1Сага каршы кыйратуучу көтөрүлдү: чептериңди кайтар, жолуңду сакта, белиңди бек буу, күчүңдү жыйна.
2Анткени Теңир Жакыптын даңкын Ысрайылдын даңкындай кылып калыбына келтирет, анткени кыйратуучулар аларды кыйратышты, алардын жүзүм сабактарын талкалашты.
3Анын баатырларынын калканы кызыл, анын жоокерлери кочкул кызыл кийим кийишкен. Салгылашка даярдануу күнүндө майдан арабалары оттой жаркырайт, найзалары калың чердей кылкылдайт.
4Майдан арабалары көчөлөрдө зуулдайт, аянттарда дүңгүрөйт. Алар шаманадай жаркырайт, чагылгандай жаркылдайт.
5Ал өзүнүн кайраттууларын чакырып жатат, бирок алар басып баратып мүдүрүлүп жатышат. Алар шаардын дубалдарына шашылып жатышат, бирок курчоо коюлуп калган.
6Дарыялардын дарбазалары ачылды, падыша сарайы кулап калды.
7Чечилди: аны жылаңачтап, туткундап кетишет, анын күңдөрү төшүн койгулап, көгүчкөндөрдөй онтошот.
8Байыртадан бери Нинеби сууга толгон көлмөгө окшош. Алар болсо качып бара жатышат. «Токтогула! Токтогула!» – деп кыйкырып жатышат. Бирок эч ким кылчайган жок.
9Алтын-күмүштөрдү ташып кеткиле! Топтолгон ар кандай кымбат баалуу буюмдарга сан жетпейт.
10Ал таланып-тонолду, ээн калды жана кыйратылды, ошондуктан жүрөк өлүп, тизелер титиреп жатат. Бардыгынын бели катуу ооруп жатат, бардыгынын өңү карарып кетти.
11Арстандардын үңкүрү, арстан күчүктөрүнүн жүргөн жери азыр кайда? Ал жерде эркек арстан, ургаачы арстан, күчүк арстан жүрөр эле, аларды эч ким коркутчу эмес.
12Күчүктөрүн тойгузуш үчүн, башкаларды тыткылап өлтүргөн, ургаачы арстандары үчүн башкаларды муунтуп өлтүргөн, өз үңкүрүн олжого, өз ийинин талап-тоноп алган нерсесине толтурган арстан кайда?
13«Мен сага каршымын, – дейт Себайот Теңир, – сенин майдан арабаларыңды түтөтүп өрттөйм, сенин арстан күчүктөрүңдү кылыч жалмайт, олжоңду жер бетинен жок кылам, ошондон кийин сенин элчилериңдин үнү угулбайт.