Мыйзамды кайталоо 3:1-29 KYB2004 - Bible AI

1Биз ал жерден бурулуп, Башанга бет алдык. Башан падышасы Ог өз эли менен Эдрейдин жанында бизге каршы согуш ачты.

2Ошондо Теңир мага: “Андан коркпо, анткени аны бүт эли-жери менен кошо сенин колуңа салып берем. Сен Кешпондо жашаган Амор падышасы Сихонду кандай кылсаң, аны да ошондой кыласың”, – деди.

3Анан Кудай-Теңирибиз Башан падышасы Огду бардык эли менен биздин колубузга салып берди. Биз алардын эч кимисин тирүү калтырбай кырып салдык.

4Биз ошол учурда анын бардык шаарларын басып алдык. Алардын биз басып албаган бир да шаары калган жок. Алтымыш шаарды, аргоптуктардын бүт аймагын, Башан падышасы Огдун падышачылыгын басып алдык.

5Бул шаарлардын бардыгы бийик дубалдар менен курчалган, дарбазалары бекем кулпулар менен бекитилген шаарлар экен. Булардан сырткары дубал менен курчалбаган көптөгөн шаарларды басып алдык.

6Кешпон падышасы Сихондун бүт шаарларын талкалап, эркектерин, аялдарын, балдарын кырып салгандай, аларды да талкалап, элин кырып салдык.

7Ал эми алардын шаарларындагы мал-мүлкүн олжолоп алдык.

8Биз ошол учурда аморлук эки падышанын колунан Иордандын берки өйүзүндөгү Арнон суусунан Хермон тоосуна чейинки жерлерди тартып алдык.

9Сидондуктар Хермонду Сирион дешет, аморлуктар болсо аны Сенир дешет.

10Түздүктөгү бардык шаарларды, бүткүл Гилат жерин, Салха менен Эдрейге чейинки бүткүл Башан жерин, Башан падышасы Огдун шаарларынын бардыгын басып алдык.

11Репалыктардын ичинен Башан падышасы Ог гана калды. Анын жаткан орду темирден, ал азыр амондуктар жашаган Рабеде турат. Эркектердин чыканагы менен ченегенде, анын узундугу тогуз чыканак, туурасы төрт чыканак.

12Биз ошол учурда Арнон суусунун жээгиндеги Аройерден тартып Гилат тоолоруна чейинки шаарларды басып алдык. Гилат тоосунун жарымын шаарлары менен Рубейин, Гат урууларына бердим.

13Ал эми Гилаттын калган жарымын, Ог падышачылык кылган бүт Башан жерин, Башан жериндеги Аргоп аймагын Менашенин жарым уруусуна бердим.

14Менашенин уулу Жайыр Гешур менен Маах чегине чейин жаткан бүткүл Аргоп аймагын басып алып, Башан аймагын өз аты менен Жайыр кыштактары деп атады. Ал азыр да ушундай аталат.

15Махирге мен Гилатты бердим.

16Ал эми Рубейин менен Гат уруусуна Гилаттан Арнон суусуна чейин, Арнондон Амон уулдарынын чек арасы болгон Жабок суусуна чейин бердим.

17Ошондой эле Кинереттен тартып чыгышты карай кеткен Пизги тоосунун этегинде жаткан Туздуу деңизге чейинки түздүктү жана батыш чек арасы болуп эсептелген Иорданды бердим.

18Мен ошол учурда силерге мындай буйрук бергем: “Кудай-Теңириңер ушул жерлерди бүт бойдон силердин энчиңерге берди. Согушка жараганыңардын баары куралданып, бир тууганыңар болгон Ысрайыл уулдарынын алдында жөнөгүлө.

19Теңир силерге берген тынчтыкты бир туугандарыңарга да бермейинче жана алар Кудай-Теңириңер берип жаткан Иордандын аркы өйүзүндөгү жерлерди ээлеп алышмайынча, аялдарыңар, балдарыңар, малыңар гана мен берген шаарларда калышсын. Ээлеп алышкандан кийин гана ар бириңер мен берген өз энчиңерге кайтып келесиңер”.

21Ошол учурда Жашыяга да мындай осуят бергем: “Кудай-Теңириңер ушул эки падышаны эмне кылганын өз көзүң менен көрдүң. Теңир сен басып өтө турган падышачылыктарды да ошондой кылат.

22Алардан коркпогула, анткени силердин Кудай-Теңириңер силер үчүн Өзү күрөшөт”.

23Мен ошол учурда Теңирге мындай деп сыйынгам:

24“О Эгедер Теңирим, Сен Өз кулуңа Өзүңдүн улуулугуң менен күчтүү колуңду көрсөтө баштадың, анткени асманда да, жерде да Сен кылган иштерди кыла ала турган, Сенин кудуретиңди көрсөтө ала турган кудай жок!

25Мени Иордандын аркы өйүзүнө өткөрүп, жер соорусун, эң кооз тоону жана Лебанонду көрсөт”.

26Бирок Теңир силердин айыңардан мага каарданып, мени укпай, мага мындай деди: “Болду, жетишет, мындан ары Мага ал тууралуу айтпа.

27Пизги тоосунун чокусуна чыгып, деңиз жакка, түндүккө, түштүккө, чыгышка көз чаптырып, өз көзүң менен көрүп ал, анткени сен мына бул Иордандан ары өтпөйсүң.

28Жашыяга акыл-насаат айтып, дем-күч берип бекемде, анткени ал элди жетектеп, сен көз чаптырып көрө турган жерди аларга энчилеп бөлүп берет”.

29Ошентип, биз Бейт-Пейордун каршысындагы өрөөнгө келип токтодук.

/article>