1Силерге үйрөтүш үчүн берген Кудай-Теңириңердин осуяттары, мыйзамдары, көрсөтмөлөрү ушулар. Аларды өзүңөр ээлегени бара жаткан жерде аткаргыла.
2Кудай-Теңириңден корккун жана узак өмүр сүрүш үчүн, мен сага осуяттап жаткан Анын мыйзамдары менен осуяттарын өзүң, балдарың, балдарыңдын балдары өмүрүңөр өткөнчө аткаргыла.
3Ошентип, кулак сал, Ысрайыл, сенин ата-бабаларыңдын Кудай-Теңири сага берем деген, сүт менен бал аккан жерде жакшы жашап, укумдап-тукумдап көбөйүшүң үчүн, ушуларды аткарууга аракет кыл.
4Кулак сал, Ысрайыл: силердин Кудай-Теңириңер – бир Кудай.
5Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бардык күч-кубатың менен сүй.
6Мен бүгүн осуяттап жаткан ушул сөздөрдү жүрөгүңдө сакта.
7Аларды үйдө отурганыңда да, жолдо бара жатканыңда да, жатканыңда да, турганыңда да балдарыңа кайра-кайра айтып үйрөт.
8Аларды эсиңден чыгарбаш үчүн, колуңа байлап, маңдайыңа таңып ал.
9Аларды эшигиңдин кашектерине, дарбазаңа жазып кой.
10Кудай-Теңириң ата-бабаларың Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка берем деп убада кылган жерге сени алып барганда, сен курбаган чоң жана кооз шаарларды,
11сен жыйнабаган байлыкка толгон үйлөрдү, сен казбаган кудуктарды, сен тикпеген жүзүмзарларды, сен отургузбаган зайтун дарактарын берет. Сен алардан тойгончо жейсиң.
12Ошондо байкагын, сени Мисир жеринен, кулчулуктан алып чыккан Теңирди унутпа.
13Кудай-Теңириңден корккун, Ага гана кызмат кыл, Анын ысымы менен ант бер.
14Башка кудайларды ээрчибегиле, тегерегиңерде жашаган башка элдердин кудайларын ээрчибегиле.
15Анткени араңарда жашаган Кудай-Теңириңер – кызганчаак Кудай. Кудай-Теңириң сага каарданып, сени жер бетинен жок кылып салбасын.
16Кудай-Теңириңерди Масада сынагандай сынабагыла.
17Кудай-Теңириңдин сага берген осуяттарын, көрсөтмөлөрүн, мыйзамдарын бек сакта.
18Теңириң ата-бабаларыңа убада кылган жер соорусуна барып, аны ээлеп алышың үчүн жана ал жерде сага жакшы болуш үчүн, Теңирге жаккан, адилеттүү, жакшы иштерди кыл.
19Ошондо Теңир Өзү айткандай, сенин алдыңан бардык душмандарыңды кууп жиберет.
20Эгерде сенин балаң кийин сенден: “Кудай-Теңириң берген осуяттар, мыйзамдар, көрсөтмөлөр эмнени билдирет?” – деп сураса,
21балаңа мындай деп айт: “Биз Мисирде фараонго кул болгонбуз, бирок Теңир бизди Өзүнүн күчтүү колу менен Мисирден алып чыккан.
22Теңир биздин көз алдыбызда Мисир жерине, фараонго, анын үйлөрүнө жышаандарды, чоң кереметтерди, көрсөткөнүн, аларды жазалаганын көрдүк.
23Ата-бабаларыбызга убада кылган жерге бизди алып барып, ал жерди бизге бериш үчүн, бизди Мисирден алып чыкты.
24Ошондо Кудай-Теңирибизден коркушубуз үчүн, өмүрүбүз өткөнчө бизге жакшы болуш үчүн, өмүрүбүз бүгүнкүдөй сакталып калышы үчүн, ушул мыйзамдардын баарын аткарууну буйруган.
25Эгерде биз ушул мыйзамдардын баарын Кудай-Теңир буйругандай, Анын алдында аткарууга аракет кылсак, биздин адилеттигибиз ушунда”.