Мыйзамды кайталоо 32:1-52 KYB2004 - Bible AI

1«Кулак сал, асман, мен сүйлөйм. Кулак сал, жер, менин сөзүмө.

2Жамгыр болуп куюлат үйрөткөнүм, шүүдүрүмдөй тунук менин сөздөрүм, өсүмдүккө жааган майда тамчыдай, кээде чөпкө жаба жааган нөшөрдөй.

3Теңирдин ысымын мактаймын, даңктагыла биздин Кудайды.

4Ал – таяныч. Анын иштери жеткилең, Анын жолдору – чындык. Кудай ишенимдүү, Анда адилетсиздик жок. Ал – акыйкат, Ал – чындык.

5Бирок алар Теңирдин алдында бузулушту, алар – кежир, бузулган тукум, ошондуктан Анын балдары эмес.

6О акылсыз, түшүнүгү жок эл, Теңирге кыларыңар ушубу? Сени тапкан, сени жараткан, сени жайгаштырган Атаң Ошол эмеспи?

7Байыркы күндөрдү эстегин, өтүп кеткен уруулар жөнүндө ойлон. Атаңдан сура, ал сага айтып берет; карыяларыңдан сура, алар сага айтып беришет.

8Бардыгынан Жогору Турган элдерди бөлүп, аларга жер бөлүп жатканда, Ысрайыл уулдарынын санына жараша чек араларды койгон.

9Анткени Теңирдин үлүшү – Өз эли. Жакып – Анын мурастай турган энчиси.

10Ал аны ээн талаа, эрме чөлдөн таап алган. Аны коргоп, багып, көзүнүн карегиндей сактаган.

11Уясын коруп, балапандарынын үстүнөн айланып учкан, канатын жайып тосуп алып, канатынын үстүндө көтөрүп жүргөн бүркүттөй болуп,

12Теңир аны жалгыз Өзү алып жүрдү, Анын жанында башка кудай болгон эмес.

13Теңир аны бийик жерге алып чыгып, жердин жемиши менен багып, таштын арасынан бал чыгарып, аска-зоо арасынан май сыдырып,

14уйдун майы менен, койдун сүтү менен, козулардын майлары менен, Башандын койлору, текелери менен, дандуу буудайлар менен бакты, жүзүм ширесинен ичирди.

15Ошондо Ысрайыл эли семирип, кежир тартты. Толуп, жооноюп, көкүрөгүн май басты. Өзүн жараткан Кудайды таштады, өзүнүн куткарар таянычын жек көрө баштады.

16Алар Аны башка кудайлары менен, жийиркеничтүү иштери менен каардантышты.

17Кудайга эмес, жиндерге, өздөрү билбеген, ата-бабаларынын да оюна келбеген кошуна элдердин кудайларына, жаңы кудайларга курмандыктарды чалышты.

18Сен өзүңдү жараткан Коргоочуңду, өзүңдү жараткан Теңирди унуттуң.

19Теңир муну көрүп каарданып, Өз балдары менен кыздарынан баш тартып, мындай деди:

20“Мен булардан жүзүмдү жашырам, ошондо булардын арты кандай болорун көрөм, анткени булар – бузулуп бүткөн тукум, ишенимсиз балдар.

21Алар Мени эч нерсеге жарабаган жалган кудайлары менен каардантышты. Мен да буларды эл катары эсептелбеген акылсыз адамдар менен капа кылам.

22Анткени Менин каарымдан от чыгып, өлгөндөр жаткан жайдын түбүнө чейин күйгүзүп жатат, жерди үстүндөгү өсүмдүктөрү менен кошо жалмап, тоонун түбүн өрттөп жатат.

23Аларга мүшкүл түшүрөм, бүт жебелеримди коё берем.

24Ачкачылыктан арыктап, жугуштуу оорудан кырылып өлүшөт. Жырткыч айбандар менен уулуу жыландарды жиберем.

25Алардын сырттагылары кылычтан, үйүндөгү уландары, кыздары, эмчектеги балдары, ак чач баскан карылары коркунучтан өлүшөт.

26Мен: «Аларды чачыратып, алардын атын адамдар арасынан өчүрөм», – деп айткам.

27Бирок душман аларды: «Мунун баарын Теңир эмес, биздин күчтүү колубуз кылды», – деп табалап, басынтпашы үчүн, Мен айтканымды кылган жокмун.

28Анткени алар – акылын жоготкон эл, аларда түшүнүк жок.

29Оо, алар бул тууралуу ойлонуп, эмне болорун баамдаса кана!

30Эгерде Коргоочусу салып бербесе, Теңири салып бербесе, анда бир киши миң кишини, эки киши түмөндү кантип кууп чыкмак эле!

31Анткени алардын коргоочусу биздин Коргоочубуздай эмес. Буга душмандардын өздөрү калыс.

32Анткени алардын жүзүмү Содом менен Амордун жүзүмүнөн. Алардын мөмөсү – уу, сабагы ачуу.

33Шарабы – ажыдаардын уусу, уулуу жыландын мүрт өлтүрүүчү уусу.

34Бул Менде катылып турат, Менин кампамда бекитилип турат.

35Алар жыгылганда, Мен аларды жазалап, алардан өчүмдү алам, анткени алардын өлөр күнү жакын калды, аларга дайындалган жаза жакын калды”.

36Бирок алардын күчү кетип, туткундагылары да, сырттагылары да калбай калганда, Теңир Өз элине Өзү өкүм чыгарып, Өз кулдарына Өзү ырайым кылат.

37Ошондо Теңир мындай деп айтат: “Алардын таянган тиреги, үмүт кылган кудайлары кайда?

38Алардын курмандыктарынын майын жеп, куюлуучу курмандыктарын ичкен кудайлары кайда? Кана, алар козголуп, орундарынан туруп, силерге жардам беришсинчи, силерге калканыч болушсунчу!

39Өзүңөр көрүп турасыңар, бул – Мен, Кудаймын, Менден башка Кудай жок. Өлтүргөн да, тирилткен да Менмин, ооруткан да, айыктырган да Менмин. Менин колумдан эч ким куткарып ала албайт.

40Мен колумду асманга көтөрүп, мындай дейм: «Мен түбөлүк тирүүмүн!»

41Мен жаркылдаган кылычымды кайрап, өкүм чыгарам, душмандарымдан өч алам, Мени жек көргөндөрдү жазага тартам.

42Жебелерим канга тоёт, кылычым денелерге, өлтүрүлгөндөр менен туткундардын канына, душмандын аскер башчыларынын башына тоёт”.

43Элдер, Анын элин даңктагыла, анткени Ал кулдарынын каны үчүн өч алат, душмандарын жазалап, Өз жерин, Өз элин тазалайт!»

44Муса Нундун уулу Жашыя менен элдин алдында туруп, ушул ырды элге угуза ырдап берди.

45Муса бүткүл Ысрайыл элине ушул сөздөрдүн баарын айтып бүткөндөн кийин, мындай деди:

46«Мен бүгүн силерге айткан сөздөрдүн баарын көңүлүңөргө түйүп, балдарыңарга айткыла. Бул мыйзамдын баарын аткарууга аракеттениши үчүн, балдарыңарга үйрөткүлө.

47Анткени бул силерге айтылган курулай сөз эмес, бул силердин өмүрүңөр. Силер ээлеп алыш үчүн Иордандан өтүп барган жерде бул аркылуу узак өмүр сүрөсүңөр».

48Ошол эле күнү Теңир Мусага мындай деди:

49«Жерихонун каршысындагы Маап жериндеги бул Абарым тоолорунан Ныбо тоосуна чыгып, Мен Ысрайыл уулдарынын энчисине берген Канаан жерин карап көр.

50Бир тууганың Арун Ор тоосунда көз жумуп, өз элине кошулгандай эле, сен да өзүң чыккан тоодо көз жумуп, өз элиңе кошуласың.

51Анткени Син чөлүндө, Кадештеги Мериба суусунун боюнда, Ысрайыл уулдарынын алдында Мага каршы күнөө кылгансыңар, Ысрайыл уулдарынын алдында Менин ыйыктыгымды көрсөткөн эмессиңер.

52Ысрайыл уулдарына берип жаткан жерди сен алыстан көрөсүң, бирок ал жерге кирбейсиң».