Мыйзамды кайталоо 33:1-29 KYB2004 - Bible AI

1Кудайдын кишиси Мусанын Ысрайыл уулдарына өлөр алдында берген батасы мындай:

2«Теңир Синайдан келди, аларга Сеирден жаркырап көрүндү, Паран тоосунан көрүндү, сансыз ыйыктар менен келди. Анын оң жагында мыйзам оту жалындап турат.

3Чынында, Ал Өз элин сүйөт. Анын ыйыктары Өз колунда, Сенин сөздөрүңдү угуш үчүн, алар бутуңа жыгылышты.

4Муса бизге мыйзам берди, Жакыптын жамаатына мурас калтырды.

5Ысрайыл уруулары менен бирге элдин башчылары чогулганда, ал Ысрайылга падыша болду.

6Жашасын Рубейин, ал өлбөсүн, тукуму аз болбосун!»

7Ал эми Жүйүт жөнүндө мындай деди: «Теңир, Жүйүттүн үнүн ук, аны өз элине алып кел. Ал өзүн өз колу менен коргой алсын, Сен ага душмандарына каршы күрөштө жардам бер».

8Леби жөнүндө мындай деди: «Сенин уримиң менен тумимиң Сен Масада сынаган, Мериба суусунун боюнда Сени менен тирешкен ыйык адамыңдын үстүндө.

9Ал атасы менен энеси жөнүндө: “Мен аларды карабайм”, – деп айтат. Ал өз бир туугандарын да тааныбайт, өз балдарын да билбейт. Анткени алар – Сенин сөзүңдү аткарган, Сенин келишимиңди сактаган лебилер.

10Алар Жакыпка Сенин мыйзамыңды, Ысрайылга Сенин осуяттарыңды үйрөтүшөт, Сенин алдыңда жыпар жыттуу зат түтөтүп, Сага арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалышат.

11Анын күч-кубатына батаңды бер, Теңир, анын иштерине ийгилик бер, анын алдында туруштук бере албашы үчүн, ага каршы чыккандардын, аны жек көргөндөрдүн белин сындыр».

12Бенжемин жөнүндө мындай деди: «Теңир сүйгөн адам Анын алдында бейкапар жашайт, ар күнү аны Кудай калкалайт, ал Кудайдын жеринде коопсуз жашайт».

13Жусуп жөнүндө мындай деди: «Теңир анын жерин асман байлыктары менен, шүүдүрүм менен, жердин түпкүрүндө жаткан байлыктар менен,

14күн менен айдын астында өскөн эң жакшы жемиштер менен,

15байыркы тоолордо, түбөлүктүү дөбөлөрдө өскөн эң сонун мөмөлөр менен,

16жерди толтурган эң жакшы түшүм менен жалгасын. Тикенектүү бадалга Келгендин батасы Жусупка тийсин, бир туугандарынын ичинен эң жакшысына тийсин.

17Анын күчү биринчи туулган буканыкындай, мүйүзү буйволдун мүйүзүндөй. Ал мүйүзү менен бүт элдерди жердин түбүнө чейин сүзө качырсын. Бул – Эпрайымдын түмөндөгөн тукуму, бул – Менашенин миңдеген тукуму».

18Забулун жөнүндө мындай деди: «Өз жолуңда ойноп-күл, Забулун. Өз чатырыңда көңүл ач, Исахар.

19Алар тоого эл чакырып, ал жерде ыраазычылык курмандыктарын чалышат, анткени алар деңиз байлыктары менен азыктанып, кумдун ичинде жаткан кенчке бөлөнүшөт».

20Гат жөнүндө мындай деди: «Гат тукумун Таратканга даңк! Ал арстандай болуп жатат, колду да, башты да талкалайт.

21Ал жердин жакшысын тандап алды, ошол жерде ал башчынын энчисин алып урматка бөлөндү. Ал эл башчылары менен келип, Теңирдин адилеттигин жана өкүмдөрүн Ысрайыл менен бирге ишке ашырды».

22Дан жөнүндө мындай деди: «Башандан чуркап чыккан Дан – жаш арстан».

23Напталы жөнүндө мындай деди: «Напталы жакшылыкка тунган, Теңирдин батасын мол алган. Деңиз менен түштүк тарап ага таандык».

24Ашыр жөнүндө мындай деди: «Башка уулдарынын ичинен Ашырга көбүрөөк бата тийген, ал бир туугандарынын арасында кадырлуу, бутун майга малат.

25Дарбазаларың темир менен жезден болот, байлыгың күн санап көбөйөт.

26Булуттардын үстүндө атак-даңкы менен асмандан сага жардамга келген Ысрайылдын Кудайындай Кудай жок.

27Сенин баш паанаң – байыркы Кудай, сени түбөлүктүү колдор коргойт. Ал сенин алдыңдан душмандарыңды кууп чыгып: “Кыргыла!” – дейт.

28Ысрайыл коопсуз жашайт, ал жалгыз. Жакып данга бай, шарабы мол, асмандан шүүдүрүм тамчылаган жерди көрүп турат.

29Бактылуусуң сен, Ысрайыл! Теңир сактаган сендей эл барбы? Ал сенин коргоочу калканың, даңктуу кылычың! Душмандарың сага жасакерленишет, сен алардын бийик жерлерин тебелеп-тепсейсиң».