Накыл 16:1-33 KYB2004 - Bible AI

1Адам жүрөгүндө бир нерсени ниет кылат, бирок анын жообу Теңирден болот.

2Адамга өзүнүн бардык жолдору таза көрүнөт, бирок жүрөктөрдү Теңир салмактайт.

3Иштериңди Теңирге тапшыр, ошондо ойлогон ойлоруң ишке ашат.

4Бардыгын Теңир Өзү үчүн жаратты. Атүгүл, мыйзамсызды кайгы күнгө сактап турат.

5Жүрөгү текебер адам Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал жазасыз калбайт деп, кепилге өтсө болот.

6Ырайым жана чындык менен күнөө тазаланат, Теңирден коркуу жамандыктан алыстатат.

7Адамдын жолдору Теңирге жакканда, Ал аны душмандары менен да элдештирет.

8Алдамчылык менен мол киреше тапканча, чындык менен аз киреше тапкан артык.

9Адамдын жүрөгү өз жолун ойлонуштурат, бирок анын кадамын Теңир багыттайт.

10Падышанын оозунан Кудайдын өкүмү чыгат, сотто анын оозу күнөө кылбайт.

11Туура тараза жана өлчөөчү идиштер Теңирден, баштыктагы бардык тараза таштар да Теңирден.

12Мыйзамсыз иш падышалар үчүн жийиркеничтүү, анткени такты чындык менен бекемделет.

13Чын сүйлөгөн ооз падышага жагат, ал чындыкты сүйлөгөн адамды жакшы көрөт.

14Падышанын каары – өлүмдүн кабарчысы, бирок акылдуу адам анын каарын кайттырат.

15Падышанын жарык жүзү – өмүр, анын ырайым кылганы жазгы жамгырдай.

16Даанышмандыкка ээ болуу алтынга ээ болуудан алда канча жакшы, акылмандыкка ээ болуу тандамал күмүшкө ээ болуудан жакшы.

17Адил адамдардын жолу – жамандыктан оолак болуу. Өз жолун сактаган адам өз жанын сактайт.

18Кыйроонун алдында текебердик келет, кулардын алдында менменсингендик келет.

19Текеберлер менен олжо бөлүшкөнчө, момундар менен бирге моюн сунган жакшы.

20Ишти акылдуулук менен жүргүзгөн адам ийгилик табат, Теңирге таянган адам бактылуу.

21Жүрөгү акылдуу адам акылдуу деп аталат, жагымдуу сөз акылга акыл кошот.

22Акылы бар адам үчүн акыл – өмүрдүн булагы, ал эми акылсыздардын илимпоздугу – акылсыздык.

23Акылдуу адамдын жүрөгү өз тилин акылдуу кылат, оозундагы билимин арттырат.

24Жагымдуу сөз – бал, ал – жанга жагымдуу, сөөккө дары.

25Адамга түз көрүнгөн жолдор бар, бирок алардын аягы – өлүмгө алып баруучу жол.

26Эмгекчи өзү үчүн эмгектенет, анткени эмгектенүүгө оозу мажбурлап жатат.

27Амалкөй адам жамандык ойлоп турат, анын оозунан куйкалоочу от чыгат.

28Эки жүздүү адам чыр-чатак себет, ушакчы адам досторду ажыратат.

29Жакшылык ойлобогон адам өз жакынын бузуп, жаман жолго түртөт.

30Ал кыянаттык ойлоп табыш үчүн, көзүн жүлжүйтөт, эриндерин тиштеп, кыянаттык кылат.

31Даңктын таажысы – чындык жолунда жүргөн ак чач.

32Көпкө чыдаган адам эр жүрөк адамдан артык, өзүн кармай билген адам шаарды басып алган адамдан артык.

33Өкчөмө таш жерге ыргытылат, бирок анын бардык чечими Теңирден болот.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>