Накум 1:1-15 KYB2004 - Bible AI

1Нинеби тууралуу пайгамбарчылык. Элкоштук Накумдун көрүнүш китеби.

2Теңир – кызганчаак, өч алуучу Кудай. Теңир – өч алуучу, Анын каары коркунучтуу: Теңир Өзүнүн душмандарынан өч алат, Ал Өзүнүн жоолорун аябайт.

3Теңир чыдамдуу, кудурети менен улуу, Ал жазасыз калтырбайт. Теңирдин жолу куюнда жана бороондо, булут – Анын таманынан чыккан чаң.

4Ал деңизге тыюу салат, ошондо ал кургап калат, бардык өзөндөр соолуп калат. Башан менен Кармел куурайт, Лебанондун гүлү соолуйт.

5Анын алдында тоолор титиреп турат, адырлар эрийт, Анын алдында жер, аалам жана анда жашагандардын баары титиреп турат.

6Анын каарына ким туруштук бере алат? Анын каарынын жалынына ким чыдай алат? Анын каары оттой чачырайт. Анын алдында аскалар жарылат.

7Теңир ырайымдуу, кайгы күнү Ал – баш паана, Ал Өзүнө таянгандарды билет.

8Бирок баарын каптаган ташкыны менен Нинебини негизине чейин кыйратып салат, Анын душмандарына караңгылык түшөт.

9Силер Теңирге каршы эмнени ойлоп жатасыңар? Ал кырып жок кылат, алаамат экинчи жолу кайталанбайт,

10анткени тикенек сыяктуу өз ара чырмалышкандар жана аракечтер сыяктуу мас болгондор кургак самандай болуп таптакыр өрттөнүп кетишет.

11Сенден Теңирге каршы жамандык ойлогон, жаман кеңеш берген адам чыкты.

12Теңир мындай дейт: «Алар күчтүү жана өтө көп болушканына карабастан, кырылып жок болушат. Мен сени кыйнап келгем, мындан ары кыйнабайм.

13Мен эми сенин мойнуңдагы анын моюнтуругун талкалайм, сенин кишендериңди үзөм».

14Сен жөнүндө болсо, Ашур, Теңир мындай өкүм чыгарып койгон: «Мындан ары сенин ысымың менен атала турган тукумуң болбойт. Сенин кудайыңдын үйүнөн таш буркандарды жана жасалма кудайларды жок кылам, ал жерге сага мүрзө даярдайм, анткени сен жек көрүндүсүң».

15Мына, тынчтыкты кабарлаган жакшы кабарчынын буттары тоолордун үстүндө. Өз майрамдарыңды майрамдай бер, Жүйүт, өз убадаларыңды аткара бер, анткени мындан ары сенин жериңден мыйзамсыз адам өтпөйт: ал таптакыр жок болду.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>