Накыл 1:1-33 KYB2004 - Bible AI

1Ысрайыл падышасы Дөөттүн уулу Сулаймандын накыл сөздөрү.

2Бул сөздөр акылмандыкка жетиш үчүн, акыл-насаатты угуш үчүн, накыл кептерди түшүнүш үчүн,

3эстүүлүктүн, адилеттүүлүктүн, соттун, чындыктын эрежелерин өздөштүрүш үчүн,

4жөнөкөйлөргө зээндүүлүк, жаш жигитке билим жана эстүүлүк бериш үчүн жазылган.

5Бул сөздөргө акылман адам кулак төшөп, билимин арттырат, акылдуу адам акылдуу кеңештерди табат.

6Ошондо ал накыл сөздөрдү, нуска кептерди, даанышмандардын сөздөрүн жана табышмактарын түшүнөт.

7Акылмандыктын башталышы – Теңирден коркуу. Акылмандык менен акыл-насаатты акылы жоктор гана жек көрүшөт.

8Уулум, атаңдын акыл-насаатын ук, энеңдин кеңешин четке какпа.

9Анткени бул – башыңа кооз таажы, мойнуңа мончок.

10Уулум! Эгерде сени күнөөкөрлөр азгырса, макул болбо.

11Эгерде алар мындай дей турган болсо: «Жүр биз менен, киши өлтүрүш үчүн буктурма коёбуз, айыпсыз, таза адамды аңдыйбыз,

12аларды өлгөндөр жаткан жай жуткансып, тирүүлөй жутуп алабыз, көргө түшкөндөргө окшотуп, бүкүлү жутуп алабыз.

13Ар кыл асыл буюмдарды жыйып алабыз, үйлөрүбүздү олжого толтурабыз.

14Биз менен бирге өкчөмө таш ыргытасың, баарыбыздын казынабыз бир болот!»

15Уулум! Аларга кошулба, алардын жолуна түшпө.

16Анткени алардын буттары кыянаттык кылууга чуркайт, кан төгүүгө шашат.

17Канаттуулардын көзүнчө тор жаюу бекер,

18алардын канын төгүш үчүн буктурма коюшат, алардын жанын алыш үчүн аңдып турушат.

19Бирөөнүн байлыгына көз арткан ар бир адамдын жолу ушундай болот: тартып алган байлыгы аны өмүрүнөн ажыратат.

20Акылмандык көчөлөрдө жар салып жүрөт, аянттарда угуза сүйлөп жатат,

21көп эл чогулган жерлерде жар салып, шаар дарбазасынын кире беришинде мындай деп сүйлөп жатат:

22«Түркөйлөр, качанга чейин түркөйлүктү жакшы көрө бересиңер? Шылдыңчылдар качанга чейин өздөрүнүн шылдыңдоолоруна маашырлана беришет? Акылсыздар качанга чейин билимди жек көрүшөт?

23Мен ашкерелеп жатам, көңүл бургула: мына, мен силерге өз рухумду төгөм, өз сөзүмдү жарыя кылам.

24Мен силерди чакырдым, бирок силер укпай койдуңар. Силерге колумду сундум, бирок силер көңүл бурбай койдуңар.

25Менин кеңештеримдин бардыгын четке кактыңар, ашкере кылганымды кабыл албай койдуңар.

26Ошон үчүн мен да силердин өлүмүңөргө күлөм, башыңарга мүшкүл түшкөндө сүйүнөм.

27Силерди коркунуч бороондой каптаганда, кырсык бурганактай басканда, башыңарга кайгы жана кыйынчылык келгенде,

28мени чакырасыңар, бирок мен силерди укпайм. Мени таң заардан издейсиңер, бирок таппайсыңар.

29Анткени алар билимди жек көрүштү, Теңирден коркууну тандап алышкан жок.

30Менин кеңештеримди кабыл алышкан жок, менин ашкере кылганымды жек көрүштү.

31Ошон үчүн алар өздөрүнүн жолунун жемиштеринен жешет, өздөрүнүн ойлорунун жемишине тоюшат.

32Анткени наадандарды өжөрлүгү өлтүрөт, акылсызды камырабастыгы өлтүрөт.

33Мени уккандар болсо жамандыктан коркпой, коопсуз, бейкапар жашашат».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>