Накыл 14:1-35 KYB2004 - Bible AI

1Акылдуу аял үйүн курат, ал эми акылы жок аял аны өз колу менен бузат.

2Түз жол менен бара жаткандар Теңирден коркушат, ал эми кимдин жолу түз эмес болсо, ал Теңирди тоотпойт.

3Акылсыздын тили – текебердиктин камчысы, ал эми акылдууларды тили сактайт.

4Бука жок жерде акыр бош, ал эми мол киреше букалардын күчүнөн.

5Ишенимдүү күбө калп айтпайт, ал эми жалган күбө көп жалаа жабат.

6Шылдыңчыл адам акылмандыкты издейт, бирок таба албайт, ал эми акылдуу адамга билим алуу оңой.

7Акылсыз адамдан кач, анын оозунан акылдуу сөз чыкпайт.

8Акылдуу адамдын акылдуулугу – өз жолун билгендиги, акылсыз адамдардын акылсыздыгы болсо – адашуу.

9Акылсыз адамдар күнөөгө күлүшөт, ал эми адил адамдардын арасында ынтымак.

10Жүрөк өз жанынын кайгысын билет, анын кубанычын бөлөк бирөө бөлүшө албайт.

11Мыйзамсыздардын үйү бүлгүнгө учурайт, ал эми адил адамдардын үйү гүлдөйт.

12Адамга түз көрүнгөн жолдор бар, бирок алардын акыры – өлүмгө алып баруучу жол.

13Күлүп жаткан адамдын да жүрөгү ооруйт, кээде кубанычтын аягы кайгы менен бүтөт.

14Жүрөгү бузук адам өз жолунун жемишине тоёт, жүрөгү таза адам да өз жолунун жемишине тоёт.

15Акылсыз адам ар бир сөзгө ишене берет, ал эми акылдуу адам өз жолун байкап жүрөт.

16Акылдуу адам Кудайдан коркуп, жамандыктан качат, ал эми акылсыз адам ачуулуу, өзүнө өзү ишенген адам болот.

17Ачуусу чукул адам акылсыздык кылышы мүмкүн, ал эми атайылап кыянаттык кылган адам жек көрүндү болот.

18Түркөй адамдар энчисине акылсыздыкты алышат, ал эми акылдуу адамдар билим менен сыйланышат.

19Кара ниет адамдар ак ниет адамдарга, мыйзамсыз адамдар адил адамдардын дарбазасынын алдында таазим кылышат.

20Жакыр өз жакындарына да жек көрүндү болот, ал эми бай кишинин достору көп.

21Өз жакынын жек көрүп жаткан адам күнөө кылып жатат, ал эми жакырга кайрымдуу болгон адам бактылуу.

22Жамандык кылууну ойлоп жаткандар адашып жатышкан жокпу? Ал эми жакшылык кылууну ойлогон адамдарда ырайым, ишеним бар.

23Ар бир эмгектен киреше кирет, ал эми маңызсыз сөз зыянга гана учуратат.

24Акылдуу адамдардын таажысы – өздөрүнүн байлыгы, ал эми түркөй адамдардын таажысы – өздөрүнүн акылсыздыгы.

25Ишенимдүү күбө адамдарды куткарат, ал эми жалган күбө жалаа жабат.

26Теңирден коркуу – бекем таяныч, Ал – Өз уулдарына баш паана.

27Теңирден коркуу – өмүр булагы, ал өлүм торунан сактайт.

28Эли көп падыша – улуу падыша, эли аз падыша – шордуу падыша.

29Сабырдуу адамдын акылы мол, ал эми ачуусу чукул адам өзүнүн акылсыздыгын көрсөтөт.

30Момун жүрөк – денеге өмүр, ал эми көрө албастык – сөөккө ириң.

31Жакырды кордогон адам анын Жаратканына акарат келтирет, ал эми Аны урматтаган адам муктаж болуп турган адамга жакшылык кылат.

32Мыйзамсыз адам кылган жамандыгы үчүн четке кагылат, ал эми адил адамдын өлүм алдында да үмүтү бар.

33Акылмандык акылдуунун жүрөгүндө жашайт, акылсыздар арасында ал өзү жөнүндө билдирип турат.

34Адилдик элдин даңкын чыгарат, ал эми мыйзамсыздык элдин абийирин төгөт.

35Падыша акылдуу кулга ырайым кылат, ал эми аны уят кылган адамга каарын чачат.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>