1Акылдуу уул атасынын акыл-насаатын угат, ал эми ээ-жаа бербеген уул айыбын ачкандарды укпайт.
2Адам өз оозунун жемишинен жакшылык көрөт, ал эми мыйзамды бузгандардын жаны жамандык көрөт.
3Тилин тыйган адам жанын сактайт, ал эми оозун чоң ачкан адам кыйынчылыкка дуушар болот.
4Жалкоо эңсейт, бирок эңсегени бекер, ал эми аракетчил адамдар тоюшат.
5Адил адам жалган сөздү жек көрөт, ал эми мыйзамсыз адам өз абийирин өзү төгүп, өзүн өзү маскара кылат.
6Кемчиликсиз адамды чындык сактайт, ал эми күнөөкөрдү мыйзамсыздыгы өлтүрөт.
7Бирөө эч нерсеси жок болсо да, өзүн бай көрсөтөт. Экинчи бирөө байлыгы ашып-ташып турса да, өзүн бечара көрсөтөт.
8Адам байлыгы менен өз өмүрүн сатып алат, ал эми жардыны эч ким коркутпайт.
9Адил адамдардын жарыгы жаркырап турат, мыйзамсыздардын чырагы болсо өчөт.
10Менменсинүүдөн чыр чыгат, ал эми кеңешкендерде акыл бар.
11Оңой жол менен табылган байлык тез жок болот, ал эми мээнет менен жыйнаган адам байлыгын арттырат.
12Көпкө чейин ишке ашпаган үмүт жүрөктү кыйнайт, ал эми ишке ашкан үмүт – өмүр дарагы.
13Кудайдын сөзүн этибар албаган адам өзүнө зыян келтирет, ал эми осуяттан корккон адам тиешесин алат.
14Акылдуунун окутуусу – өлүмдүн торунан сактап кала турган өмүр булагы.
15Жакшы акыл жакшы нерсеге жеткирет, ал эми мыйзамсыздардын жолу катаал.
16Ар бир эстүү адам акыл менен иш кылат, ал эми акылсыз адам өзүнүн акылсыздыгын көрсөтөт.
17Жаман элчи кырсыкка кабылат, ал эми ишенимдүү элчи куткарат.
18Үйрөнүүдөн баш тарткан адамды жакырлык менен маскарачылык күтүп турат, ал эми акыл-насаатты сактаган адам урматка ээ болот.
19Ишке ашкан тилек жанга жагымдуу, ал эми жамандыктан четтөө – акылсыздар үчүн чыдагыс нерсе.
20Акылдуу адамдар менен мамилелешкен адам акылдуу болот, ал эми акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат.
21Күнөөкөрлөрдү жамандык ээрчип жүрөт, ал эми адил адамдар жакшылык көрүшөт.
22Жакшы адам неберелерине да мурас калтырат, ал эми күнөөкөрдүн байлыгы адил адам үчүн сакталат.
23Жардылардын талаасында да мол түшүм болот, бирок кээ бир адамдар баш аламандыктан өлүп жатышат.
24Чыбык аяган адам уулун жек көрөт, ал эми уулун сүйгөн адам аны бала чагынан жазалайт.
25Адил адам тамакты тойгончо жейт, ал эми мыйзамсыз адамдардын карды ач болот.