Мыйзамды кайталоо 34:1-12 KYB2004 - Bible AI

1Муса Маап түздүгүндөгү Жерихонун каршысындагы Ныбо тоосунун Пизги чокусуна чыкты. Теңир ага Гилаттан Данга чейинки жерлерди,

2Напталынын жерин, Эпрайым менен Менашенин жерин, Жүйүттүн жерин, атүгүл, күн батыштагы деңизге чейинки жерлерди,

3түштүк жерлерин, Жерихо өрөөнүн, Курма шаарын, Соарга чейинки жерлерди көрсөттү.

4Анан Теңир ага мындай деди: «Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка: “Сенин тукумуңа берем,” – деп убада кылган жер мына ушул. Бул жерди Мен сага көрсөттүм, бирок сен ага кирбейсиң».

5Теңирдин кулу Муса Теңирдин сөзү боюнча Маап жеринде көз жумду.

6Ал Бейт-Пейордун маңдайындагы Маап жериндеги өрөөнгө коюлду, ал коюлган жерди бүгүнкү күнгө чейин эч ким билбейт.

7Муса жүз жыйырма жашка чыгып көз жумду. Жүз жыйырма жашында да анын көзүнүн курчу кеткен эмес, алдан-күчтөн тайган эмес.

8Ысрайыл уулдары Маап түздүгүндө Мусаны жоктоп, отуз күн аза күтүп ыйлашты. Ошентип, Мусаны жоктоп ыйлаган аза күтүү күндөрү да өттү.

9Нундун уулу Жашыя акылмандыктын рухуна толду, анткени Муса ага колун койгон эле. Ошондуктан Ысрайыл уулдары ага баш ийип, Теңир Мусага буйругандай кылышты.

10Ошондон кийин Ысрайылда Теңир жүзмө-жүз сүйлөшкөн Мусадай пайгамбар болгон жок.

11Теңир аны Мисир жериндеги фараонго, анын кулдарына, анын бүт жерине жышаандарды, кереметтерди көрсөтүш үчүн жиберген.

12Муса ал улуу иштерди, зор кереметтерди бүткүл Ысрайыл элинин көз алдында көрсөткөн.