Мыйзамды кайталоо 5:1-33 KYB2004 - Bible AI

1Муса бүткүл Ысрайыл элин чакырып алып, аларга мындай деди: «Ук, Ысрайыл эли, мен бүгүн силерге айта турган көрсөтмөлөр менен мыйзамдарды уккула, аларды жаттап алгыла, аткарганга аракет кылгыла.

2Кудай-Теңирибиз биз менен Хорепте келишим түздү.

3Теңир ал келишимди биздин ата-бабаларыбыз менен эмес, бүгүн ушул жерде тирүү турган биз менен түздү.

4Теңир силер менен тоодо от ичинен бетме-бет сүйлөшкөн.

5Мен болсо ошол учурда Теңирдин сөзүн силерге жеткириш үчүн, Теңир менен силердин ортоңордо турдум, анткени силер оттон коркуп, тоого чыккан жоксуңар. Ошондо Ал мындай деген:

6“Сени Мисир жеринен алып чыккан, кулчулуктан бошоткон Кудай-Теңириң Менмин.

7Сенин Менден башка кудайларың болбосун.

8Жогорку асмандагы, төмөнкү жердеги, жерден төмөн суудагы нерселерди сүрөттөп, жасалма кудай жасаба.

9Аларга табынып кызмат кылба, анткени сенин Кудай-Теңириң Мен кызганчаак Кудаймын. Мени жек көргөндөрдүн балдарын ата-бабаларынын күнөөсү үчүн үчүнчү, төртүнчү тукумуна чейин жазалаган Кудаймын.

10Мени сүйгөндөрдүн, Менин осуяттарымды аткаргандардын миңинчи тукумуна чейин ырайым кылган Кудаймын.

11Кудай-Теңириңдин ысымын курулай эле айта бербе, анткени Анын ысымын курулай эле айта бергенди Теңир жазасыз калтырбайт.

12Ишемби күндү дайыма ыйык тут, Кудай-Теңириң сага осуяттагандай, аны ыйык сакта.

13Алты күн иштеп, ар кандай жумушуңду кыл.

14Ал эми жетинчи күн – Кудай-Теңириңдин ишемби күнү. Ал күнү өзүң да, уулуң да, кызың да, кулуң да, күңүң да, өгүзүң да, эшегиң да, башка малың да, үйүңдөгү келгин да эч кандай жумуш кылбасын, өзүң эс алгандай, кулдарың да, күңдөрүң да эс алсын.

15Мисир жеринде кул болгонуңду, бирок Кудай-Теңириң ал жерден сени сунулган колу, күчтүү билеги менен алып чыкканын эсиңден чыгарба, ошондуктан Кудай-Теңириң сага ишемби күндү ыйык тутууну буйруган.

16Кудай-Теңириң берип жаткан жерде өзүңө жакшы болсун десең, өмүрүң узун болсун десең, Кудай-Теңириң сага буйругандай, атаң менен энеңди сыйла.

17Киши өлтүрбө.

18Ойноштук кылба.

19Уурдаба.

20Бирөө жөнүндө жалган ушак айтпа.

21Жакыныңдын аялына да, үйүнө да, жерине да, кулуна да, күңүнө да, өгүзүнө да, эшегине да, эч бир нерсесине көз артпа”.

22Бул сөздөрдү Теңир тоодо, от ичинен, булут ичинен, караңгылык ичинен катуу үн чыгара бүткүл жамаатыңарга айткан, андан башка эч нерсе айткан эмес. Ал сөздөрдү эки таш лоокко жазып, мага берген.

23Силер караңгылык ичинен үндү укканда, тоо жалындап күйүп турган, ошондо силер уруу башчыларыңар, аксакалдарыңар менен мага келип, мындай дегенсиңер:

24“Кудай-Теңирибиз бизге Өзүнүн даңкы менен улуулугун көрсөттү. Биз от ичинен Анын үнүн уктук. Бүгүн биз Кудайдын адам менен сүйлөшкөнүн көрдүк, ал адам тирүү калды.

25Биз, эмне, өлүшүбүз керекпи? Эми бул коркунучтуу от бизди жалмап салат. Эгерде Кудай-Теңирибиздин үнүн дагы бир жолу уксак, өлүп калабыз.

26От ичинен сүйлөгөн тирүү Кудайдын үнүн биздей болуп угуп тирүү калган адам барбы?

27Сен барып, Кудай-Теңирибиз эмнени айтса, ошонун бардыгын угуп кел. Кудай-Теңирибиз сага эмнени айтса, ошонун бардыгын бизге айтып бер, биз аны угабыз жана аткарабыз”.

28Теңир силердин мени менен сүйлөшкөндө айткан сөздөрүңөрдү угуп, мага мындай деди: “Мен бул элдин сага айткан сөздөрүн уктум, алардын айткандарынын баары жакшы.

29Бирок алардын жүрөгү ушундай болсо кана! Менден коркуп, өмүрлөрү өткөнчө Менин осуяттарымды аткарышса, аларга да, алардын балдарына да түбөлүккө жакшы болор эле.

30Аларга барып: «Өз чатырларыңарга кайткыла», – деп айт.

31Сен болсо бул жерде Мени менен кал, Мен сага мыйзамдар менен көрсөтмөлөрдү айтам, сен ошол мыйзамдар менен көрсөтмөлөрдү аларга үйрөтүшүң керек. Мен аларга энчилеп берип жаткан жерде ушуларды аткарышсын”.

32Байкагыла, Кудай-Теңириңер кандай буйрук кылса, так ошондой кылгыла. Андан оңго да, солго да бурулбагыла.

33Кудай-Теңириңер көрсөткөн жол менен жүргүлө, ошондо тирүү калып, өз энчиңерге алган жерде жакшы жашап, узак өмүр сүрөсүңөр.

/article>