1Кулак сал, Ысрайыл, көк тиреген чептүү чоң шаарлары бар, сенден алда канча көп жана күчтүү элди басып алыш үчүн, сен азыр Иордандын аркы өйүзүнө өтүп бара жатасың.
2Ал эл – саны көп, узун бойлуу Анактын уулдары. Сен алар жөнүндө билесиң жана “Анактын уулдарына ким каршы тура алат?” деген сөздү угуп жүрөсүң.
3Билип кой азыр, Кудай-Теңириң бардыгын жалмап жиберүүчү оттой болуп, сенин алдыңда бара жатат. Теңир аларды кырат, сага багынтып берет; Теңир сага айткандай, сен аларды кууп жибересиң, тез эле кырып саласың.
4Кудай-Теңириң аларды сен үчүн кууп чыкканда, өз жүрөгүңдө: “Адил болгонум үчүн Теңир мени бул жерге ээ кылды, мыйзамсыз болгону үчүн Теңир бул элди менин алдыман кууп чыгарып жатат”, – деп айтпа.
5Сен алардын жерин адил болгонуң үчүн, жүрөгүң таза болгону үчүн мурастаганы бара жаткан жоксуң. Бирок сенин Кудай-Теңириң ал элдерди мыйзамсыз иштери үчүн жана сенин ата-бабаң Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка берген убадасын аткарыш үчүн, сенин алдыңан кууп жатат.
6Ошондуктан билип кой, Кудай-Теңириң бул жер соорусун сага адил болгондугуң үчүн берип жаткан жок, сен тоң моюн элсиң.
7Кудай-Теңириңди чөлдө канча жолу каардантканыңды эсиңден чыгарба, Мисир жеринен чыккан күндөн тартып, дал ушул жерге келгенге чейин, Теңирге моюн сунган жоксуң.
8Хорепте да силер Теңирди каарданткансыңар, ошондо Ал каарданып, силерди кырып салгысы келген.
9Мен Теңирдин силер менен түзгөн келишими жазылган лоокторун, таш лоокторду, алганы тоого чыгып, нан жебей, суу ичпей, ал тоодо кырк күн, кырк түн болдум.
10Ошондо Теңир мага Өз сөөмөйү менен жазган эки таш лоокту берди. Алардын бетине силер тоого чогулуп келген күнү Теңирдин силерге от ичинен айткан сөздөрү жазылган.
11Кырк күн, кырк түн өткөндөн кийин, Теңир мага келишим жазылган эки таш лоокту берди.
12Анан Теңир мага: “Тоодон тезирээк түш, анткени Мисирден алып чыккан элиң бузулду. Ал Мен көрсөткөн жолдон тез эле бурулуп кетти, ал өзүнө буркан жасап алды”, – деди.
13Анан Теңир мага дагы мындай деди: “Мен бул элди билем, ал – тоң моюн эл.
14Мени токтотпо, Мен аны жок кылам, анын атын жер үстүнөн өчүрөм. Сенден болсо андан алда канча көп, күчтүү эл чыгарам”.
15Ошондо мен тоодон кайтып келдим. Тоо болсо жалындап күйүп жатты. Келишим жазылган эки таш лоок эки колумда эле.
16Мен силердин алтындан музоо куюп, Теңир көрсөткөн жолдон тез эле бурулуп, Кудай-Теңириңерге каршы күнөө кылганыңарды көрдүм.
17Ошондо мен эки колумдагы эки таш лоокту силердин көзүңөрчө жерге ыргытып, талкалап салдым.
18Анан Теңирдин алдына жыгылып, силердин Теңирге жакпаган иш кылып, Аны каардантып, күнөөгө батканыңар үчүн, мен нан жебей, суу ичпей, мурункудай эле кырк күн, кырк түн сыйындым.
19Анткени Теңирдин каарданып, силерди жок кылып салгысы келгенинен корктум. Теңир мени бул жолу да укту.
20Теңир Арунга да каарданып, аны өлтүргүсү келди, бирок мен ошол учурда Арун үчүн да сыйындым.
21Силердин күнөөңөрдү – силер жасаган музоону алып, отко өрттөп салдым. Мен аны талкалап, топурактай майдалап, тоодон түшкөн сууга чачып жибердим.
22Силер Теңирди Табейрада да, Масада да, Киброт-Атаапта да каарданттыңар.
23Теңир силерди Кадеш-Барнейиден: “Баргыла да, Мен силерге берген жерди ээлеп алгыла”, – деп жөнөткөндө, силер Кудай-Теңириңердин буйругуна каршы болдуңар, Ага ишенген жоксуңар, Анын үнүн укпай койдуңар.
24Мен силерди билген күндөн бери силер Теңирге баш ийбей келе жатасыңар.
25Ошондо мен Теңирдин алдына жыгылып, кырк күн, кырк түн жалынып сыйындым, анткени Теңир силерди кырып салгысы келген.
26Мен Теңирге мындай деп сыйындым: “О Эгедер Теңирим, Өз элиңди, Өз энчиңди жок кыла көрбө, Сен ал элди улуу кудуретиң менен куткарып, Мисирден күчтүү колуң менен алып чыккансың.
27Өзүңдүн кулдарың Ыбрайым, Ыскак, Жакыпты эстегин. Бул элдин тоң моюндугуна, бузулгандыгына, күнөөсүнө караба.
28Сен бизди алып чыккан жерде жашагандар: «Теңир Өзү убада кылган жерге алып бара алган жок, аны жек көргөндүктөн, чөлдө өлтүрүп салыш үчүн алып чыккан», – деп айтпасын.
29Алар Сенин элиң, Сенин энчиң, Сен аларды Өзүңдүн сунулган колуң, күчтүү билегиң менен Мисир жеринен алып чыккансың”.