасын, котурун жиберет.
28Теңир сени акылыңдан адаштырат, сокур, коркок кылат.
29Ошондо сен чак түштө сокурга окшоп жер сыйпалап каласың, ишиңдин ийгилигин көрбөйсүң, өмүрүң өткөнчө сени кысымга алып кордошот, сага эч ким болушпайт.
30Аял аласың, бирок аны менен башка бирөө жатат. Yй курасың, бирок ал үйдө өзүң жашабайсың. Жүзүмзар тигесиң, бирок мөмөсүн өзүң жебейсиң.
31Өгүзүңдү сенин көзүңчө союп алышат, анын этинен жебейсиң. Эшегиңди жетелеп кетишет, кайтарып беришпейт. Койлоруңду кас душмандарыңа айдап барып беришет, сени эч ким коргобойт.
32Балдарың менен кыздарыңды башка элдер алып кеткенин өз көзүң менен көрөсүң. Өмүрүң өткөнчө аларды күтүп жол карайсың, бирок эч нерсе кыла албайсың.
33Сен айдаган жердин түшүмүн, сенин эмгегиңди сен тааныбаган башка эл жейт. Өмүрүң өткөнчө куугунтукталасың жана эзилесиң.
34Ушуларды өз көзүң менен көрүп, акылдан ажырайсың.
35Теңир сенин тизең менен шыйрагыңа, таманыңдан төбөңө чейин айыккыс пес оорусун каптатат.
36Теңир сени жана сен такка отургузган падышаны өзүң да, ата-бабаң да билбеген элге алып барат. Ал жерде сен жыгачтан жана таштан жасалган кудайларга табынып каласың.
37Теңир алып барган жердеги элдер сени көрүп үрөйү учат, аларга шылдың, ылакап болосуң.
38Талааңа көп үрөн сээп, аз түшүм аласың, анткени аны чегиртке жеп кетет.
39Жүзүмзар тигип өстүрөсүң, бирок мөмөсүн жыйнап, шарап ичпейсиң, анткени аны курт жеп салат.
40Бардык жериңде зайтун дарагы болот, бирок майы менен майланбайсың, анткени мөмөлөрү жерге түшүп калат.
41Уулдарың, кыздарың төрөлөт, бирок алардын бири да колуңда болбойт, анткени туткундалып кетишет.
42Бак-дарактарың менен жериңдин түшүмүн чегиртке жеп жок кылат.
43Араңда жашаган келгин сенден жогору көтөрүлгөндөн көтөрүлөт, сен төмөндөгөндөн төмөндөйсүң.
44Ал сага карыз бере баштайт, сен ага карыз бере албай каласың. Ал баш болот, сен болсо куйрук болосуң.
45Кудай-Теңириң берген осуяттарды жана мыйзамдарды аткарбагандыгың үчүн, Анын үнүн укпай койгондугуң үчүн, сага ушул каргыштардын баары тийип, кырып жок кылмайынча, артыңдан түшүп, акыры түбүңө жетет.
46Сага жана сенин укум-тукумуңа тийген ал каргыштар башкаларга түбөлүккө жышаан жана эскертүү болот.
47Бардыгы ашып-ташып турганда Кудай-Теңириңе кубаныч менен, чын жүрөгүң менен кызмат кылбаганың үчүн,
48ачарчылык, кургакчылык, ач-жылаңачтык, жокчулук учурунда Кудай Өзү сага каршы жиберген душманыңа кызмат кыласың. Ал сени кырып жок кылмайынча, мойнуңдан темир моюнтурукту түшүрбөйт.
49Теңир сага алыстан, жердин бир бурчунан эл жөнөтөт. Сен тилин түшүнбөгөн эл сага бүркүттөй шукшурулуп тиет.
50Ал эл улуусун сыйлабаган, кичүүсүн аябаган таш боор эл болот.
51Ал эл сени түгөтүп бүтмөйүнчө, малыңды да, түшүмүңдү да жейт, сени кырып жок кылмайынча, эгиниңди да, шарабыңды да, майыңды да, бодо малың менен койлоруңдун төлүн да калтырбайт.
52Сенин жериңдеги сен таянган бийик, бекем дубалдарыңды уратып бүтмөйүнчө, бардык жагыңдан курчап алып кысымга алат. Кудай-Теңириң берген жерлерди бардык жагынан курчап алып кысымга алат.
53Душманың сени курчап алып кысымга алганда, Кудай-Теңириң берген уул-кыздарыңды, өз балдарыңдын этин жейсиң.
54Араңардагы жыргалчылыкка, байлыкка көнгөн адам өз бир тууганына, аялына, колунда калган балдарына ырайымсыздык менен карайт,
55сенин бардык шаарларыңды душман курчап алып кысымга алганда, жегенге эч нерсеси калбагандыктан, балдарынын этин эч кимге бербей жейт.
56Жыргал турмушка, байлыкка көнгөн, байлыгына чиренген, эркелигинен жерге бутун койбогон аял күйөөсүнө, баласына, кызына ырайымсыздык менен карайт.
57Сенин бардык шаарларыңды душманың курчап алып кысымга алганда, жокчулук болгондуктан, эки бутунун ортосунан чыгып келаткан баланын тонун жана жатынынан чыккан ымыркайды, жаңы төрөгөн баласынын этин эч кимге бербей, жашыруун жейт.
58Эгерде бул китепке жазылган мыйзамдын бардык сөздөрүн аткарууга аракет кылбасаң, даңктуу, коркунучтуу Кудай-Теңириңдин ысымынан коркпосоң,
59анда Теңир сага жана сенин укум-тукумуңа мурун болуп көрбөгөн, узакка созулган оор күндөрдү, айыккыс, жугуштуу ооруларды жиберет.
60Өзүң корккон Мисирдин бардык ооруларын жиберет, алардан арыла албайсың.
61Кырылып жок болмоюнча, Теңир сага мыйзам китепте жазылбаган ар кандай жугуштуу ооруларды, оор күндөрдү жибере берет.
62Ошондо асмандагы жылдыздардай жайнаган сансыз элиңен аз эле эл калат, анткени сен Кудай-Теңириңдин үнүн укпай койдуң.
63Теңир силерге жакшылык кылганда, тукумуңарды көбөйткөндө кандай кубанса, силерди кырып жок кылганына так ошондой кубанат. Сен ээлегени бара жаткан жерден кайра куулуп чыгасың.
64Теңир силерди жердин бир четинен экинчи четине чейин, башка элдердин арасына чачыратып жиберет. Ал жерде силер да, ата-бабаларыңар да билбеген башка кудайларга, жыгачтарга жана таштарга табынып каласыңар.
65Бирок ал элдердин арасында да силерге тынчтык болбойт, аягыңар жай таппайт, Теңир ал жерде да жүрөгүңөрдү титиретип, көзүңөрдү талытып, жаныңарды сыздатат.
66Өмүрүң кылдын учунда асылып, күнү-түнү титиреп, тирүү каларыңа көзүң жетпейт.
67Сени каптаган коркунучтан улам, өз көзүң менен көргөн нерселерден улам, эртең менен: “О, кеч кирсе экен!” – дейсиң, кечинде: “О, таң атса экен!” – дейсиң.
68Мен сага: “Экинчи ал жерди көрбөйсүң”, – деген Мисир жерине Теңир сени кемеге салып кайра жиберет. Ал жерде силер душмандарыңарга кулдукка жана күңдүккө сатыласыңар, бирок сатып алууга эч ким чыкпайт».