1Момундук менен айтылган жооп каарды токтотот, ал эми кордогон сөз ачууну козгойт.
2Акылдуу адамдардын тили билимди кабарлайт, ал эми акылсыздардын оозу акылсыздыкты сүйлөйт.
3Теңирдин көзү бардык жерде, ал жакшыларды да, жамандарды да көрүп турат.
4Момун тил – өмүр дарагы, ал эми ооздукталбаган тил рухту талкалайт.
5Акылсыз адам атасынын акыл-насаатын барктабайт, ал эми айыбын ачканды уккан адам акылдуу.
6Адил адамдын үйүндө байлык көп, ал эми мыйзамсыздын кирешеси өзүнө бүлүнүү алып келет.
7Акылдуу адамдардын оозу билим таратат, акылсыздардын жүрөгү андай эмес.
8Мыйзамсыздардын курмандыгы Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми адил адамдардын сыйынуусу Ага жагат.
9Мыйзамсыздын жолу Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми акыйкат жолу менен жүргөн адамды Ал жакшы көрөт.
10Түз жолдон чыккандар катуу жазаланат, айыбын ачкан адамды жек көргөн адам өлөт.
11Өлгөндөр жаткан жай менен Абадон Теңирдин алдында ачык, андан бетер адам баласынын жүрөгү Анын алдында ачык.
12Шылдыңчыл адам айыбын ашкере кылган адамдарды сүйбөйт, акылдуу адамдарга да барбайт.
13Жүрөктөгү кубаныч жүздү жайдары кылат, ал эми жүрөктөгү кайгы көңүлдү чөгөрөт.
14Акылдуунун жүрөгү билим издейт, ал эми акылсыздардын оозу акылсыздык менен тамактанат.
15Бактысыздын бардык күндөрү кайгылуу, ал эми жайдары адамда күндө той.
16Бай болуп тынчсызданып жашаганча, кедей болуп Теңирден коркуп жашаган жакшы.
17Жек көрүү бар жерде семиз буканын этин жегенге караганда, сүйүү бар жерде жашылчадан жасалган тамак жеген жакшы.
18Ачуусу чукул адам чатак чыгарат, ал эми сабырдуу адам чатакты басат.
19Жалкоонун жолу – тикенектүү чырмоок, ал эми адил адамдардын жолу тегиз.
20Акылдуу уул атасын кубантат, акылсыз уул энесин барктабайт.
21Акылсыздык – кем акыл адам үчүн кубаныч, ал эми акылдуу адам түз жол менен жүрөт.
22Кеңешпей кылган иштер бузулат, кеңешчилер көп болсо, алар ишке ашат.
23Адам берген туура жообунан кубаныч алат, ошондой эле өз убагында айтылган сөз кандай жакшы!
24Төмөн жактагы өлгөндөр жаткан жайга түшпөс үчүн, акылмандын өмүр жолу жогору кетет.
25Теңир менменсингендердин үйүн кыйратат, ал эми жесирдин чегин бекемдейт.
26Кара ниеттердин ойлору Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми кемчиликсиз адамдардын сөздөрү Теңирге жагат.
27Алдым-жуттум адам өз үйүн бүлдүрөт, ал эми параны жек көргөн адам жашайт.
28Адил адамдын жүрөгү ойлонуп жооп берет, ал эми мыйзамсыздардын оозунан жаман сөз чыгат.
29Теңир мыйзамсыздардан алыс, ал эми адил адамдардын сыйынуусун угат.
30Жарык жүз жүрөктү кубантат, жакшы кабар сөөктү агартат.
31Турмуш сабактарын кунт коюп уккан адам акылдуу адамдардын арасында болот.
32Акыл-насаатты четке каккан адам өз жанына кайдыгер, ал эми сынга кулак салган адам акылга ээ болот.
33Теңирден коркуу акылдуу кылат, моюн сунуудан кийин даңк келет.