Накум 3:1-19 KYB2004 - Bible AI

1Канкор шаарга кайгы! Ал бүт бойдон алдамчылыкка жана киши өлтүрүүгө толгон. Анын ичинде талап-тоноочулук токтобой жатат.

2Камчынын үнү, чимирилген дөңгөлөктөрдүн калдырттаганы, аттын азынаганы жана катуу келе жаткан майдан арабанын дүңгүрөгү угулат.

3Атчан зымырайт, кылыч жалаңдайт, найза жаркылдайт. Өлтүрүлгөндөр өтө көп, өлүктөр үстү-үстүнө үйүлүп жатат; өлүктөргө сан жетпейт, аларга мүдүрүлүп жатышат.

4Бул чебер сыйкырчылык кылган, сырты жагымдуу бузулган аялдын көп бузуку иштери үчүн болду, ал өзүнүн бузуку иштери менен элдерди, сыйкырчылыгы менен урууларды сатат.

5Мен сага каршымын, – дейт Себайот Теңир, – кийимиңдин этегин бетиңе чейин көтөрүп, элдерге жылаңач этиңди көрсөтөм, падышачылыктарга абийириңди ачам.

6Анан сенин үстүңө жийиркеничтүү нерселерди үйөм, сени жек көрүндү кылам, сени маскара кылам.

7Ошондо сени көргөндөрдүн баары сенден качып: Нинеби талкаланды! Аны ким аяйт? Сени сооротуучуларды кайдан табам? – дешет.

8Сен дарыялардын ортосунда жайгашкан, суулар менен курчалган, чеби деңиз болгон, деңиз ага дубал болгон Но-Амон шаарынан артыксыңбы?

9Эфиопия менен Мисир анын күчү эле. Пут менен Либия ага жардамга келип турушкан.

10Бирок ал да көчүрүлүп кетти, туткундалып кетти. Атүгүл, анын наристелери да бардык көчөлөрдүн кесилиштеринде өлүп жатышат, анын атактуулары жөнүндө өкчөмө таш ыргытышты, анын бардык төрөлөрү чынжыр менен кишенделди.

11Сен да мас болосуң, жашынасың, сен да душманыңдан качып, баш паана издейсиң.

12Сенин бардык сепил-чептериң мөмөсү бышкан анжырга окшош. Эгерде аларды күбүсө, алар түз эле жегиси келгендин оозуна түшөт.

13Сенин элиң өзүңдөгү аялдарга окшош. Жериңдин дарбазалары душмандарыңа аңырая ачылат, кулпуларыңды от жалмайт.

14Курчоо убагына чейин суу ташып ал. Сепил-чептериңди бекемде. Ылайга кирип, баткак тебеле, кыш бышыра турган мешиңди оңдо.

15Ошол жерде сени от жалмайт, кылыч кыя чабат. Сен кырк аяктай көбөйсөң да, чегирткедей жайнасаң да, сени кырк аяктай жейт.

16Көпөстөрүңдү асмандагы жылдыздардан да көп кылдың. Бирок бул чегиртке туш-тушка учуп кетет.

17Сенин төрөлөрүң чегирткелердей, аскер башчыларың чиркейлердин уюгундай, алар суукта дубалдардын кычыктарына уялашат, күн чыкканда, туш-тушка учуп кетишет, алардын орду кайда экенин билбей каласың.

18Ашур падышасы, сенин койчуларың уктап жатышат, төрөлөрүң эс алып жатышат. Сенин элиң тоолорго чачырап кетти, аларды чогултар эч ким жок.

19Сенин жараатыңа даба жок, жараатың оор. Сен тууралуу кабар уккандардын бардыгы кол чабышат, анткени сенин тыйылбаган кыянаттыгың кимге гана багытталган жок?!»

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>