1Акыл-насаатты сүйгөн адам билимди сүйөт, ал эми ашкерелөөнү жек көргөн адам акылсыз.
2Жакшы адам Теңирден ырайым табат, ал эми жаман ойлуу адамды Теңир жазалайт.
3Адам өзүн мыйзамсыздык менен бекемдей албайт, ал эми адил адамдын тамыры ордунан козголбойт.
4Жакшы аял – күйөөсүнүн таажысы, ал эми абийирсиз аял – сөөктөгү ириң.
5Адил адамдардын ойлогону – акыйкаттык, ал эми мыйзамсыздардын ойлогону – жамандык.
6Мыйзамсыздардын тили – кан төгүү үчүн коюлган буктурма, ал эми адил адамдарды өздөрүнүн оозу куткарат.
7Мыйзамсыздар кырсык басары менен жок болушат, ал эми адил адамдардын үйү тура берет.
8Адамды акылына жараша макташат, ал эми жүрөгү бузук адам жек көрүндү болот.
9Нанга муктаж болуп туруп, өзүн көрүнүктүү адам кылып көрсөткөнгө караганда, өзү үчүн эмгектенген жөнөкөй адам артык.
10Адил адам малы үчүн да кам көрөт, мыйзамсыз адамдар болсо таш боор.
11Өз жерин иштеткен адам нанга тоёт, ал эми бекерчиликти сүйгөндөрдү туураган адам кем акыл.
12Мыйзамсыз адам адил адамды жамандыктын торуна түшүргүсү келет, бирок адил адамдын тамыры бекем.
13Мыйзамсыз адам өз оозунун күнөөлөрү менен торго түшөт, ал эми адил адам жамандыктан кутулат.
14Адил адам өз оозунун жемишинен жакшылыкка тоёт, адам өзүнүн кылган ишине жараша тиешесин алат.
15Акылсыз адамга өзүнүн жолу түз көрүнөт, ал эми кеңеш уккан адам акылдуу.
16Акылсыз адамдын ачуусу дароо эле сыртка чыгат, ал эми акылдуу адам ызасын сыртка чыгарбайт.
17Билгенин айткан адам чындыкты айтат, ал эми жалган күбөнүн айтканы жалган.
18Маңызсыз сүйлөгөн адам кылыч менен жаралагандай жаралайт, ал эми акылдуу адамдардын тили сакайтат.
19Адил адамдын тили түбөлүк жашайт, ал эми алдамчынын тили көз ирмемге эле жашайт.
20Кара ниеттин жүрөгүндө – жаман ой, тынчтык орнотуучулардын жүрөгүндө – кубаныч.
21Адил адам эч жамандык көрбөйт, мыйзамсыздар болсо көп жамандык көрүшөт.
22Жалган сүйлөгөн тил Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми чындыкты сүйлөгөндөр Ага жагат.
23Акыл-эстүү адам билимин жашырат, ал эми акылсыздын акылсыздыгын өзүнүн жүрөгү көрсөтүп турат.
24Аракетчилдердин колу башкарат, ал эми жалкоонун колу салык төлөйт.
25Жүрөгүндөгү санаа адамдын көңүлүн чөктүрөт, ал эми жылуу сөз аны кубантат.
26Адил адам жакынына жол көрсөтөт, ал эми мыйзамсыздын жолу аларды адаштырат.
27Жалкоо адам өзүнүн илбээсинин бышырып жегенден эринет, ал эми аракетчил адамдын мүлкү баалуу.
28Чындыктын жолунда өмүр бар, анын жолунда өлүм жок.