Накыл 17:1-28 KYB2004 - Bible AI

1Уруш-талаш кетпеген үйдөгү толо эттен тынч жашаган үйдөгү бир сындырым каткан нан артык.

2Акылдуу кул мырзасынын бузулган уулуна бийлик кылат, анын бир туугандары менен кошо мураска ээ болот.

3Эритүүчү меш күмүш үчүн, көрүктүн очогу алтын үчүн, ал эми жүрөктөрдү Теңир сынайт.

4Бузуку адам мыйзамсыздын сөзүн угат, алдамчы адам кыянатчы адамдын тилин алат.

5Жакырды тилдеген адам анын Жаратканына акарат келтирген болот. Бирөөнүн башына мүшкүл түшкөнүнө кубанган адам жазасыз калбайт.

6Карылардын таажысы – балдарынын балдары, балдардын даңкы – ата-энелери.

7Акылсыз адамга маанилүү сөз жарашпайт, атактуу адамга калп айткан жарашпайт.

8Пара – берчү киши үчүн асыл таш, ал каякка кайрылса да үлгүрөт.

9Айыпты жаап койгон адам сүйүү издейт, ал эми аны кайра эскерткен адам досун алыстатат.

10Акылсыз адамга жүз балак таасир эткенге караганда, акылдуу адамга сөгүш катуу таасир этет.

11Жаңжалчыл жамандык гана издейт, ошондуктан ага каршы ырайымсыз периште жөнөтүлөт.

12Акылсыз адамга кезиккиче, мамалактарынан ажыраган аюуга кезиккен жакшы.

13Жакшылыкка жамандык менен жооп берген адамдын үйүнөн жамандык кетпейт.

14Чатактын башталышы жарып кирген суудай. Чатакты күчөп кете электе токтот.

15Мыйзамсыз адамды актаган адам да, адил адамды каралаган адам да Теңирдин алдында жийиркеничтүү.

16Акылсыздын колундагы байлыктын баркы жок. Даанышмандыкка жетүүгө анын акылы жок.

17Дос ар дайым сүйөт, башыңа иш түшкөндө, ал бир тууганыңдай болуп келет.

18Кем акыл адам колун берип, өз жакынына кепилдикке өтөт.

19Чатакты жакшы көргөн адам күнөөнү жакшы көрөт. Дарбазасын бийик көтөргөн адам – жыгылууну издеген адам.

20Анткор жүрөк жакшылык көрбөйт, амалкөй тил кырсыкка кабылат.

21Акылсызды төрөгөн адам башына балаа үйдү, акылсыздын атасы да кубаныч көрбөйт.

22Шайыр жүрөк даба болчу дарыдай жакшы таасир берет, кайгылуу рух сөөктү кургатат.

23Акыйкаттыктын жолун бурмалаш үчүн, мыйзамсыз адам жең ичинен пара алат.

24Даанышмандык акылдуу адамдын көз алдында, ал эми акылсыздын көзү жердин түбүндө.

25Акылсыз уул – атасынын шору, энесинин кайгысы.

26Айыбы жокту айыптаган, чындык үчүн мырзаларды таяктаган жакшы эмес.

27Акылдуу адам токтоолук менен сүйлөйт, акыл-эстүү адам сабырдуу болот.

28Акылсыз адам унчукпай турганда акылдуу адам болуп көрүнүшү мүмкүн, ооз ачпаган адам акыл-эстүү адам болуп көрүнүшү мүмкүн.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>