1Сулаймандын накыл сөздөрү. Акылдуу уул атасын кубантат, акылсыз уул – энесинин кайгысы.
2Жалган жолдор менен табылган байлык пайда алып келбейт, адилдик болсо өлүмдөн куткарат.
3Теңир адил адамга ачкачылыктын азабын тартууга жол бербейт, мыйзамсыздын жыйып алганын алып ыргытат.
4Эринчээк кол жарды кылат, аракетчил кол байытат.
5Жайында түшүм жыйган уул – акылдуу уул, оруу-жыюу маалында уктап жаткан уул – уятка калтырчу уул.
6Адил адам батага ээ болот, мыйзамсыздардын оозу зомбулукту жаап-жашырат.
7Адил адам алкоо менен эскерилет, мыйзамсыздардын аты өчөт.
8Жүрөгү акылдуу адам осуяттарды кабыл алат, акылсыз адам оозунан жаңылып жыгылат.
9Түз жүргөн адам коопсуз жашайт, ал эми түз жолдон чыккан адам жазаланат.
10Көзүн ымдаган адам бирөөнү ыза кылат, ал эми акылсыз адам оозунан жаңылып жыгылат.
11Адил адамдын оозу – өмүр булагы, ал эми мыйзамсыздардын оозу зулумдукту жаап-жашырат.
12Жек көрүү жаңжал чыгарат, ал эми сүйүү бардык күнөөнү жабат.
13Акылдуунун оозунда акыл бар, ал эми акылсыздын денесинен таяк кетпейт.
14Акылдуулар билимди сакташат, акылсыздардын оозу – тез келүүчү өлүм.
15Байдын мүлкү – өзүнө чептүү шаар, жакырлардын кайгысы – өздөрүнүн начар турмушу.
16Адил адамдын эмгеги өмүргө ээ кылат, мыйзамсыздын ийгилиги күнөөгө алып барат.
17Акыл-насаатты сактаган адам өмүр жолунда, акыл-насааттан баш тарткан адам адашып жүрөт.
18Жек көрүүсүн жашырган адамдын оозу жалган. Ушак тараткан адам – акылсыз адам.
19Көп сүйлөгөн адам күнөөгө батпай койбойт. Тилин тыйган адам – акылдуу адам.
20Адил адамдын тили – тандамал күмүш, мыйзамсыздын жүрөгү эч нерсеге арзыбайт.
21Адил адамдын сөзү көптү багат, акылсыздар акыл жетишпегенден өлүшөт.
22Теңирдин батасы байытат, өзү менен кошо кайгы алып келбейт.
23Акылсыз адамга кылмыш кылуу – оюн-тамаша, ал эми акылдуу адамга акыл таандык.
24Мыйзамсыз эмнеден корксо, анын башына ошол түшөт, ал эми адил адамдын тилеги аткарылат.
25Мыйзамсыз адам куюн учургандай жок болот, ал эми адил адам түбөлүк негизде турат.
26Тишке уксус кандай болсо, көзгө түтүн кандай болсо, жалкоону жумшаган адамга жалкоо да ошондой.
27Кудайдан коркуу өмүрдү узартат, ал эми мыйзамсыздардын өмүрү кыскарат.
28Адил адамдарды кубаныч күтүп турат, мыйзамсыздардын үмүтү таш кабат.
29Теңирдин жолу – кемчиликсиз адамдар үчүн чеп, мыйзамсыздар үчүн коркунуч.
30Адил адам түбөлүккө олку-солку болбойт, мыйзамсыздар болсо жер үстүндө калышпайт.
31Адил адамдын оозунан акылдуу сөз чыгат, ал эми алдамчы тил кесилет.
32Адил адам орундуу сүйлөгөндү билет, ал эми мыйзамсыздын оозунан ыпылас сөз чыгат.