1Ошондуктан, Ысрайыл, өлүп калбашыңар үчүн жана ата-бабаларыңардын Кудай-Теңири берип жаткан жерге барып, аны мурастап алышыңар үчүн, мен силерге аткарууну үйрөтүп жаткан көрсөтмөлөр менен мыйзамдарды ук.
2Мен силерге эмнени осуяттасам, ага эч нерсе кошпогула да, андан эч нерсе албагыла. Кудай-Теңириңер берген осуяттарды аткаргыла.
3Теңирдин Баал-Пейорду эмне кылганын өз көзүңөр менен көрдүңөр. Баал-Пейорду ээрчиген адамдарды Кудай-Теңириң силердин араңардан кырып жок кылды.
4Силердин араңардан Кудай-Теңириңерге жабышкандары азыркыга чейин тирүү.
5Мен силерге Кудай-Теңирим берген мыйзамдар менен көрсөтмөлөрдү үйрөттүм. Ээлегени бара жаткан жерге барганыңарда, ушуларды аткаргыла.
6Ушуларды сактагыла жана аткаргыла, анткени башка элдердин алдындагы силердин акылдуулугуңар менен эстүүлүгүңөр ушунда. Алар бул мыйзамдарды угуп: “Ушул улуу эл гана даанышман да, акылман да экен”, – деп айтышат.
7Качан чакырса да, ушунчалык жакын болгон биздин Кудай-Теңирибиздей кудайы бар улуу эл барбы?
8Мен бүгүн силерге берип жаткан мыйзамдай ушунчалык адилеттүү мыйзамдары менен көрсөтмөлөрү бар улуу эл барбы?
9Сак бол, жаныңды бек сакта, өз көзүң менен көргөн иштерди унутпа, аларды өмүрүң өткөнчө жүрөгүңдөн чыгарба. Аларды балдарыңа, балдарыңдын балдарына үйрөт.
10Сен Хорепте Кудай-Теңириңдин алдында турган күн тууралуу, ошондо Теңирдин мага: “Элди Мага жыйнап кел, Мен аларга сөзүмдү айтам, ал сөздөн алар жер үстүндөгү бүт өмүрүндө Менден коркуп жүрүүнү үйрөнүшөт, аны балдарына да үйрөтүшөт”, – дегенин айт.
11Ошондо силер чогулуп келип, тоонун этегинде турдуңар. Тоо болсо асманга жете жалындап күйүп, булут жана караңгылык каптап турган.
12Ошондо Теңир силерге от ичинен сүйлөгөн. Силер Анын сөздөрүн уктуңар, бирок бейнесин көргөн жоксуңар, силер Анын үнүн гана уктуңар.
13Ал силер аткара турган он осуяттан турган Өзүнүн келишимин жарыялап, эки таш лоокко жазган.
14Теңир мага ошол учурда ушул мыйзамдар менен көрсөтмөлөрдү силерге үйрөтүүнү буйруду. Аларды өзүңөр барып ээлеп ала турган жерде аткарышыңар керек.
15Хорепте Теңир силерге от ичинен сүйлөгөн күнү Анын бейнесин көрбөгөнүңөр эсиңерден чыкпасын.
16Бузуктук кылып, балбалдарды, эркектин же аялдын түспөлүндөгү жалган кудайларды,
17жер үстүндө жашаган кандайдыр бир жаныбардын, асман астында учкан кандайдыр бир канаттуунун,
18жерде сойлоп жүрүүчү кандайдыр бир сойлоочу жаныбардын, жерден төмөн жаткан суулардагы кандайдыр бир балыктын түспөлүн жасабагыла.
19Асманды карап, күндү, айды, жылдыздарды жана асман кошуунун көрүп, аларга азгырылып, таазим кылып кызмат кылба, анткени Кудай-Теңириң аларды жер үстүндө жашаган бардык элдер үчүн жараткан.
20Силерди болсо Теңир Өзүнүн эли кылып алыш үчүн, темир эритүүчү мештен, Мисирден, алып чыкканын өзүңөр көрүп турасыңар.
21Теңир силердин айыңардан мага каарданып, мени Иордандын аркы өйүзүнө өткөрбөйм деп убада бергендиктен, мен эми Кудай-Теңириң сенин энчиңе берип жаткан жер соорусуна кирбейм.
22Мен эми Иордандан ары өтпөй, ушул жерде өлөм. Силер болсо андан ары өтүп, ошол жер соорусун ээлейсиңер.
23Кудай-Теңириңердин силер менен түзгөн келишимин унутуп, Кудай-Теңириңер буйругандай, бир нерсенин түспөлүндөгү жалган кудай жасагандан сак болгула.
24Анткени Кудай-Теңириң – жалмап салуучу от, кызганчаак Кудай.
25Балалуу, неберелүү болуп, жер үстүндө узак жашап калганда, бузуктук кылып, бир нерсенин түспөлүн кудай кылып алып, Кудай-Теңириңердин алдында ушундай кыянаттык кылып, Аны каардантсаңар,
26анда силерге асман менен жерди күбө кылып айтып коёюн: Иордандан өтүп мураска ала турган жериңерден көп узабай айрыласыңар, ал жерде көпкө турбайсыңар, кырыласыңар.
27Теңир силерди башка элдердин арасына таратып жиберет. Теңир силерди алып барган элдердин арасында азыңар гана каласыңар.
28Ал жерде адамдардын колу менен жасалган, көрбөгөн, укпаган, тамак жебеген, жыт сезбеген, жыгачтан жана таштан жасалган кудайларга табынып каласыңар.
29Бирок сен ал жерде Кудай-Теңириңди издесең, Аны табасың. Эгерде Аны чын жүрөгүңдөн, жан-дилиң менен издей турган болсоң, анда табасың!
30Башыңа мүшкүл түшкөндө, айтылгандардын баары башыңа түшкөндө, акыркы күндөрдө Кудай-Теңириңе кайрылып, Ага моюн сунасың.
31Кудай-Теңириң – боорукер Кудай, Ал сени таштабайт да өлтүрбөйт, Ал сенин ата-бабаларың менен түзгөн, анты менен бекемдеген келишимин унутпайт.
32Кудай адамды жараткан күндөн тартып сенин убагыңа чейинки байыркы мезгилдер жөнүндө сура, асмандын бир четинен экинчи четине чейин сура: ушундай улуу иш болду беле же ушундай ишти бирөө укту беле?
33От ичинен сүйлөгөн Кудайдын үнүн сендей болуп угуп тирүү калган эл барбы?
34Же болбосо өзүңөр көргөндөй, силерди Мисирден жазалары, жышаандары, кереметтери, согуштары, күчтүү колу, зор коркунучу менен алып чыккан Кудай-Теңириңерге окшоп кайсы элдин кудайы өзүнүн элин башка элдин арасынан алып чыкты эле?
35Теңир гана Кудай экенин жана Андан башка Кудай жок экенин билишиң үчүн, сага ушуларды көрсөттү.
36Сени үйрөтүш үчүн, асмандан үнүн угузду, жерде Өзүнүн улуу отун көрсөттү, сен Анын үнүн от ичинен уктуң.
37Ал сенин ата-бабаларыңды сүйгөндүктөн, алардын кийинки укум-тукумун – силерди тандап алып, Өзүнүн улуу күчү менен Мисирден Өзү алып чыкты.
38Азыр көрүп турганыңдай, сенден көп, сенден күчтүү элди сенин алдыңан кууп чыгып, сени ал жерге алып барып, алардын жерин сага энчилеп берген.
39Ошондуктан азыр Теңир гана Кудай экенин, жогорку асманда, төмөнкү жер бетинде Андан бөлөк Кудай жок экенин билип, көңүлүңө түйүп ал.
40Кудай-Теңириң түбөлүккө берип жаткан жерде көпкө жашашың үчүн, сага да, сенден кийинки балдарыңа да жакшы болуш үчүн, азыр мен сага берип жаткан Анын мыйзамдары менен осуяттарын бек сакта».
41Ошондо Муса Иордандын берки өйүзүндө, күн чыгыш тарапта жайгашкан үч шаарды бөлүп койду.
42Ал шаарларга өз жакынын мурун кас болбой туруп, кокустан өлтүрүп алган киши качып барсын. Ал төмөнкү шаарлардын бирине качып барып, тирүү калсын:
43Рубейин уруусу жашаган түздүктөгү Бетсер шаары, Гат уруусу жашаган Гилат тоосундагы Рамот шаары, Менаше уруусу жашаган Башандагы Голан шаары.
44Мусанын Ысрайыл уулдарына берген мыйзамы ушул.
45Ысрайыл уулдары Мисирден чыккандан кийин, Мусанын аларга берген буйруктары, мыйзамдары, көрсөтмөлөрү ушулар.
46Буларды Муса Мисирден чыккандан кийин, Иордандын берки өйүзүндөгү, Бейт-Пейордун каршысындагы өрөөндө Ысрайыл уулдары менен бирге Кешпондо жашаган аморлук Сихондун жерин басып алгандан кийин айткан.
47Ошентип, алар Иордандын берки өйүзүндөгү күн чыгыш тарапта жайгашкан аморлуктардын эки падышасынын – Кешпон падышасы Сихондун жана Башан падышасы Огдун жерлерин,
48Арнон суусунун жээгиндеги Аройерден Хермон деп аталган Сион тоосуна чейинки жерлерди,
49Иордандын берки өйүзүндөгү чыгышты карай кеткен түздүктү Пизги тоосунун этегинде жаткан деңизге чейин ээлеп алышты.