1Муса Ысрайыл уулдарына мына бул сөздөрдү айтты:
2«Азыр мен жүз жыйырма жашка чыктым, мындан ары силерди баштап жүрө албайм. Теңир Өзү да мага: “Сен бул Иордандан өтпөйсүң”, – деген.
3Кудай-Теңириң сенин алдыңда Өзү барат. Ал бул элдерди сенин алдыңан жок кылат, сен аларды кууп чыгасың. Теңир айткандай, Жашыя сенин алдыңда барат.
4Теңир аморлуктардын падышалары Сихон менен Огду жана алардын жерлерин кандай кылса, буларды да так ошондой кыйратат.
5Теңир аларды силердин колуңарга салып берет, аларга мен буйругандай кылгыла.
6Бекем, кайраттуу болгула, алардан коркпогула, үрөйүңөрдү учурбагыла, анткени Кудай-Теңириңер Өзү силер менен барат, силерден алыстабайт, силерди таштабайт».
7Анан Муса Жашыяны чакырып алып, ысрайылдыктардын көзүнчө ага мындай деди: «Бекем, кайраттуу бол, анткени сен бул эл менен Теңир ата-бабаларына убада кылган жерге барып, ал жерди ага бөлүп бересиң.
8Теңир Өзү сенин алдыңда барат, Өзү сени менен болот, сенден алыстабайт, сени таштабайт, коркпогун жана үрөйүң учпасын».
9Анан Муса бул мыйзамды жазып, аны ыйык кызмат кылуучуларга, Теңирдин келишим сандыгын көтөрүп жүргөн Леби уулдарына жана Ысрайыл аксакалдарына берди.
10Муса аларга мындай деп осуяттады: «Жети жылда бир болуучу кечирим жылында, Алачыктар майрамында,
11бүткүл Ысрайыл эли Кудай-Теңириңдин алдына, Ал Өзү тандап алган жерге келгенде, бүткүл Ысрайыл элине бул мыйзамды угуза окуп бер.
12Элиңди: эркектер менен аялдарды, балдарды, араңарда жашаган келгиндерди чогултуп кел. Алар бул мыйзамды угуп, Кудай-Теңирден коркууну үйрөнүшсүн, мыйзамдын бардык сөздөрүн аткарууга аракет кылышсын.
13Бул мыйзамды билбеген алардын балдары да силер ээлеш үчүн Иордандан өтүп бара жаткан жерде жашап жатканыңарда, аны угуп, Теңирден коркууну үйрөнүшсүн».
14Анан Теңир Мусага: «Сенин өлө турган күнүң жакындап калды. Жашыяны чакыр, экөөң жыйын чатырынын алдына келгиле, Мен ага көрсөтмө берем», – деди. Муса менен Жашыя жыйын чатырынын алдына келип турушту.
15Ошондо Теңир жыйын чатырына булут ичинде келди. Булут мамысы жыйын чатырынын алдына туруп калды.
16Анан Теңир Мусага мындай деди: «Сен эми ата-бабаларыңа кошуласың, бул эл барган жеринде бузулуп, башка кудайларды ээрчип, өзү менен түзгөн келишимимди бузуп, Мени таштап кетет.
17Ошол күнү Мен бул элге каарданып, аны таштап салам, андан Өз жүзүмдү жашырам. Ошондо ал кырылат, көп кырсыкка учурап, кайгыга батат, ошол күнү: “Арабызда Кудай-Теңирибиз жок болгондуктан, ушундай кырсыкка учурап жатабыз”, – деп айтат.
18Алар башка кудайларга кайрылып, кылган мыйзамсыздыктары үчүн, ошол күнү Мен алардан Өз жүзүмдү жашырам.
19Ошондуктан бул ырды жазып алып, Ысрайыл уулдарына үйрөткүлө. Ысрайыл уулдарынын алдында Мага күбө болуп турушу үчүн, бул ырды Ысрайыл уулдарына жаттаткыла.
20Анткени Мен аларды сүт менен бал аккан жерге, алардын ата-бабаларына убада кылган жерге алып барам. Алар ичип-жеп тоюп, семиргенден кийин, башка кудайларга кайрылып, аларга табынып калышат. Менден баш тартып, Менин келишимимди бузушат.
21Алар көп кырсыктарга учурап, кайгыга батышканда, бул ыр аларга каршы күбө болсун, себеби бул ыр алардын укум-тукумунун оозунан түшпөйт. Азыр эмнени ойлоп жатышканын Мен аларды убада кылган жерге алып бара электе эле билип турам».
22Муса ал ырды ошол күнү жазып алып, Ысрайыл уулдарына үйрөттү.
23Анан Теңир Нундун уулу Жашыяга мындай деди: «Бекем, кайраттуу бол, анткени сен Ысрайыл уулдарын Мен аларга убада кылган жерге алып барасың, Мен сени менен болом».
24Муса бул мыйзамдын баарын китепке жазып бүткөндө,
25Теңирдин келишим сандыгын көтөрүп жүргөн лебилерге мындай буйрук берди:
26«Бул мыйзам китебин алып, Кудай-Теңириңердин, келишим сандыгынын оң жагына салып койгула, ал ошол жерде сага каршы күбө болот.
27Анткени мен сенин өжөр жана тоң моюн экениңди билем. Азыр мен силер менен бирге жашап жатканда да, силер Теңирдин алдында өжөрсүңөр. Мен өлгөндөн кийин, силер ого бетер күчөйсүңөр.
28Мага уруу аксакалдарыңарды, көзөмөлдөөчүлөрүңөрдү чогултуп келгиле. Мен бул сөздөрдү аларга угуза айтып берейин, аларга каршы асман менен жерди күбөгө тартайын.
29Анткени мен өлгөндөн кийин, көрсөткөн жолдон чыгып бузуларыңарды билем. Теңирге жакпаган иштерди кылып, Аны каардантканыңар үчүн, акыркы күндөрү башыңарга мүшкүл түшөт».
30Муса бүткүл Ысрайыл элине ал ырды аягына чейин ырдап берди: