1Туура эмес тараза Теңирдин алдында жийиркеничтүү, туура тараза Ага жагат.
2Текебердик келгенде, маскаралык да келет, ал эми момундарда акылмандык.
3Куулугу жок адамдарды чынчылдыгы жетектейт, ал эми жүзү караларды амалкөйлүгү өлтүрөт.
4Каар төгүлө турган күнү байлык жардам бербейт, ал эми адилдик өлүмдөн куткарат.
5Кемчиликсиз адамдын жолун өзүнүн адилдиги түздөйт, ал эми мыйзамсыз адам өзүнүн мыйзамсыздыгынын айынан кулайт.
6Куулугу жок адамдарды өздөрүнүн адилдиги куткарат, ал эми мыйзамсыздар өздөрүнүн мыйзамсыздыгы менен торго түшүшөт.
7Күнөөкөр адамдын үмүтү өзү менен кошо жоголот, мыйзамсыздардын үмүтү жок болот.
8Адил адам кырсыктан кутулат, анын ордуна мыйзамсыз тутулат.
9Эки жүздүү өз жакынын тили менен өлтүрөт, ал эми адил адамдар кыраакылыгы менен кутулушат.
10Адил адамдар жакшы жашап жатканда, шаар кубанат; мыйзамсыз адамдар өлгөндө, майрам болот.
11Адил адамдардын батасы менен шаар гүлдөйт, ал эми мыйзамсыздардын тили менен шаар талкаланат.
12Кем акыл жакынына жек көрөрүн айтат, ал эми акылдуу адам унчукпайт.
13Сөз ташыган адам жашыруун сырды ачат, ал эми ишенимдүү киши ичинде сактайт.
14Туура кеңештин жоктугунан элдин абалы начарлайт, кеңешчилер көп болсо, эл куткарылат.
15Бирөөнүн милдетин мойнуна алган адам өзүнө өзү жамандык кылат, ал эми кепилдикти жек көргөн адам коопсуз болот.
16Адептүү аял даңкка ээ болот, ал эми эмгекти сүйгөндөр байлыкка ээ болушат.
17Кайрымдуу адам өз жанына жакшылык кылат, ал эми таш боор адам өз денесин кыйратат.
18Мыйзамсыз адам жалган жол менен пайда табат, ал эми чындыкты сепкен адам чыныгы белек алат.
19Адилдик өмүргө ээ кылат, ал эми жамандыкка умтулган адам өлүмгө умтулат.
20Жүрөгү бузук адамдар Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми кемчиликсиз жашагандар Ага жагат.
21Бузуку адам жазаланбай калбайт деп, кепилге өтүүгө болот, ал эми адил адамдардын тукуму куткарылат.
22Сулуу, бирок акылсыз аял мурдуна алтын шакек тагылган чочкодой.
23Адил адамдардын каалаганы – жалаң жакшылык, мыйзамсыздарды каар күтүп турат.
24Бирөө мол себет, аныкына дагы кошулат; экинчи бирөө ашкере үнөмчүл, ошого карабастан жакырдана берет.
25Кайрымдуу жан ток болот. Бирөөнүн суусунун кандырган адамдын да суусуну кандырылат.
26Данды кампасына катып алган адам элдин каргышына калат, ал эми саткан адамдын үстүндө бата болот.
27Жакшылыкка умтулган адам жакшылык табат, жамандык издеген адамга жамандык келет.
28Байлыгына таянган адам кулайт, ал эми адил адамдар жалбырактай көгөрүшөт.
29Yйүн бузган адам энчисине шамал алат, акылсыз адам жүрөгү акылдуу адамга кул болот.
30Адил адамдын жемиши – өмүр дарагы, акылдуу адам адамдарды өзүнө тартат.
31Ошентип, адил адамга жер үстүндө өз тиешеси берилсе, андан бетер мыйзамсызга да, күнөөкөргө да өз тиешеси берилет.