Мыйзамды кайталоо 7:1-26 KYB2004 - Bible AI

1Кудай-Теңириң сени ээлегени бара жаткан жерге алып барганда, сенден алда канча көп жана күчтүү мына бул жети элди: хеттиктерди, гиргештиктерди, аморлуктарды, канаандыктарды, перездиктерди, хибиликтерди, жебустуктарды сенин алдыңан кууп чыгып,

2аларды колуңа салып берет, сен аларды кырып саласың. Ошондо алардын бирин да калтырбай кырып сал, алар менен келишим түзбө, аларды аяба.

3Алар менен куда-сөөк да болбо: кыз алышып, кыз беришпе.

4Анткени алар сенин уулдарыңды Менден алыстатат, уулдарың башка кудайларга кызмат кылып калышат. Ошондо Теңир каарданып, силерди тез эле кырып салат.

5Аларга мындай кылгыла: курмандык чалынуучу жайларын талкалагыла, мамыларын кулаткыла, токойчолорун кыйгыла, балбалдарын отко ыргытып, өрттөп жибергиле.

6Анткени сен Кудай-Теңириңдин ыйык элисиң. Жер бетиндеги бардык элдердин ичинен сен Анын Өз эли болушуң үчүн, сени Кудай-Теңириң тандап алган.

7Теңир силерди башка элдерден көп болгонуңар үчүн тандап алган жок, силер башка элдерге караганда аз сандагы элсиңер.

8Теңир силерди сүйгөндүктөн, силердин ата-бабаларыңарга берген убадасын аткарыш үчүн, силерди Өзүнүн күчтүү колу менен алып чыкты. Ал сени кулчулуктан, Мисир падышасы фараондун колунан куткарып алды.

9Ошондуктан билип жүр: сенин Кудай-Теңириң – Кудай, Өзүнүн келишимин сактаган ишенимдүү Кудай. Ал Өзүн сүйгөндөрдүн жана Өзүнүн осуяттарын аткаргандардын миңинчи тукумуна чейин Өзүнүн ырайымын көрсөтөт.

10Ал Өзүн жек көргөндөрдүн ар бирин өзүнчө жазалайт. Ал Өзүн жек көргөндүн жеке өзүн кечиктирбестен жазалайт.

11Ошондуктан мен бүгүн сага берип жаткан осуяттарды, көрсөтмөлөрдү, мыйзамдарды аткар.

12Эгерде сен ушул мыйзамдарга баш ийсең, аларды сактасаң, аткарсаң, анда Кудай-Теңириң ата-бабаларыңа убада кылгандай, Өзүнүн келишимин бек сактап, сага ырайым кылат.

13Ал ата-бабаларыңа убада кылып, сага берген жерде сени сүйүп, сага батасын берип, укумдатып-тукумдатып көбөйтөт. Балдарыңа, жерден алган түшүмүңө, эгиниңе, жүзүмүңдүн ширесине, зайтун майыңа батасын берет, бодо малың менен майда малыңды төлдөтөт.

14Башка элдерге караганда баталуу болосуң. Сенде тукумсуз эркек, төрөбөс аял, төлдөбөс мал болбойт.

15Сени ар кандай оорудан алыс кылат жана Мисирдеги сен билген оор дарттардын эч бирин жолотпойт, бирок аларды сени жек көргөндөрдүн баарына жиберет.

16Кудай-Теңириң колуңа салып берип жаткан элдерди жок кыласың. Аларды аяба, алардын кудайларына табынба, анткени алар сага жайылган тор болот.

17Эгерде сага “Бул элдер менден алда канча көптүк кылат, аларды мен кантип кууп чыгам?” деген ой келсе,

18алардан коркпо, Кудай-Теңириңдин фараонго жана бүткүл Мисир жерине эмне кылганын эсте.

19Өз көзүң менен көргөн ошол улуу сыноолорду, жышаандарды, кереметтерди, Кудай-Теңириңдин сунулган колу, күчтүү билеги менен алып чыкканын эсте. Сен коркуп жаткан ал элдерге Кудай-Теңириң так ошондой кылат.

20Тирүү калгандарды, качып кеткендерди жок кылмайынча, Кудай-Теңириң аларга чоң аарыларды жиберет.

21Алардан коркпо, анткени сенин Кудай-Теңириң – улуу жана коркунучтуу Кудай.

22Кудай-Теңириң ал элдерди сенин жериңден акырындык менен кууп чыгат. Талаа жырткычтары көбөйүп, сага кол салбашы үчүн, сен ал элдерди тез аранын ичинде жок кылбайсың.

23Бирок аларды сенин колуңа Кудай-Теңириң Өзү салып берет. Аларга дүрбөлөң түшүрөт, ошондо алар кырылып жок болушат.

24Алардын падышаларын да колуңа салып берет, сен алардын атын жер үстүнөн өчүрөсүң. Сен аларды жок кылмайынча, сенин алдыңда эч ким туруштук бере албайт.

25Алардын жасалма кудайларын өрттөп жибергиле. Ал жасалма кудайлардагы алтын-күмүштү алам деп ойлобо, болбосо торго түшүп каласың. Бул сенин Кудай-Теңириң үчүн жийиркеничтүү.

26Ага окшоп каргышка калбашың үчүн, андай жийиркеничтүү нерсени үйүңө жолотпо. Аны жек көр, андан жийиркен, анткени ал – каргышка калган нерсе.

/article>